– Мен күйөөмдүн үчүнчү аялымын. Ал экинчи аялы менен ажырашканына 2 жыл болгондо тийгем. Азыр ортобузда 1 балабыз бар. Биз үйлөнгөн соң өзүбүз каалагандай ээн-эркин жашай алган деле жокпуз. Анткени анын мурунку 2 аялы жашообузга кийлигише баштады. Күйөөмдүн 2 аялынан 2 баласы бар экен, алар “балдарды баккыла” деп апкелип таштап салышты. Балдар күйөөмдүкү болгондуктан, бакканга макул болгом. Аларга жылуу мамиле жасап, өзүмө тартып, жакшылап тарбия берүүгө аракет кылам.
Бирок мени ойлонтуп, жан дүйнөмдү курттай жеп жаткан нерсе ошол эки аялынын бизге тынчтык бербегени. Ар кандай шылтоо менен күйөөм экөөбүздүн ортобузга от жаккылары келишет. Бул эле болсо макул го, күйөөмдүн ойношу да бар. Ал бир жагынан чалып, күйөөмдүн жанын жейт. Күйөөмдөн сурасам, аны менен илгертен ойнош экенин айткан эле. “Анда мага чейин ошону эле алып албайт белең?” десем, “аны менен жашаганга көзүм жеткен эмес. Ошондуктан сени алгым келген” дейт. Ошентип, менин жашоомду мен башкарбай эле, башкалар башкара турган болуп калды. Ойношу бат-баттан чалат, анан эле күйөөм жоголуп кетет же мени менен уруша баштайт. Ал тургай бир ирет мени балдар менен таштап, анын артынан Москвага кетип калган. 1 жылдан кийин келип, туура эмес кылганын, эми бизди таштабасын айтып убада берген эле.
Бир ирет телефон чырылдаганынан алсам ойношу экен. Ал мени кемсинткен түрдүү сөздөрдү, анан дагы бир нерсени айтып оозумду ачырды. Көрсө, менин боюмда бар кезде күйөөм мени менен ажырашып, аны алмак болуптур. Ошондо ойношу “аялың кош бойлуу экен. Азыр ажырашсаң убал” деп болбой койгон имиш. Анда ажырашса убал экен да, кийин 3 баланы мага калтырып, күйөөмдү ээрчитип кетсе убал эмес экен?!
Айтор, жашоом ушундай кейипте өтүп жатат. Ажырашайын дейм, бирок баламды атасыз калтыргым келбейт. Эмне кылсам болот? Туңгуюктан чыга алчу жол таба аламбы?
Зари, 26 жашта, Бишкек.
Сиздин сурооңузга “Триум-Инфо” психологиялык окуу борборунун
психологу Нурзада Маямерова жооп берди.
– Тагдыр адамдарга ар кандай сыноолорду берет. Ошол сыноолордо адам өзүн психологиялык жактан туура даярдап, туура чечим кабыл алса, анда ал ойдогудай жашайт. Катыңыздан улам сизге ойдогудай жашоого тоскоолдуктар абдан көп экени билинүүдө. Анткени сиз өзүңүздү-өзүңүз сүйбөй, барктабай, башкалардан кем сезет окшойсуз. Ичиңизде “ажырашып кетсем жалгыз калам же кайда барам, же баламды өзүм жалгыз чоңойто албайм” деген коркунуч да бар. Мүмкүн, булардан тышкары жүрөгүңүздө бирөөлөргө болгон таарыныч да бар. Адам жакшы жашоого умтулуусу үчүн алгач ушул айтылгандай терс ойлордон кутулуусу, таарынткан адамдарды кечирүүсү кажет. Башкача айтканда, жан дүйнөнү жакшы нерселер менен толтуруу үчүн алгач андагы жаман ойлордон арылуу кажет. Адам өзүн сүйүп, барктаса, ошондо башка адамдар да сүйүп, барктап башташат. Аял баласы, күйөөсү үчүн гана жашабастан, өзү үчүн да жашашы шарт. Апасынын кыйналганын көргөн бала деле психологиялык жактан жабыр тартып, бактылуу чоңоё албайт.
Зари, “күйөөм менен жашайм жана жашоомду оңдоп кете алам же ажырашам” десеңиз да өз эркиңиз. Сизге туура чечим кабыл алуу үчүн төмөндөгүлөр жардамга келет:
1) Алгач жан дүйнөңүздү тең салмакка келтириңиз. Бул үчүн алаксыңыз, мүмкүн, жакшы китептерди окуп же кино көрөрсүз. Колдон келсе, йога менен машыгыңыз.
2) Жалгыз калып, эмнени каалайсыз талдап көрүңүз. Бул үчүн бир баракты 2ге бөлүп, бир жагына күйөөңүз менен жашаган жашоонун жакшы жактарын, бир жагына жаман жактарын жазыңыз. Жаман жактары басымдуулук кылса, “ушундай жашоо мага керекпи?” деп ойлонуп көрүңүз. Күйөөңүз менен бул жаатта ачылып сүйлөшүңүз. Анан барып чечим кабыл алыңыз.
Адамдын жан дүйнөсүндөгү коркуулар, жаман ойлор чөйрөдөгүлөр аркылуу адамдын өзүнө чагылып көрсөтүлүп турат. Башкача айтканда, бирөөлөрдөн корксоңуз, корунсаңыз, алар сизди басынта берет, “күйөөм уруп-сабашы мүмкүн” деп корксоңуз, ошол ойлогонуңуз келип калат. Андыктан адам оюн оңдоосу, жакшы ой-тилек менен жашоосу зарыл.
Зари, сизди туура чечим кабыл алып, жашоосун оңдоп кетет деп ишенебиз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg