ЖОЛБОРСТОР МЕНЕН ИШТӨӨДӨ АМАН КАЛУУГА КЕПИЛДИК ЖОК

Кызыктуу маалыматтар

  • Өлүп калган жолборстордун терисин эч качан сыйрышпайт.
  • Жолборстор менен иштеген адам абдан катаал болушу керек жана машыктыруу кезинде оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүнүү – аларга кадимки көрүнүш.
  • Жолборсторду үйрөтүү учурунда тил албагандарын сабап койгон учурлар да болот.
  • Артур дүйнөдө биринчи болуп 9 жолборсту өзүнө тегеректетип, арткы буттарына тургузуп, өзүн көздөй бастырып келет.
  • Үйрөтүүчү жолбосторго дайыма алардан коркпогонун далилдеп турушу керек.
  • Этти базарлардан дүң баада, арзан сатып алышат. Учурда Бишкектен килограммын 130 сомдон алып жатышат.
  • Жалпысынан 13 жолборско күнүнө 50 килограмм эт кетет.

Эртең менен циркке башбакканыбызда биздин каармандар жолборсторду тамактандырып жатышыптыр. Жаш балдардын ченемсиз кызыгуусун туудурган бул жырткычтардын негизги жана жакшы көргөн тамагы эт экени анык. Бирок, күнүнө саат 10дордо машыгуу башталгандыктан, жолборсторду чала тоют калтырышат экен. Себеби, машыктыруу учурунда аларды эт менен алдап иштетишет.

Жапайылыгын кылып бири-би­рине атырылып, атүгүл үйрөтүү­чүлөрүнө ырылдап, манежге чыга келген жолборстор жүрөгүбүздүн үшүн алды. Артур болсо алардын көзүнө тике карап, кошо кыйкырып жатты. Башка жолборстордон айырмаланып, Макс деген жолборс өзгөчө атырылат экен. Көрсө, ал мурда манежге чыга элек, жаңы гана даярдалып жаткан жолборс тура. Үйрөтүүчүнүн жумушу ушундай азуусун айга бүлөгөн жырткычтарды баш ийдирүү болгондуктан, Артур ар биринин сырын билип, ошого жараша мамиле кылып, жырткычтарды башкаруусу шарт экен. Анте албаса, ал «үйрөтүүчү» деген опурталдуу кесипке ээ боло албайт. Ырылдаган жырткычтардын арасында шайдоот жүргөн Артурду көрүп таңданбай коё албайсың. Күнүгө машыктыруу учурунда ар бир жолборс аз дегенде 1 килограммдан эт жейт. Эгер жолборсту эрте тойгузуп койсо, машыктыруу өз деңгээлине жетпей калат.

Машыктыруу бүткөн соң Карина жана Артур менен маек курууга өттүк.

– Артур, сенин манежде жолборстор менен теңтайлаша кыйкырып, аларды коркутуп жатканыңды көрүп, өзүм коркуп кеттим. Жара тартып салчудай эле атырылып жатышты го. Айтсаң, сага кол салган учурлар болду беле?
– Андай учурлар болгон. Жолборсторду биз кичинекей күчүк кезинде алып, курсагын тойгузуп, эркелетип өстүрөбүз. Анан чоңойгондон кийин ушинтип кыйын болуп, ээсине атырылышат. Жанагы “карышкырды канча баксаң да карышкыр бойдон кала берет” дегендей, жырткыч деген жырткыч бойдон кала берет. Ушундай эл жок убакта азуусу менен анча-мынча чийип кеткендерин айтпаганда, бир жолу Москвада оюн көрсөтүп жаткан учурунда Цезарь деген жолборс элдин көзүнчө мени баса калган. Ошондо алган жаракат абдан катуу болуп, колумдун сөөгүнө чейин доо кеткендиктен, врачтар бир колумду кесебиз деп чыгышкан. Бирок, кудай жалгап, азыркы медицинанын жардамы менен кымбат операция аркылуу айыгып кеткем.
– Ошол окуядан кийин Цезарды атып таштадыңарбы?
– Жок, азыр экөөбүз тең кайра иштеп жатабыз. Достор бири-бири менен урушуп, анан кайра табышкандай эле биз да кек сактабастан иштешип жатабыз.
– Баягы адатын кайталайт деп коркпойсуңбу?
– Жырткычтардан бардыгын кү­түүгө болот. Ошол мага кол сал­ган­дан кийин деле машыктыруу учурунда кайрадан салгылашып кеткен учурларыбыз болгон. Бирок, биздин жумуштун өзгөчөлүгү ушул. Албетте, коркунуч болот. Ошого карабай жолборсторго сыр бербей, кайра алар адамдарга багынышы керек экенин далилдейбиз.
– Сени оюн кезинде жолборстун азуусунан кантип алып чыгышкан?
– Атам кур дүрмөт менен атканда гана эсине келип, качып кеткен. Анан “Тез жардам” менен оорукананы көздөй жөнөп калганбыз.
– Мындай учурларда жолборсту башкарып тургандай атайын коопсуздук каражаттары жокпу?
– Бизде сөзсүз суу чачуучу түтүк жана кур дүрмөтү бар мылтык болот.
– Мылтык сахнада оюн көрсөтүп жаткан үйрө­түүчүдө болобу?
– Жо-ок, ал бизде болгон күндө деле ок атууга мүм­күн­чүлүк болбойт. Ошондуктан, мылтык кө­бүн­чө тордун сыртында турган атабыздын колунда болот. Атабыз Михаил Ашотович дайыма бизди башкарып турат. Ошондо Цезарь мага кол салганда эч ким токтото албай калып, атам мылтык менен атып, жолборсту үркүткөн болчу.
– Атаңар азыр силер менен тордун ичине кирбей калганбы?
– Көп болду. Башында атам менен Карина тордун ичинде иштечү. Кийин Карина экөөбүздү тордун ичине киргизди. Ал эми өзү болсо биздин продюсерибиз, жан сакчыбыз, кыскасы, бардык жагынан жан жөкөрүбүз болуп калды. Жадакалса цирктин ичин да “менин балдарым жүргөн жер жылуу болушу керек” деп биз машыгууга келгиче жылытып коёт.
– А жолборсторду силер кайдан аласыңар?
– Жолборсторду кичинекей кезинен зоопарктардан сатып алабыз.
– Карина, аялзаты үчүн жырткычтардын арасында жүрүү оңой эместир...
– Оңой эмес. Ошентсе да, мен мурда балалуу боло элек кезимде элге кандай кыйын экенимди далилдеш үчүн керек болсо жолборстун оозуна башымды салчумун. Азыр эне болгондон кийин кандайдыр бир жоопкерчилик пайда болот экен. Балага тирүү, дени сак эне керек.
– Балаң сенин жолборстор менен чыгып иштегениңди көрдү беле? Ал коркпойбу?
– Балам башка балдар сыяктуу эле менин жолборстор менен иштеп жатканымды цирктен гана көрөт. Ошондуктан, ал жерде корко турган нерсе бар экенин түшүнө элек. Жолборстордон коркпойт. Балким, коркуу сезими азыр ойгоно электир.
– Жолборстор менен иштешүү үчүн атайын окуу жайда окудуңар беле?
– Жаныбар­ларды үйрө­түү­чүлөр­дүн атайын окуусу жок. Үйрөтүүчү болуп тө­рөлүш керек же өмүр бою циркте жаны­барлар менен аралашып чоңоюш керек. Бул көбүнчө атасынан балдарына өтө турган жумуш. Биз атабыздын окуучуларыбыз. Ал эми атам болсо башында циркте артисттерди кийим менен тейлөөчү болуп иштеп жүрүп, жолборсторду жакшы көрүп, ушундай жырткыч жаныбарларга жакындап кетиптир.
– Жолборсторго кандай эт бе­реси­ңер?
– Көбүнчө уйдун этин беребиз. Андан тышкары, балыкты жакшы жешет. Ал эми койдун жана чочконун этин бербейбиз.
– Дүйнөнүн көп аймагын кезип оюн көрсөтүп жүрөсүңөр. Колуңардагы жырткычтар аба ырайын же ал жердин суусун, этин жактырбаган учурлар болобу?
– Чындыгында, дүйнөнүн төрт бурчун кыдырып чыктык окшойт. Бирде учак менен жүрсөк, бирде кемеде сүзөбүз. Кудайга шүгүр, азырынча андай кыйынчылыктарга кабыла элекпиз.
– Атайын жолборстор үчүн ветеринардык доктурлар барбы?
– Дайыма жаныбызда жүрчү доктурларыбыз жок. Бирок, жол­борс­торго убагынан калтырбай жер­ги­ликтүү ветеринардык доктурларга эмдөөсүн жасатып турабыз. Эгер бир жерлери ооруп калганын байкасак, сөзсүз доктур чакырабыз.

Маектешкен Гүлмира Турманбетова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 323, 9-15-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан