Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевге
президенттик бийликти өткөрүп жатып, КМШнын
тактан түшпөс ажолоруна мунун эч кандай трагедия
эмес экендигин көрсөттү. Башкаларга үлгү болду.
Бул апта КМШнын алкагы маанилүү жаңылыктарга бай болду. Орусиянын авторитардык лидерлерине барган сайын абалды көзөмөлдөө кыйынга турууда. 4-декабрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил “Бирдиктүү Орусия” буга чейинкиге салыштырмалуу аз орунга ээ болду. Ага карабай шайлоо жыйынтыктарына нааразы болгондордун арызы күч, Москва менен Санкт-Петербург шаарларында каршылык көрсөтүү жүрүштөрү өтүп жатат. "Орусиянын борборуна ички армиянын аскерлери киргизилди" деген маалымат да тарады.
Өзбекстандын парламенти президенттин жети жылдык мөөнөтүн беш жылга чейин кыскартты. Муну көпчүлүк "Ислам Каримов бийлигин жакын арада ишеничтүү адамдарынын бирине өткөрүп берерине байланыштуу" дешүүдө.
Казакстанда "өкмөт башчылыкка Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев келиши мүмкүн" деген маалымат ачык эле айтыла баштады. Парламенттик шайлоого чейин элдин кулагы көнө берсин деп жатышат өңдүү.
Биздин мамлекет болсо, ушул сыяктуу окуяларды башынан өткөрүп, айрымдарынын алдын алып, бийликти революция жолу менен алмаштырып, кайрадан стабилдүүлүккө жетишти. "Кыргызстандагы реформалар өлкөнү саясий жашоонун жогорку деңгээлине чыгаруучу жолго салды" дешүүдө.
Бирок аты чыкпаса, жер өрттөгөндөн качпагандар “Баш мыйзамды өзгөртүш керек” дешүүдө. Былтыркы жылы оор кырдаалда жазылып, талкууга алынып, кийин референдумда кабыл алынган Конституция менен өлкөнүн жашоо кечирип жаткандыгына бир жарым жылдай болду. Жыйынтык чыгарууга эрте, Баш мыйзамдын, жаңы системанын жемишин жакынкы он жылдан кийин гана байкасак керек. Айрымдар же биздин эле коңшулар биздин Баш мыйзамды азырынча түшүндө гана көрүшү мүмкүн. Андыктан майга жетпей сасык деген мышыктарды саясий маданияттуулукка чакырып, коомчулук өзү керек учурунда Баш мыйзамды коргоп чыгышы зарыл. Себеби көп өтпөй, ошол эле Конституциядан улам бийлик бир адамдын колунда байланбай, мамлекет алдыга жылып, ар бирибиздин коопсуздугубузга жана өнүгүүбүзгө шарт түзүлөт.