«2012-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНДЫ ИЙГИЛИК КОШТОЙТ»

Мындай жакшы жышаандын белгисин баштаган астролог Андрей Рязанцев келе жаткан жылга карата өз төлгөсүн маалымат жыйынында айтып берди. “Кыргызстан үчүн кийинки жыл жакшы болот. Экономика жана саясатта кардиналдуу өзгөрүүлөр күтүлөт. Өлкө жакшы түшүм жыйнайт. 2012-жыл – мүмкүнчүлүктөрдүн убактысы, андыктан акыл-эске таянып, аны туура пайдалануу керек”,- дейт ал.
Анын айтымында, жылдыз белгиси боюнча Бийкеч Алмазбек Атамбаев үчүн эмдиги жылдын жай мезгили өзгөчө ийгиликтүү болот. Маанилүү эл аралык келишимдерге кол коюлушу ыктымал. “Башталыштын көпчүлүгүн ийгилик коштойт, андыктан Алмазбек Атамбаев үчүн 2012-жыл анын саясий карьерасына жакшы пайдубал боло алат”,- дейт астролог.
Астрологдун айтымында, Арстан жылдызындагы Роза Отунбаевага Ажыдаар жылы кызыктуу долбоор сунуштайт. Эгиздер жылдызы алдында төрөлгөн Ахматбек Келдибековду оор жыл күтөт, андан досторунун колдоосу менен гана чыгып кете алат. Текечер жылдыз белгисинде төрөлгөн Өмүрбек Текебаевди 2012-жылда жагымсыз маанай көбүрөөк күтөт экен, бирок өзүнүн позициясын бекемдеп алууга шарттар түзүлөт дейт.
Ал эми “келе жаткан жылы кыямат болот экен” деп чочулагандарды: “Эч кандай андай болбойт. Астрология илими боюнча, Күн галактиканын борборунан өтөт. Бул 26 миң жылдык доордун же бир галактикалык жылдын гана аякташын билдирет”,- деп жоошутту.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Zverchik
2011-12-13 09:43:42
Myna saga kowomat4ylyk
0
Гулжигит
2011-12-13 11:39:47
2012-жылы Атамбаев Кыргызстандан куулат дебейсинерби?!
0
TolonturCN
2011-12-15 15:31:00
Гулжигит, Peilibizdi ondop sviloilvchv. bashka jaman soz chykbasyn.
0
arlekino
2011-12-13 12:02:41
анча не болду кууп...
жетишет го эми куугандык...
корсотсун иштеп бул адам деле..
0
senchi
2011-12-13 14:46:31
айта берген менен биздин колубуздан эч нерсе келбейт!!! эмне болсо да эл тынч болсун !!! бийликтегилер кандай болсо да Чын журоктон баарибир!!!
0
saltu25
2011-12-16 14:53:18
Эми эле жыргап кетпейбиз го
0
sambo
2011-12-16 15:07:23
Биз ал дейбиз Бул дейбиз Баарыбир Кудайдын айтканы болот алдын ала болжогонубузду койойлучу ээ!!
0
jigitt
2011-12-17 15:30:05
Атамбаев деле иштеп корсун королу кыргыз учун эмне кылат.
0
Kial
2011-12-18 00:21:27
Кыргызстанды жалпы эл гана которо алат, ал учун бир аз убакыт, бийликтегилердин колдоп жол корсотуулору жана бюджет жагынан жардам беруулору керек
0
№ 475, 9-15-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан