ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Шаардын четинде жайгашкан Петровкадагы түрмөгө Бегимай менен Азирет жол тартышты. Жүрөк үшүткөн кунарсыз түрмөгө жакындаган сайын Бегимай өңүнөн кете баштады. Бул жерге келүү ага оңой эмес эле. Cоттун өкүмү чыккандагы Азаматтын абалы, эки колунан жулкулдата алып кетип бараткандагы үмүтү өчкөн каректери али да эсинде. Бул жолу кантип чыдаар экен?
Азамат таң калып турду. Үй-бүлөсү кечээ жакында эле жолугууга келип кетишкен. Конвой мыскыл жылмая “керемет сулуу кыз экен” дегенде жүрөгү дүкүлдөп алды. Бегимай! Андан башка келе турган бийкеч жок. Бегимай жолугуучу бөлмөгө кирип келген Азаматты көрүп, жүрөгү сыйрыла түштү. Сакалы өсүп, көздөрү алайып, арыктап кеткен экен. Бооруна кыса кучактап турду. Азамат да кучактады, ушунча көргөн кордугу, азабы, арманы бир тең, кыздын боор тарта кучактап турушу бир тең болду. Көптөн кийин жеңи менен көз жашын аарчып, Бегимайдын жүзүнө тигиле муңайым күлүп койду.
– Эх, Бема, Бема, жүрөктү дүкүлдөтүп жибересиң да. Кел, отур эми, не жаңылык?
– Жакшы. Окуп жүрөм. Эми каникулга чыктык. Арыктап кетиптирсиң...
– Бул жер түрмө эмеспи,- колун жая күлүп койду Азамат. – Аа, достор кандай?
Экөө жалпы тааныштары тууралуу сүйлөшүп, чер жазыша күлүп отурушту. Бир кезде Бегимай ойлуу тарта сөз баштады.
– Аза, азыр бир адам келет. Сен таң калба, бирок ал Аскаттын көчүрмөсү. Ага өтө окшош адам!
– Аскатка окшош?.. Кандайча?
– Мен сага баарын түшүндүрүп берейинчи алгач...
Бегимай болуп өткөн окуяны Азаматка айтып берди. Тиги таң кала күлүп алды.
– Өзүнчө эле сериал го бул...
– Ал Аскаттын өлүмүнө ким күнөөлүү экенин тапкысы келет. Сени менен сүйлөшкүсү келгени да ошондон.
– Ал кайдан чыккан Бэтмен экен?! Бул ишти ал эмес, андан кыйындар аягына чыгара албады го.
Ушул учурда Азирет кирип келди. Окшош деген менен, мынчалык экенин ойлобосо керек, Азаматтын көзү алая түштү. Куду Аскат кирип келгендей эңгирей, ордунан кантип тура калганын да билбей калды.
Көз карашы... Бир гана көз карашынан улам алдында Аскат эмес, анын эгизи турганын байкады. Жалгыз айырмасы, Аскаттай мээримдүү эмес, курч тигилген көздөр экен.

xхх

Аида Аскардын галстугун байлай албай жатканын байкап, жанына жакын келди.
– Кел, байлап берейин.
– Жөн кой, өзүм эле.
Оолактата берген Аскардын сөзүндө, үрөйүндө бир дил үшүткөн салкындык байкалды. Аиданын жүрөгү шуу дей түштү. Азыр гана Аскардан айрылса эч ким болбой кала турганын, жашоосу ала салынып, көчөдө каларын ойлоду.
– Кечинде эмне тамак жасатып коёюн? Канчада келесиң?
Аскар таң кала каштарын көтөрүп алды.
– Сага эмне болгон, эзели качан келеримди сурачу эмес элең?
– А сага эмне болгон, мынчалык жасанчу эмес элең?
Аскар ички сырын бирөө билип койгондой дирт дей түштү. Аялына жооп бербестен костюмун алып, сыртка шашылды. Аскардын толкундап жатканынын себеби бар эле.
Болжолдогон жерге келип, көзү менен Мариямдын караанын издеди. Ал четки столдо ойлуу отурган экен. Аял Аскар жакын келгенде гана көзүн көтөрө берди. Чачын буурул баскан, олбурлуу адам бир кездеги Аскар экенин көптө тааныды. Таң кала көзүн албай туруп калды. “Ушундай болуп калган экен да. Кызык, а мен эмне, ошол кездегидей болуп турамбы? Мезгил деген баары бир өзүнүкүн алат тура”.
– Эмне, өтө өзгөргөн бекем?- деди Аскар.
– Баарыбыз өзгөрөбүз.
Мариям менен Аскар официант бала алып келген чайдан ооз тийип, көпкө тунжурап отуруп калышты. Экөөнүн ортосунда көп нерсе бар эле. Эч нерсе менен ченегис, эмне менен баштап, эмне менен бүтөрү билинбеген зор нерсе жаткан. Алтургай бири-бирин тиктөөгө даабай, эбак жабылып калган дарбазаны ачып алыштан коркуп отурушту. Анан да алар бирине-бири чоочун эле. Алдында кайгыдан, оорудан жүзү жүдөгөн, капалуу отурган Аскар менен мурунку Аскар эч коошпой турду. Бир кездеги камкор, жароокер, көздөрү күлүп турган Мариям мынчалык муздак аялга айланганын Аскар кабыл ала албай жатты. Жалпы иштери тууралуу супсак сөздөр гана айтылып жатты. Канча убакыт өткөнүн ким билет, бирок бир учурда кетүүгө да камынышты.
– Мен сенден бир гана нерсени өтүнөм,- деди Мариям кетеринде.
– Айта бер.
– Азиретти өзүмө кайтарып бер. Ал... ал балада сенин акың жок. Анын жолу башка, тилеги, каалоосу башка. Ал менин уулум, менин Аскатта эч кандай укугум жок болчу. Ошол укугум жоктугунан азасына да келе албайм деп чечкем. Менин анда канчалык акым жок болсо, сенин Азиретте эч кандай акың жок. Коё бер уулумду...
Аскар муздак жылмайды.
– Мен сага окшоп эч качан Аскатты тагдырдын буйругуна таштай салып качкан эмесмин. Сенин энелик укугуң жок, ал туура. А бирок мен Азирет бар экенин билсем, жер жүзүн кыдырып болсо да тапмакмын. А сен Аскаттын бар экенин билип туруп кайдигерлик кылгансың, билгиң келген эмес. Ошондуктан экөөбүз укук жактан салмакташпай эле коёлу.
– Сен билбейсиң, менин ошондогу абалымды!
– Билгим дагы келбейт!- жараатына кол салгандай Аскар атырылып кетти. – Бир билгеним, ак никелүү жарым менин ишеничимди актаган жок. Жок дегенде бир жыл күтө албады. Мен бир жылдан кийин эле чыккам. Бир аз чыдасаң...
– Бир жылдан кийин?
– А сен мени түрмөдө чирип өлөт деп ойлодуң беле? Мени ошол боюнча көрбөй калам деп жаныңды ала качтың беле? Мен сага ишенген элем, өзүмдөн да көбүрөөк сага ишенгем.
Мариям үн ката албады. Чындыгында, мунуку туура. Эгерде барга-жокко чыдап бир жыл чыдаса, мунун баары болбойт беле? Аскаты, балким, жанында өсмөк. Балким, ал мындай кырсыкка учурабайт эле? Оо, эгерде баары мындай болорун билгенде...
– Эмне үчүн өзүңдүн гана кызыкчылыгыңды ойлойсуң? Менин жашоом ширин болгон жок. Сен түшүнбөйсүң, жаныңдын жартысын таштап, жүрөгүңдүн жарымын бөлүп, эгиздин түгөйүн таштоо эне үчүн кандай экенин?..
– Актанба, сен баарын өз колуң менен иштегенсиң, эми өз мойнуң менен тартасың. Азирет эч кайда кетпейт. Эгерде аны алып кетем деп келген болсоң, ал үмүтүң менен коштошо бер. Азирет – менин уулум! Эми аны сага бере албайм. Кел, жигит, тамагыңдын акчасын ал,- деген ал столдун үстүнө акчаны ыргытып жиберип, сыртка чыгып кетти.
Мариям үн ката алган жок. Аркасынан узата тиктеп кала берди. Чындыгында эле Азиретти алып кетүү үчүн келген. Өмүр бою тарбиялап чоңойткон апасына караганда атасынын таасири күчтүү болорун сезип жүрчү. Азирет атасына өтө окшош эле. Кыялы, жүрүш-турушу, ойлонгону да атасыныкындай болчу. Ошондуктан тез эле атасын жанындай көрүп калды. Жок, тагыраагы, атага болгон сүйүү, мээрим анда бала болуп башына жүн чыкканы болсо керек. Ошондой эле атасыныкындай жолго түшүп кетүү коркунучу бар. Мариямдын эң негизги коркунучу ошол эле.

xхх

Аида телефон менен сүйлөшүп жатты.
– Билбейм эмне кылам, биздин үйдө жомоктогудай нерселер болуп жатат. Аскаттын эгизи бар экенин, ал кайдан-жайдан пайда болгонун айтпадым беле. Эми ал бир нерселерди изилдемиш этип жүрөт. Мен андан корком. Аскар да түшүнүксүз болуп жүрөт. Бүгүн...- деп келе жатып, Аскардын машинасын көрүп шашып кетти. – Аскар келе жатат. Анан чалам, өзүң байланышка чыкпа...
Ордунан тура калып, Аскардын алдынан тосуп чыкты. Аны барсыңбы-жоксуңбу деп койбой жанынан өтүп бара жаткан күйөөсүн жеңден тарта берди.
– Өңүң эмне купкуу, жүрөгүң кайра кармап калдыбы?
– Жок, мени жайыма кой. Чалгандарга эс алып жатат де...
Өз бөлмөсүнө кирип, галстугун чечкен Аскар креслого отуруп калды. Көз алдында Мариям! Анын талаптары... Кайрадан жини келип, көйнөгүн булкуп жиберди эле топчусу ыргып кетти. Ачуусунан өңү кадимкидей карарып кетти. Бирок эстегиси, кезигишүүнү майда-баратына чейин көз алдына келтирүүнү да каалап жатты. Бул жек көрүүбү же сүйүүбү, өзү да түшүнө албай, ээн бөлмөдө өзү менен өзү алпуруша берди.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Peri12
2011-12-19 09:25:42
Чыдамсыздык менен дагы бир жума кутот экемда
0
Fute22
2011-12-19 10:03:02
Укмуш,убакыт ушунчалык тез отту.
0
guliakg
2011-12-19 10:45:44
качан аягына чыгабыз!
0
Zulya2
2011-12-19 11:04:05
аида ким менен суйлошуп жатат...кылгылыктын баарын Аида кылып жаткан жокпу я...
0
Jaigz
2011-12-19 11:56:45
барган сайын аз жазып баратасынар, сураныч коптон жазгылачы, кутуп журуп саргая турган болдук аягына чыккыча.
0
subaruchan
2011-12-19 13:01:52
ошентип жатышат... бирок баарын жазып салышса да болбой калат да...
0
Cyldyzka
2011-12-19 14:53:46
soonuuun
0
Arstan
2011-12-19 17:43:14
Вауу журокту эздинер го.
0
OMG
2011-12-19 22:41:15
Askar menen Mariyam kaira choguu bolushat go deim a Aidany bolso tabat bolush kerek Askatty olturtkonuno dep oiloim, korobuz da
0
koroleva
2011-12-20 03:22:10
мариям менен кайра чогуу жашап калса жакшы болмок
0
Chynyshka
2011-12-20 15:38:53
Menin oiumcha Aidada da bolso kerek ishtin baary
0
rahat-lukum
2011-12-21 12:26:39
дагы бир жума кутуш керек......
0
№ 476, 16-22-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан