КҮН САЙЫН 32 КЫЗДЫ ЗОРДОП АЛА КАЧЫШАТ

Акыйкатчынын институту кыздарды ала качуу көйгөйүн көтөрүп, конференция өткөрдү. «Өлкөдө жыл сайын 15-16 миң кызды ала качышат. Алардын төрттөн биринин тагдыры ажырашуу менен аяктайт. Андыктан республикалык деңгээлде 2012-жыл «Кыздарды ала качууга каршы күрөшүү жылы» деп жарыяланышын сунуштайм»,- деп акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.
Мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Чубак Ажы Жалилов: “Кызды уурдамак түгүл, мусулмандарда ат уурдагандын колун кесишкен. Эгер бул маселени чечүү менин колумдан келсе, кыз ала качкандарды өлүм жазасына тартмакмын”,- деди.
Мыйзам боюнча, кыз ала качкандар 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. Аялдарга көмөк көрсөтүү борборунун башчысы Айгүл Алымкулованын айтымында, 2010-жылы ала качуу боюнча 20 кылмыш иши козголуп, анын 8и гана жаза алган.
Маалымат үчүн: Кыргызстанда күнүнө 32 кыз күч менен ала качылат, анын алтоосу жыныстык кысымга кабылат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
OMG
2011-12-05 10:09:14
davno nado byla mliin
0
arlekino
2011-12-05 13:29:01
эми ала качканда бара калып жыныстык катнашка алып баргандар бул зоокурчулук, ала качып кыздын макулдугу менен ачуу базарга барып андан сон эне-атанын ачуусун таратып макул болгондон сон гана молдо никесин кыйып итп болгончо 3 кун отот по идеии...женелери келип кыз калоосу жок болсо алып кетишеи керек. А жон гана кыйноо жол м-н алган туура эмес.
0
engel
2011-12-06 03:37:34
oshondoi bolso kanaa rahmat, eki kol eki butum m-n koldoooim!!!
0
iamfirst
2011-12-07 09:16:19
Кыздар, ала качса отурбагыла!!! "Бир кирген босогодон кайра артка кайтпа", "Кемпирди аттаба", "Таш тушкон жеринде оор" деген создор болбогон создор. Жалгыз гана Аллахка ишенгиле. Ала качууга кабылсанар паникага алдырбагыла эч качан, ыйлабагыла. Эгер ыйласанар, паникага алдырсанар отуруп калдым дей бергиле. Ала качкандардын устунон коркпой эле арыз жазгыла. Кыргыздын жигиттерине кайрылат элем: "келгиле жигиттер чыныгы кызгыз мырзасы бололучу".
0
ALBIKA
2011-12-07 15:01:53
Кыздын бактысы биринчи барган жеринде калып калат деп айтышат.Бул чындык эмес канчалардын кетип калып экинчи барган жеринен агарып когоруп жакшына эле турмуш кургандар канча.Алып качуу бул ото жапайычылык го...
0
KIGAN88
2011-12-08 11:32:55
Ала качпай эле коюшса. Андан коро ошол кыздар менен жакшыыы суйлошуп анан нормальный эле уйлонушсо сонун болмок.
0
asel8680
2011-12-09 17:03:37
Негизи кыргыздардын салты, тили катуу, кыз отурбай жатса босогого нан же кемпир жата калат, буларды атап отсон тагдырын болбой калат деп, бул нерсе отто жаман нерсе, чыгып ата-энесинин торуно барса, ал жакта туган урук, кошуна-колондордон ушак айын бутпойт, басынтканды гана билет, ушундау нерселерди токтосо ар бир адам, журокторун оорутпай
0
№ 474, 2-8-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан