ОТУНБАЕВА ТУУЛГАН КҮНДҮК БЕЛЕГИН АЗИЗ БАЛДАРГА БЕРДИ

Роза Отунбаева туулган күнүндө ар кимден келип чогулган 473 миң сомдук акчалай белегин муктаж болгон балдарга тартуулоону чечти. Акчалай белек экс-президенттин сунушу менен жатак-мектептер үчүн ачылган атайын эсепке которулуп, Оштогу көзү начар көргөн жана азиз балдарга арналган китептерди сатып алууга жумшалды. “Туулган күндөргө кымбат баалуу гүлдөрдү беришет эмеспи. Бирок быйыл гүлдестенин ордуна анын акчасын берүүлөрүн сурандым. Мына ошол каражатка Оштогу көзү жакшы көрбөгөн балдардын жатак-мектептерине китеп сатып алдым”,- деди Роза айым. Жалпысынан 425 даана окуу китеби алынган. Алардын жарымы көзү начар көргөндөргө арналып, чоңойтулган шрифт менен жазылган. Ал эми калганы азиздерге ыңгайлаштырылып, кол менен окулуучу Брайлдын шрифтинен куралган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
OMG
2011-12-05 10:12:00
ushul aiymdy suiom da suiom! Molodes Roza eje =)
0
НурбеК
2011-12-05 10:44:14
Азаматсыз Роза эже , бул кырлганыныз улгу иш!
0
arlekino
2011-12-05 13:55:00
кантип сурады экен акчасын эле бергиле деп....
0
sambo
2011-12-05 15:32:09
arlekino, чындыгында мен сага кошулам кулкумуштуу ээ кантип сурады чын эле акчасын бергиле деп!Атамбаев канча сом берди экен кызык
0
HHFRU
2011-12-05 18:12:40
sambo, германияда мисалы,туулган кун откоргондо кээ бирлер чакыруу баракчасына жазып коюшат: "Белектин ордуна ХХХ банк номерине акча которгула,балдар уйуно жардам беребиз"-деп.кулкулуу деле эмес.
0
Adiko1992
2011-12-08 16:25:38
HHFRU, Биз Германия Же6тиш учун Отунбаева апчебизге окшош президенттен 10 шайлашыбыз керек андан сон Германияга атаандашсак болот!!
0
studentka
2011-12-09 12:11:21
Adiko1992,
Озубузду басынтканды качан токтотобуз билбейм?! Роза Отунбаева кээбир калпеле кресло кучактап отургандарга караганда мин эсе билимдуу жана акылдуу. Эл-жер коргон киши. Акчасын сураган кадимки эле корунуш. Биздин уй-булоодо деле андай моменттер болуп калат, коноктор да аны туура тушунушот.
Озубузду басынтканды жана акылсыз ой жугуртконду токтотолучу!!!
0
zulya
2011-12-06 02:07:12
sambo, хехе хе
0
RossiKG
2011-12-05 15:08:20
Роза Эже Чон Ыраазычылык Сизге, Син чын дилиниз менен Кыргыз Элин жакшы коросуз, Ийгилик каалайсыз Кыргызстанга! Ошол бойдон кала бериниз! Рахмат!
0
Zarina.S.1998
2011-12-05 15:53:31
чыныгы элин-жерин суйгон адамдар ушундай болушу керек!!!!аны коргондор улгу алышып окмоттон жегиче чонтогунон кошуп пайда келтиришер эми атка минерлер кана кимин кандай жакшылык кылууга даярсынар???Роза эжеге мин мертебе рахмат!!!
0
Kyrgyz_jigit
2011-12-05 21:16:29
Баракелдииии!!!!Мына сага КЫРГЫЗСТАНГА КУТ келетат!!!
0
bopos
2011-12-06 22:44:17
азаматсыз эжеке сиздей кишилер кобойо берсе экен.чын эле биздин эркек президенттер сизден улгу алыша жакшы болмок.
0
elinur87
2011-12-07 05:21:08
Roza ayimga alkysh!
0
akylbekkg
2011-12-07 09:11:36
Ой койгулачы мактабай! Ал акчаларды кайра эле элдин эсебинен эки эселеп толуктап койот!
0
studentka
2011-12-09 12:04:36
akylbekkg,
Четте карап отуруп эле суйлоп коюуу оной. Мактай турган эле жумуш жасаптыр, анын эмнеси бар экен? Башка аткаминерлерден айрымаланып "жесе" да элди кошо ойлоп атат. Мен эмне болгондо да Роза Исаковнаны сыйлайм! Татыктуу милдетин аткара алды деп ойлойм. Эркектер туралбаган созуно аял башы менен Роза Исаковна турду. Мына эми дайыма сый устундо журот.
+1
baibolot71
2011-12-10 14:22:55
Ой тобоо,апчем 4,5 мл сом берип мен бердим деп мактанып айтса болмок.473 мин сом эл берген акчаны мен бердим дебей. Биз Кыргыз качан коро албастыкты токтотобуз?:-(
0
№ 474, 2-8-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан