ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАСМАЛАРЫ

4-декабрь күнү “Кыргыз киносу” кинотеатрында “Жылдын супер киносу” наамына талапкер “Бишкек, мен сени сүйөм”, “Аят-2” жана “Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыкса болот?” тасмалары калыстар тобунун сынына коюлду.

“Жылдын супер тасмасы” деген наамга көрсөтүлүп жаткан соң режиссёрлордун баары “меники жеңсе” деп тызылдайт эмеспи. Бул тынчсыздануу жогорку үч тасманын режиссёрлорунда да болуп жаткандыгында шек жок. Канткен күндө да алар азыр “калыстар туура чечим кылат” деп ишенип жатышкан мезгил.
www.super.kg сайтыбыздын колдонуучуларынын добушу менен жогоруда аты аталган үч тасма алдыга чыккан. Эми арасынан эң мыктысын тандоо калыстардын гана колунда.
Баарынан кызыгы, алдыга чыккан тасмалардын режиссёрлорунун үчөө тең алгачкы дебюттук тасмалары менен 7 кинону артта калтырып, алдыга озгонунда. Үчөөнүн алгачкы кадамы болсо да кызыгуу жарата алганы алардын элге жаккан туура тематика тандагандыгынан кабар берет.
Чындыгында, калыстар айткандай, ар бир фильмдин өзгөчөлүгү бар. Мисалы, "Аят-2" тасмасы Куранга кайрылып, андагы насааттарды жайылтып, тарбияласа, "Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыкса болот?" тасмасында өчпөгөн сүйүү, анын ичинде кыргыз калкын, мекенди сүйүү даңазаланат. Ал эми "Бишкек, мен сени сүйөм" фильми болсо Бишкектеги түркүн турмушту чагылдырып, баарыбыз сүйгөн баш калаабыздагы оң жана терс көрүнүштөрдү ачык баяндайт.
Бул күнү тасмаларды калыстар жөн гана көрүп тим болбостон, кызыктырган суроолоруна режиссёрлордун өздөрүнөн жооп алышты. Алар үч кинонун кимисине мыкты баа беришкенин 12-13-декабрда Спорт Ордосунда өтүүчү концертте билебиз.

Гүлжамал Бөрүкулова
kino@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
iamfirst
2011-12-16 17:00:59
Аят 2
0
№ 475, 9-15-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан