Жаңы жылга саналуу гана күндөр калды. Бул майрамды чоңдордон айырмаланып, балдар чыдамсыздык менен күтүшөт. Эсимде, кичинекейимде бул майрам жакындаган сайын апамды “апа, Жаңы жылда эмне болуп барам?” деген суроо менен тажатчумун. Ошондо апам “шашпай тур, сага сонун кийим тигип берем. Баарынан сеники мыкты болот” деп майрамга жаныбарлар кейпинде кийинтип жөнөтчү эле. Чын эле үй шартында аз каражат сарпталган, эч кимдикине окшошпогон жана бат жасалчу Жаңы жылдык кийимдерди кантип жасоого болот?
АТА-ЭНЕ, СИЗ БИЛЕСИЗБИ?
– Бала канча жашынан баштап Жаңы жылдык кечелерге катышса болот?
– Педагог жана психологдордун айтымында, 2-3 жашынан тарта ар кандай оюн-зоок кечелерге катыштырууга болот. Ушул жашынан тарта бала Аяз ата менен Аяз кызды бири-биринен жакшы айырмалай албаса да, майрамдык маанайды кабыл ала баштайт.
– Майрамга баланы кантип даярдоо керек? Эмне күтүп турганын алдын ала айтуу керекпи?
– Ооба, ага Аяз ата келерин, ал жакшы ырдаган, бийлеген балдарга белек берерин айтыңыз. Айрым учурларда Аяз атанын ролун айымдар аткарып калышат. 3 жаштан өткөн балдар мындай кезинде эркек менен аялдын айырмасын билип калышкан болот. Андыктан Аяз атаны туура тандаңыз.
– Балдар үчүн Жаңы жылдык кече канча убакытка созулушу шарт?
– 2-3 жаштагы балдарга 20-30, 4-5 жаштагы балдарга 30-40 мүнөттүк, ал эми андан жогорку жаштагыларга 1 сааттык кече уюштурулса болот.
– Бала Аяз атадан коркпошу үчүн эмне кылуу керек?
– Ал үчүн бир-эки жума мурун эле Аяз ата, анын кайда жашаары, анын балдарды жакшы көрөрү тууралуу айтып, кулагын көндүрө бериңиз. Эгер үйүңүздө анын сүрөттөрү болсо, көрсөтүңүз.
“УЮЛДУК ТЕЛЕФОН”
Замандын өнүгүшү менен Жаңы жылдык костюмдардын түрү да көбөйдү. Учурда жаныбарлардын гана эмес, ар кандай техникалардын формасында кийимдерди тигүүгө болот. Эгер сиз балаңызды ушундай заманбап кийим менен таң калтырам десеңиз, анда “Уюлдук телефон” костюмун тигип, Жаңы жылдык кечеге узатыңыз.
Бул – чыптама, бир түстөгү футболка жана шымдан турган Жаңы жылдык костюм. Чыптаманы тигүү үчүн бир өңдөгү кездеме, атластан жасалган ичке лента, сары түстөгү кездеменин кесиндиси, флизилин жана 1 желим бөтөлкө керектелет. Алгач чыптаманы сүрөттөгүдөй кылып тигип алабыз. Андан кийин кездеме кесиндисинен телефондун экранын, трубкасын, ал эми атлас тесмадан сандарды жана белгилерди жасап алабыз да, клейдин жардамы менен чыптамага жабыштырабыз. Жабыштыргандан кийин тигүүчү машина менен үстүнөн бастырып тигип чыксаңыз болот. Же болбосо кол менен көктөсөңүз да жарайт. Анан желим бөтөлкөнү арткан кездеме менен каптап, антенна жасап, чыптамага тигип койсоңуз, костюмуңуз даяр. Ушундай жол менен сүрөттөгүдөй "Флешка" костюмун тиксеңиз болот.
“МОМПОСУЙ” КӨЙНӨГҮ
"Момпосуй" – кыздарга арналган Жаңы жылдык костюм. Ал үчүн азыртадан эле ар кандай момпосуйлардын сыртын чогулта бериңиз. Алардын ичине кебезден салып, момпосуйдай кылып ороп чыгыңыз. Анан кызыңыздын ачык түстөгү көйнөгүн алып, ага даярдаган момпосуйларыңызды кадап тигип чыгыңыз. Ал эми башына болсо картон кагазынан баш кийим жасоого болот. Ал үчүн атайын жалтырак кагаздан (белек ороодо колдонулат) баш кийим жасап, үстүңкү бөлүгүн момпосуйдай кылып ороңуз. Бул баш кийимди момпосуйдун кагаздарынан жасалган бантик менен алмаштырсаңыз болот.
“ЖӨЖӨ КОРОЗ”
Бул үчүн бизге сары түстөгү футболка, шым, жука, байламасы бар ак түстөгү баш кийим, кызыл түстөгү кездеменин кесиндиси, кебез жана пол жууганда кийилүүчү кол кап керектелет. Алгач кызыл кездемеден короздун таажысын жасап, ичине кебезден салабыз да, аны баш кийимге кошуп тигебиз. Андан соң кол каптан короздун бутун жасайбыз. Ал үчүн кол каптын манжаларын жана таман коюла турган жерин кебез менен толтуруп, буттун формасына ылайыктап күрмөп чыгабыз. Эми короздун "чыптамасын" жасайбыз. Ал үчүн эски чыптамага клейден сүйкөп, тооктун жүнүн жабыштырабыз же атайын кездемеден тигип койсо да болот.
“ЖҮЗҮМ”
Кышында, ызгаардуу суукта жүзүм болуп жүрсөң, баарын эле таң калтырсаң керек. Бул кийимди жасоо үчүн бизге бир нече сыя түстөгү шар (баланын жашына карата), желим, гүлдүн жалбырагы гана керектелет. Алгач шарларды үйлөйбүз. Өтө чоң кылып үйлөбөңүз, анткени жарылып кетиши мүмкүн. Анан үйлөнгөн шарларды жүзүм шиңгилинин формасындай кылып көйнөккө кадап чыгабыз. Эскертүү, баланын отуруп-турушу ыңгайлуу болсун үчүн жамбаш жагына шарды сейрек кадаңыз. Андан кийин жалбырактардан ободокко чаптап, баш кийим даярдайбыз. Ушундай ыкма менен кызыл түстөгү шардан кожогаттын кийимин жасасак да болот.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg