КОРЕЙГЕ ТИЙГЕН КЫЗДАРДЫН БАКТЫЛУУЛАРЫ ДА БАР
Эсиңиздерде болсо, гезитибиздин №458-санында “Корея! Азгырыкпы же жыргал турмуштун дарбазасыбы?” деген аталышта Кореяга кеткен кыздардын турмушу тууралуу макала жарыяланып, кызуу талкуу жараткан. Айрым замандаштар жумурткадан кыр издегенге маш эмеспи. Жакында эле редакциябызга Альвина Өмүрзакова деген кыз келип, өзүнүн жагдайы тууралуу айтып берди.
Аталган макаладагы өз турмуш жайын айтып берген Айпери деген кызды Альвина менен алмаштырып, “сен экенсиң” деген сөздөр менен кайрылып жатышыптыр. Анда Айпери аттуу каарманыбыз ал жактан бактысын таппай, жолу болбой келгени тууралуу жазылган эле. Мындай окуялар, окшоштуктар көп болгондуктан, Кореяга барып келген кыздардын баарынан шектене бергенибиз туура эмес болор деген ниетте биз бул тууралуу жазууну туура көрдүк.
Макаладагы кызга окшоштуруп жатышкан Альвина Өмүрзакова өзүндөгү ыңгайсыздыкты түшүндүрүп берди. Өз кезегинде биз окурмандарыбызга ал макаладагы жарык көргөн кыз ал эмес экенин, Каракол шаарынын тургуну болгон Альвина аттуу кызга тиешеси жок экенин дагы бир жолу тактап, баса белгилеп айтып кетмекчибиз. Туура, көпчүлүк мекендештер сыяктуу Альвина да Кореяга барып иштеп, жашап жатат. Учурда учурашууга Кыргызстанга келген.
Альвина өз сөзүндө: “Ал жакта деле турмуш да. Мамилелери келишпей калгандары бар. Келишип, кыргыз жигиттеринен таппаган сыйды, сүйүүнү ошол жактан тапкандары да жок эмес. Корейлер жупуну, түшүнүктүү, элпек келишет. Бирок кыргыз кыздары кээде өз чегин билбей кеткенде акырын колунан жетелеп чыгарып койгон учурлар да кездешет”,- дейт.
Не демекчибиз, кайда болсо да, кыргыздын кыздары өз бактыларын таап жашап кетишин гана каалайбыз.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (84)
Ар кимдин озунон да,корейби кыргызбы урушкандары да бар!бактылуу болуп жашап жатканы да бар да!
urmattuu el jurt..Kyzdar,Jana kyrgyzymdyn jigitteri kaisy ulutka tiysener je uilonsonor da ozunor bilgile birok suranych buga cheinkiler emi bolor ish boldu Emi bashkabyz kimge uilonboilu ,kimge tiyibeili ,TOL"KO ajyrashbai jashaganga araket kylalychy,,,abiyirdi saktap jakshynakai jashap jatkan uibulolordu buzbaily ..
bul jaktyn jawoosu abydan ele jaman tigenin tip alyp bul jaktagy posolgo jardam surawyp juruwot 4ala bolot owol tigen kyzdarga kyrgyzdyn kymyz jyttuu baldary bargo kudaiga wugur.
bolsun85, emne dep ele jazyp koygonsun, takyr tushunbodum. Utur, tochkasy barby degi?
bolsun85кымыз жыттынып жургон балдарга кыргыздын кыздары зар болгудай эле болдуго.... Ичкендери арак, чеккендерин айтууга оозда барбайт. Ар бир адам бактылуу болгусу келет, бул акыбал кыргыздын кыздарынын кана акыбалы эмес, биздин жигтттердин акыбалы деп ойлойм... Ошол тийип жаткан кыздардын баары жетим болбосо керек, атасы, агасы, иниси жок дегенде эркек КЫРГЫЗ тууганы бар да ,.... алар не тыйып койушпайт!?...Бактылуу болгула!!!
Мейли кийин окунушуп калбаса эле болду алар жыргатпайт гоо
Bizdin erkekter jakshy okup, bilim alyp,madaniyattu bolup, kyzdardy siylap tursa alardan kim kachat? Kyzdarga dal ushunday baldar kerek, uy-bulosun oylogon, ata-enesin siylagan, kattuu soz aytip ayalinin konulun kaltyrbagan. Erkekter, baardyk ele kyzdardy kunooloy berbey, ozunordon birinchi bashtabaysinarby? Bilim aluuga mumkunchuluk jok bolso da, kitep okup, akyl-esti osturup degendey.
Juliana, Сен озунчо умная окшойсун.Кыргыздардын балдарын баарын эле билими жок сабатсыз кылып койдунго.Абайлап суйлоп журсон.Сен да ошо Кыргыз эместерге кызыккандардын бири болот окшойсун.Точно эле ошондой экенсин
Башка улуттарга тийген кыздардын иши журушпой калсын ылайым.Оомиийн)))
ар бир адам жанындагы бакытын корбой башка жактан издейт экен............
эх кыргыздын кыздары намыс деген силерде калбаптыр,кыргызстанда кичине кыйынчылык болсо эле акча учун кызыгып жакшы турмушту башка улуттан издейсинерби?!биз кыргыз эли силерге аябай наразыбыз!!!
it uro beret,kerben juro beret.suiloisunorkolunardan bok kelbeit.bazarda jalan ayaldar oturat,erkekter sogunup,sasyp tameki chegip,ar kimdi aldawyp...koroche uujas,fuuu.
хе хе бактылуулары да бар деп.. суйунуп коюшканын
бул учун биз куйунушубуз керек
мактанып коюшат адамдын нервин кайнатып сучкалар
jhanibek,башка улутка уйлонуп алган кыргыз жигит соройлорчу кандекпи
emil.kyzyk.biroono teskeri bata bergen.Biroonyn olymyn tilegenden koro oz omyryndy tile degen kep bar.ar bir nerse kudaiymdyn peschenege jazgany
кыздар ойлонгула тажик азерлер менен жургонду токтоткула кыргыз деген атынды 500руб сатба