Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаевдин катышуусу менен болгон жол кырсыгында чырактай үч жаш адамдын каза тапканы тууралуу жазганбыз. Соңунда сот залында шаар башчынын кара чечекей баласы эч кандай жоопко тартылбай тургандыгы кабарланган. Күнөөлүү деп табылган Азаматка каршы соттук кылмыш иши жабыркаган тарап доо арызын кайрып алган соң токтотулган болчу.
Ал эми Иса Өмүркулов кырсык жөнүндө ооз ачпай, журналисттерден жаа бою качып келген эле.
Уулуна карата кылмыш иши жабылган соң, Роза
Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев мэрди такалашыптыр деп уккан элек. Ушул чынбы
айтор мэр өзү журналистерге маалымат берүүгө шашып, билдирүү таратты. Шаар башчы: “Өлкөдөгү Баш мыйзам жеке кызыкчылыктардан жогору турат жана Азамат жасаган иши үчүн өзү жооп бериши керек. Мен бул ишти кайра карап чыгуу үчүн сотко кайрылам. Балам жоопко тартылат”,- деди. Азаматтын 30 жашта болуп, 4 баланын атасы экендиги аны жоопкерчиликтен бошотпосун да баса белгиледи.