Алмазбек Атамбаев: «БИЗ ЭЧ КАЧАН КУЛ БОЛБОЙБУЗ!»
Алмазбек Атамбаев кыштын биринчи күнүндө президенттик кызматка киришти. Кыш деген эле аты болбосо, Бишкек шаары жаздын күнүндөй жылуулукка бөлөнүп, күн чайыттай ачылып турду.
01.12.2011.
Бул дата өлкөнүн тарыхында дагы бир маанилүү күн катары эсте калат. 0, 1, 2 сандарынан турган жогорудагы датаны нумерологдор «жаңы жышаандын белгиси» деп чыгышты. Анткени булар сандардын сап башында турат. Эгерде бул датадагы сандарды кошсок, жыйынтыгы 8 болот. Нумерологияда 8 – чексиздиктин белгиси.
Бул күнү кар жаабай, шамал болбой, күндүн чайыттай ачылышын табигый кубулуштарга ишенген адамдар жакшылыктын жышааны катары жылуу кабыл алышты.
БОЛОТ ЭКЕН ГО...
Бир президент экинчиси менен ээрчише чыгып, жеңиши менен куттуктап, өз колу менен бийликти өткөрүп, анан сахнадан чогуу түшкөндөрүн көрүп отуруп, “ушинтсе болот экен го...” деген ой кылт этти. 20 жылдан бери мындайды көрбөгөн жаныбызга бул салтанат чоочундай сезилди. Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен биринчи болуп ишке ашырганыбыз бизге сыймыктануу жаратты. Антпесе, коңшу лидерлердин дале тагын бекем кармап отурушканына күбөбүз.
“КЫРГЫЗ ТИЛИ БАЛА БАКЧАДА...”
Алмазбек Атамбаевдин президент катары элине болгон биринчи сөзү көпкө созулбады. Баш-аягы 10 мүнөттүк кайрылуусунда ток этер учурларга токтолуп, анда «ар бир жаран өз өлкөсүндө жумуш менен камсыз болушу керек», «кыргыз тилди бала бакчадан, башталгыч класстардан тарта үйрөтө баштайбыз», «паспортко «улуту» дегендин ордуна «кыргызстандык» деп жазуу зарыл» деп белгиледи.
Президенттин “биз эч качан кул болбойбуз!” деп кайра-кайра басым менен айтканы алкыштар менен кабыл алынганын эң бир урунттуу учур катары белгилөөгө болот.
ОТУНБАЕВА КЕЧИРИМ СУРАДЫ
Роза Отунбаева өлкө башчылык кызматынан кетерде Жогорку Кеңеште депутаттардын алдында өзүнүн акыркы сөзү менен кайрылды. Мында белгилөөчү жагдай – экс-президенттин кан төгүүлөр үчүн кечирим сурагандыгы.
Роза айымдын бийлигинин оң-терс жактарын тарых өзү да тастыктайт. Азырынча ТИМдин дипломатиялык академиясы Отунбаеваны Нобелдин Тынчтык сыйлыгына көрсөтүү демилгесин көтөрүп чыкты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Акжолтой ПРЕЗИДЕНТ болсо экен!! ОООмииинн!!!
Kudai buiursa Almazbek Atambaev kyrgyzstandy aldynky katardagy mamleketterge koshot degen 4on ümütübüs bar alga KYRGYZSTAN kudai özü jardam bersin
Барынарга кошулам. Ыймандуу, ынсаптуу болсо экен. Мурда ант бергенде "элимдин алдында" эле деп ант берушчу эле, мында "Кудайдын жана элимдин алдында" дешти, ушунун отосуно чыгып Кудайдан коркуп элине берген антын актаса экен. Ишеним бар...
Инаугурация күнү күн дагы тегиз нурун чачып турдуго Кыргызстанга! Демек, буюрса өнүгүү жолундабыз.
ооба чын эле алдынкы олколорго кошулсак экен.Атамбаев уят кылбай жакшы иштеп калса болду,башкаларга окшоп алчусун алып качып кетпей.кыргызыма ынтымак берсин кудайым.
Атамбаевдин паспортко озгортуу киргизе турган жери жакпады бул деген озбектерге жакындагандык пасаортту Кргызстандан бергенден кийин Кыргызстандык болот да зачем кереги бар улуту дегенди алып салып бизде ким коп озбек жетимдер коп баары еле акчага паспорт сатып алып кыргызстандык болуп кетпейби мындайда Атамбаев башка улуттун кобойушуно шарт тузуп койот.И ошондо дагы башталат Ошту талашмай уй талашмай.
иииииййй дагы бир бору келди да койдой жооош момун элибизди биро толо жеп жаткызып туштукту озбекстанга тундукту казакстанга озу Путиндин колтугуна кирип кетет и все!!!
Акайчик Бакийчиктерге караганда бир топ жакшы иштерди жасаган жана дагы жасай алат. Кудай омур берсин.
Atambaev jonundo bilbeim,birok Atambaev bul prezident,uiunordo olturup alyp ele kaalagan sozunordu jaza beruu bul tuura emes..
Adamda kichine uiat degen bolush kk da e...
oz olkosunu bashkargan adamdy ozunun inichegindei tildep,maskaraloo menin oiumcha tuura emes.
ATAMBAEV kandai bolso da KYRGYZSTANdyn prezidenti,aga siy,urmat kilishibiz kk dep oiloim...
«БИЗ ЭЧ КАЧАН КУЛ БОЛБОЙБУЗ!»,ошентип Акаев Бакиев деген адамдар да айткан эле бирок айтканы болбой калды дагы канча ошентип айтат экенсинер.Москвага келип ошентип Медведев менен Путинге айтып корбойсунбу элге айтып кулагына лапша илбей
...эгер КУЛ БОЛБОЙБУУУЗ! дебей койсо.., эмне анда кул болуп калабызбы???
Аранардан бироонор Кудайдан болуп Президент болуп калсанарда биздин эл эч качан кул болбойт достор! Дагы чуркап барып кубалап каарман болбой, ак уйго барууну токтотуп, талаага чыгып мандай тер токпосонда, жок дегенде бир туугандарыбыз менен мамилени ондошубуз керек эмес бекен? Эртен эле коз ачып жумганча 70-80 жащка барып жердин тубундо жатып уктай беребиз. Биринчи орунда жалкоолукту таштайлы.
Паспортто улуту деген албетте болуш керек Россияда бангизат менен кармалган озбектер коп учурайт алар биздин Кыргызстандын жарандары Кыргызстандык десек кыргыздар кылмыш жасаган болуп калбайбы.Ушул президент терен ойлонуп иш жасайт бекен эгер патриот болсо мекен учун.
даа мен Николайды колдойм,туура айтат эгер антип улут дегендин ордуна Кыргызстандык деп озгортсо анда сасыган Узбектерге кудай берип калат итак эле биздин кыргыз жарандыгын алышып, чет мамлекете талап тоноо,уурулук,нарко бизнес менен кармалгандын баары ошолор,менимче андай кылса жанылышат
Кул болбойбуз,бирок коз каранды болуп калышыбыз мумкун.Алдагы Москвага азыраак катташ керек.Чек араны кош колдоп тапшырсак,алардын айтканынан чыкпай келет биздин саясатчылар.Саясатда туболукдуу дос болбойт Россия деп туруп албай башка олколор менен да жакшы карым-катнашта болушубуз керек.