Үч бала төрөп берген аялынын далысына күйөөсү бычак сайып, тирүүлөй өрттөп жиберген. Ыйык деген жанды – аялын өлтүрүп, атүгүл өрттөп жибере тургандай анын кай күнөөсү болгон? Мындай окуя бир нече ай мурун Каракол шаарында болуп өткөн.
ӨРТТӨНҮП ЖАТКАН АЯЛЫН КҮЛҮП КАРАП ТУРУПТУР
Окуя түйүнү тээ мурунку жылдарга барып такалат экен. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылынын жашоочусу Самат Райымбеков келинчеги Марина Султанованы ала качып алган. Алар 8 жыл жашоонун ачуу-таттуусун бөлүшүп жашап келишкен. Ал ортодо 2 эркек, 1 кыздуу болушат. Улуусу 7 жашка чыгып, быйыл 1-класска барса, ал эми кичүүсү 3 жашта.
Ошол каргашалуу күнү Самат өкүл энесинин кичинесинен бери чогуу дос болуп чоңойгон баласы экөө бир бөтөлкө арак алып келип ичишет. Анан кайсы кара теке сүздү ким билсин, адаттагыдай аялын досунан кызганып, чыр чыгарат. Келинчегин уруп-сабап, сабаганы аз көрүнгөнбү, айтор, кызыл камчы күйөө бензин алып келип аялынын үстүнө жаба куюп, өрт коюп жиберген. Көз ирмемдик убакытта эмне болуп кеткенин аңдабай калган аялы үстүндөгү өрттү өчүрүүгө далбастайт.
Балдарынын айтымында, Самат Маринаны өрттөп жиберип, ал чебелектеп өрттү өчүрө албай жатканда каткырып карап жанында турган экен. Эшикти жаап, сыртка чыкканга да мүмкүнчүлүк берген эмес. Үйдүн ичи өрттөнүп баштаганда гана өрттү өчүрүүгө киришет. Ошондон пайдаланган Марина сыртка качып чыгууга үлгүрөт. Көк чөпкө жата калып оонап, өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатканда улуу баласы “арыктагы сууга жат” деп кыйкырыптыр. Ал арыктагы сууну тосуп көлмө кылып, сууга түшүп ойночу экен. Марина арыктагы сууга жата калып, үстүндөгү өрттү өчүргөн. Бирок жалбырттаган жалын анын денесинин көп бөлүгүн жалмап кеткен.
Оор абалда Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилип, денесинин 75 пайызы күйгөндүгү аныкталган. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн облустук жана Бишкектен келген дарыгерлер болгон күчүн жумшашкан, бирок натыйжа чыккан эмес. Өмүр менен өлүмдүн ортосунда 13 күн кармашып, 26 жашында Маринаны шум ажал алып кетти.
СОТТУН ЧЕЧИМИ ЧЫКТЫ
Экөөнүн кезектеги жаңжалына үч баласынан башка эч ким күбө болбогон экен. Балким, жанында бирөө-жарым болгондо күйөөсүнүн мындай мыкаачылыгына жол берилбейт беле. Күйөөсү тууралуу сөз кыла турган болсок, Самат Райымбековдун атасы ал 6 жашка чыкканда каза болуп калган. Ал эми апасы Саматты жана анын карындашын күйөөсүнүн туугандарына таштап кетип, алар аталаш агасынын колунда чоңоюшкан. Жетим чоңойгон кандай экенин унутуп калганбы, эми өзүнүн балдарын да жетим калтырды.
Бул кылмыш боюнча Түп РИИБинде кылмыш иши козголуп, райондук сотко өткөрүп беришкен. Саматтын кылмышы далилденип, Түп райондук соту күнөөлүү деп таап, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. Райымбеков сотто жазасын жеңилдетүүнү өтүнгөн. Ал аялын өлтүрөйүн деген ою болбогонун, кокустук болгонун айткан. Ал эми 1-декабрда облустук сот анын мурда соттолбогонун, үч баласы үч жакта калганын эске алуу менен жазаны жеңилдетип, 20 жылга эркинен ажыратты.
“БАЛДАРЫН КАРАБАЙ, ТООКТОРУН АЛЫП КЕТИШИПТИР”
Маринанын бир тууган агасы Нурлан Султановдун айтуусунда, күйөө баласы Самат буга чейин эч жерде иштебей, үй-бүлөсүн жакшы карачу эмес. Маринаны мурда деле сабап жүрчү. Туугандары Маринага “ажырашып кет” дешсе, көнбөй койгон экен. Өзү да энесинен эрте ажырап, жетимдиктин азабын тарткандыктан, балдарын атасыз калтыргысы келбей, бардык кыйынчылыктарга чыдаган көрүнбөйбү.
Маринанын агасы Нурлан төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Марина эгиздин түгөйү, 26 гана жашта эле. Самат экөөнүн үйлөнгөнүнө 8 жыл болгон. Күйөөсүнүн кызыл камчы экенин билип, ажыраштырып коёлу десек болбой койгон.
Ошол күнү Самат өкүл энесинин уулу экөө чогуу арак ичишиптир. Анан андан кызганып, жаңжал чыгарыптыр. Карындашымды өрттөп жиберерден мурун далысына төрт-беш жолу бычак сайыптыр, биз да шашкалактап жүрүп анысын соттук-медэкспертизадан өткөртпөй калыптырбыз. Ошондуктан ал тергөө учурунда кылмыш ишине кошулбай калган.
Карындашымды сактай албай калдык. Денеси ысып-күйүп турса да, акыл-эсин жоготкон жок. Дарыгерлер менен сүйлөшсөк, Бишкекке алып барып дарылатууга 2000 доллар кетерин айтышты. Бир уюмду сатып, акча жетпей жатканда күйөөсүнүн туугандарынан сурасам, эч кандай жардам бербей коюшту. Ал гана эмес, артында калган балдарын карабай, короосундагы тоокторунан бери алып кетишиптир. Ошентип, карындашым он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе, 13-июль күнү бул жарык дүйнө менен кош айтышты. Маринанын сөөгүн өзү туулуп-өскөн үйүнөн чыгардык. Саматтын туугандарынын эч кимиси басып келген жок, анын достору жана кошуналары гана келишти.
Райондук сот өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарган эле, облустук сот 20 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн кыскартып койду. Азыр ойлонуп жатабыз, Жогорку Сотко кайрылсакпы же кайрылбай эле койсокпу деп. Балдарынын бирин мен, бирин иним, бирин эжем багып алдык. Самат Маринаны сабап жатканда балдары аябай коркуп калышыптыр. Улуусу ошондо стресске кабылыптыр, бул боюнча дарыгердин бүтүмү да бар. Азыркыга чейин өзүнө келе албай жүрөт.
Жөнү жок кызганычтын айынан кичинекей мамлекет аталган үй-бүлөнү талкалаган Самат Райымбеков өз жазасын алды. Бирок балдарынын жүрөгүнө кеткис так калтырып, жетим калтырганын сезип жатты бекен?
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg