Мындан төрт жыл мурун Ноокат районунда дарыгерлердин шалаакылыгы менен 41 ымыркай ВИЧ инфекциясын жуктуруп алышкан эле. Бул окуя коомчулукту бир дүрбөтүп, элдин дарыгерлерге болгон ишеними басаңдай түшүп, көпчүлүктүн эсинен акырындап унутулуп бараткан.
ВИЧ-СПИД ДЕГЕН ЭМНЕ?
ВИЧ – адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу. Изилдөөлөргө таянсак, илдет Борбордук Африка өлкөлөрүндө пайда болгон. Америкалык изилдөөчү Б.Корбеттин тыянагы боюнча, ВИЧ биринчи жолу 20-кылымдын 30-жылдарында маймылдан адамга кан аркылуу жуккан. Бул вирус адамдын организмине киргенден кийин, акырындык менен иммундук системанын функцияларын өлтүрө баштайт. Бирок вирусту алып жүргөн адам бир топ жыл соо адамдай эле жашай алат. 15 жылга чейин канда сакталышы ыктымал. Кыргызстанда биринчи болуп ВИЧ илдетин жуктурган адам 1996-жылы катталган.
СПИД – адамдын иммундук жетишсиздик синдромунун кабылдап кетиши. Ал ВИЧ инфекциясынын акыркы стадиясы болуп саналат. Бул синдром бактерия эмес, ошондуктан аны бир да антибиотик өлтүрө албайт. Такыр иммунитет жок калгандыктан, СПИД менен ооруган адам бир эле учурда дарттын бир нече түрү менен жабыркап калышы мүмкүн. Ушул күнгө чейин СПИДди айыктыруунун жолу табыла элек.
КҮНӨӨЛҮҮЛӨР ЖАЗА АЛЫШКАН ЭМЕС
Алгач маалымат жыйындарын өткөрүп, митингге чыгарын эскертип келген энелер ноябрь айы ортолоп калган кезде Ош облустук ооруканасынын алдында митинг өткөрүшкөн. Алар «2007-жылы Ноокат ооруканасында жаш ымыркайларга ВИЧ илдетин жуктурган» деп күнөөлөнүп, бирок ушул күнгө чейин жаза албаган дарыгерлердин жоопко тартылышы керектигин талап кылышкан.
Белгилүү болгондой, мындай коркунучтуу дарт Ноокат ооруканасында бир гана жолу колдонулуучу шприцтердин кайра-кайра сайылышы жана айрым санитардык талаптардын туура сакталбаганы аркылуу жуккан. Күнөөлүү деп табылып, 3 дарыгер 4-5 жылга эркинен ажыратылып, ондон ашык дарыгерге «убактылуу өз кесиби боюнча иштей албайт» деген чечим чыккан.Бирок энелер күнөөлүү дарыгерлердин көпчүлүгү өз жазасын албаганын, ал тургай кызматтарынан көтөрүлүп, азыр да иштеп жатканын айтышат.
АЖЫРАШКАН ҮЙ-БҮЛӨЛӨР, ӨЧКӨН ҮМҮТ...
Митингчилердин изи кургабаган Жогорку Кеңештин алдына ноябрдын орто ченинде бала жетелеген 12 аял нааразычылык айтып чыгышкан. “И-и, мунун баласы СПИД турбайбы” деген суук сөз кимге эле жаксын? Кара түстүү кийим кийип, жүздөрүн чүмбөттөп алып турган алар өкмөттөн бекер үй, балдары үчүн алган жөлөк пулду көбөйтүү жана күнөөлүү врачтардын тез арада соттолушун талап кылышты. «Ушул күнгө чейин «дарыгерлердин айынан ВИЧ илдетин жуктуруп алды» деп Саламаттыкты сактоо министрлигинин бир дагы кызматкери же башчысы кечирим сурап койгон жок. «Бетибизди көрсөтпөйлү» деп чүмбөттөнүп чыгууга мажбурлаган өкмөткө уят!»- дешет ата-энелер.
Атын айткысы келбеген энелердин бирине байланыштык. «Ооруп жатам» деген ал: «Эмнени, баламдын өлүп баратканын айтайынбы?! Же баламдын айынан өзүмдүн өлүп баратканымды айтайынбы?!»- деди.
Бул жалгыз эле маселе эмес. «ВИЧ жуктуруп алган жаш балдарды бала бакча, мектепке берүүнүн өзү чоң азап»,- дешет энелер. Анткени башка балдарга жуктуруп алуу коркунучунан улам аларды кабыл алуудан баш тартып келишет. Анын үстүнө ВИЧ илдетине чалдыккан балдардын айынан үй-бүлөлөр урап, тууган-туушкандардын арасында түшүнбөстүктөр көбөйгөнү маалым. Энелердин дагы биринин айтымында, учурда 18 үй-бүлө ажырашууда. «Ар бир эле адамда «балам чоңойгондо колунан чай ичем» деген үмүт болот. Бирок биз андай үмүт жок жашап жатабыз»,- дешет.
САНДАР ДАГЫ ЭЛЕ ӨСҮҮДӨ
Баарынан да адамзаты үчүн эң оор болгон бул илдетти жуктуруп алган балдардын саны дагы эле уланып жаткандыгы өкүнүчтүү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2011-жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы менен катталган 3 миң 789 адам болсо, алардын 283ү балдар. Алардын ичинен 183 балага аты жаман бул илдет ооруканадан жуктурулган.
Ошентип, өмүр сакчыларынын кетирген катачылыгынан жана шалаакылыгынан улам минтип кымындай балдардын жашоосу арманга айланды. Ээн-эркин ойной албай, өйдө-төмөн сөздөр алардын үй-бүлөлөрүнө да өз таасирин тийгизүүдө. Ал эми Республикалык СПИД борборунун директору Жылдыз Курманалиеванын айтымында, Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы менен каттоодон өткөн 361 кош бойлуу аял бар.
ДЕПУТАТТАР ЖООП УЗАТТЫ
«Өз талаптарыбыз аткарылмайынча кетпейбиз» деген энелерди 17-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков кабыл алып, арыз-муңдарын уккан. Көп өтпөй атайын жыйында талкуулаган депутаттар өткөн аптанын аягында ВИЧ жуктуруп алган балдарга жардам көрсөтүү боюнча токтом кабыл алышты. Ал токтомдо 3 миң сомдук жөлөк пулду 10 миң сомго көтөрүү, турак жайга муктаж үй-бүлөлөргө батир бөлүп берүү, Башкы прокуратурага 2007-жылы ВИЧ инфекция окуясы боюнча козголгон кылмыш иштерин кайра карап чыгуу тапшырмасы берилди. Балдардын энелерине компенсация төлөп берүү сунушу да айтылды.
Ошентип, дагы бир токтом кабыл алынды дейли. Эртеби, кечпи, бул токтом ишке ашса, энелердин тилеги болгон үй, жөлөк пул сыяктуу маселеси да чечилер. Бирок канында айыккыс дарттын вирусу айланган балдардын көрөр күнү табышмак бойдон калып жатат.
ДАРЫГЕРЛЕР ДА МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ
Даттануубу же актануубу, айтор, 29-ноябрь күнү Оштун дарыгерлери жабыла митингге чыгышты. Алар ВИЧ маселеси боюнча өткөн Жогорку Кеңештин отурумуна нааразычылык билдирип, «врачтарга карата айтылып жаткан далилсиз сындар токтотулсун, ВИЧ жуктурууга дарыгерлер күнөөлүү же күнөөсүз экенин эл аралык эксперттер иликтесин жана мындай илдеттин алдын алуу боюнча көп тармактуу аракеттер жүргүзүлсүн» деген талаптарды коюп, «аткарылбаса мөөнөтсүз иш таштоого барабыз» дешүүдө.
ЭГЕРДЕ ВРАЧТАР БАЛАҢЫЗГА ШАЛААКЫЛЫК
МЕНЕН ВИЧ-СПИД ИЛДЕТИН ЖУКТУРУП КОЙСО,
КАНДАЙ ЧАРА КОЛДОНМОКСУЗ?
Кыдырма Сүйрүев,
жумушчу:
– Кудай сактасын. Эгер андай болгон болсо, күнөөлүү врачты Саламаттыкты сактоо министрлигине жетелеп келмекмин. Өзүнүн шалаакылыгы менен бойтойгон баланы майып кылса, кайсы ата-эне карап турсун?! Андай дарыгерди өмүр бою абакка кесиш керек.
Гүлай Омуркулова,
массаж адиси:
– Сотко кайрылуудан башка чара деле колдонмок эмесмин. Дарыгердин жасаган ишин териштирип, күнөөлүү болуп чыкса, анда түрмөдө отуруп жаза тартмак. Ошондуктан соттун акыйкат чечим чыгарышын талап кылмакмын.
Мурат Алмазбеков,
аскер кызматкери:
– Мен ошол замат күнөөлүү адамдарга жолугуп, бетме-бет сүйлөшөт болчумун. Ал деле адам да. Окуя кандайча болгонун өз оозунан уккандан кийин гана чара көрүүнүн жолдорун ойлонот элем. Бирок сөзсүз жазаланат болчу.
Жылдыз Качкынбекова,
үй кожойкеси:
– Андай кырдаалда ата-энелердин колунан эч нерсе келбейт деп ойлойм. Арыз жазып, анын жоопко тартылышын каалаган күндө деле алар акча же тааныш аркылуу ишти жаптырып коёт. Мен деле Кудайга койдум деп кала бермекмин да.
Шайлоо Жуматаев,
пенсионер:
– Эгер чын эле шалаакылык менен жуктуруп койгон болсо, дарыгердин сот аркылуу жаза алышын талап кылмакмын. Бирок азыр аларга да кыйын. Эми гана көңүл бурулуп, айлыктары көтөрүлүп жатат. Аларга шарт түзүп берсе, мындай нерселер өзүнөн-өзү жок болмок.
Гүлнура Жаркынбаева,
тарбиячы:
– Дарыгерди дароо дипломунан жана ишинен ажыратууну талап кылмакмын жана сотко берет элем. Колу менен кылганын моюну менен тартышы керек. Каныңдан жаралган балаңа тең келер нерсе барбы өзү?! Кудай сактасын андайдан.
Тимур Алыбаев,
студент:
– Мыйзамдагы жазаларды колдонмокмун. Дарыгерлердин ишине байланыштуу мыйзамдар менен сотко кайрылат болчумун. Сот гана алардын ишинин жыйынтыгына жараша өз «энчисин» бермек.
Автандил Добулбеков
koom@super.kg