«СЕНСИЗ ҮШҮДҮМ...»

Түн ортосу. Көп кабаттуу үйдүн балконунда жүздөгөн майда жарыктарды тиктеп, түнкү шаарга суктанып турам. Миңдеген жарыктын арасынан сени таап алчудай тиктегеним тиктеген.

– Үшүдүм... Жок, эшик суук эмес, шамал деле жок. Сен жок үшүдүм... Сенин жылуу кучагыңсыз... Дүкүлдөп соккон жүрөгүңдүн дабышын сагындым. Ичимдеги бушайман ойлор жүрөгүмдү тилип жаткандай сезилет. Токтобос убакыт акыры өзүнүкүн алып тынды. Жеңилдим... Түгөнбөчүдөй сезилген бактылуу күндөр да акыркы чегине жетти. Тагдырыбыз эки айрылышка туш келип, кол үзүүгө аргасыз болдук. Алсыз экенмин, сени кармай албадым. Токтотуп, түшүндүрүп айта албадым. Балким, ошентсем менин чындап сүйөрүмө ишенер белең?.. Оройлонуп көңүлүңдү оорутуп, жаман сөз айтып сени таарынткандарым эсимде. Ооба, мага таарынчудай эле мамиле жасаптырмын. Мен сени чындап сүйчүмүн, сезимдеримди кээде башкара албай да кетчүмүн. Бейтааныш адамдардын көз карашынан кызганып, кээде өзүмдөн-өзүм да кызгана кетип, эмне кыларымды билбей калчу элем. Ар бир тамган көз жашыңдын азабын мына эми тартып жатам. Болбогон таарынычтын айынан сүйүүбүзгө балта чаптык. Текеберлигимдин айынан кайрылып келет деп камырабай жүрө бердим. Бирок сен негедир кайрылбадың. Сен чалбадың, мен да чалбадым. Сен келбедиң, мен да жалдырап барбадым. Мага өчөштүңбү же чындап эле башканы сүйүп калдыңбы, түшүнө албадым. Баарын никеңер кыйылган соң гана уктум...
Эки жыл мурун кол үзсөк да, сезимдерим ошол ысык бойдон сакталып келет. Бактылуу болдуң бекен? Билбейм... А мен бактысызмын... Башка бирөөнүн кучагында экениңди элестетсем, азыркы турган 9-кабаттан секирип кетким келет. Бирок уулумдун келечегин ойлойм. Жубайым бар, уулум бар аталаган... Бирок ортодо сүйүү жок. Мен издеген жылуулук, жалбырттаган сезим жок. Жубайым жакшы адам, ал баарына чыдайт, мен аны сыйлайм. Кантсе да өз канымдан жаралган уулумдун энеси. Бек Борбиевдин ырын угуп калдым “келсең эгер нетер элем, ээрчип сени кетер белем? Сенсиз курган турмушумду, балким, баарын кечер элем?” деген.
Убакыт дарылайт дейт, бирок андай эмес окшойт. Күндөн-күнгө эле кайрадан мурунку жашоомдун катачылыктарына чөгүп бараткандаймын. Жакында эле сейил бактан балаң экөөңөрдү капыстан көрүп калдым. Денемди калтырак басып, көз жашымды жутуп, сени алыстан тиктеп тура бердим. Ишенесиңби, ушул күнгө келип көз жаштын даамы туздуу экенин эми гана билдим. Өкүнүч менен жашаган абдан оор экен. Балким, баарын өз убагында, туура чечсек, экөөбүз тең бактылуу болмок белек? Бири-бирибизсиз курган турмушка өкүнбөй өтөр белек?!

Рустам

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Jaigz
2011-12-19 15:12:20
мммда менин суйумо окшош экен
0
Bishkek
2011-12-19 23:35:29
койчу жомокту суйуу барбы ал жок нерсе просто конумуш
0
Mirlanbek1405
2011-12-19 23:41:22
Өкүнүчтүүүү экен,кайгылуу!!!Чындыгында Сүйүү сезими абдан күчтүү!!!!!!!!!!
0
aibarchyn
2011-12-20 13:18:25
менин жолдошумда мени ошентип кутторбекен суйом сени алгачкы суйу
0
Galia
2011-12-22 00:24:05
Текебердик адамдагыэн жаман сапат!Мен да ошол сапаттын кесепетинен суйгон адамымдан айрылып,азыркы учурга чейин журогум ооруйт.
0
kanatt
2011-12-22 18:36:18
Эски суйуунду эстей берип,келечектеги жаны шанстарыны жоготосун.Атылган ок артка кайтып келбейт эми.Поезд кетти...унут баарын!
+2
zulya
2011-12-24 23:56:15
kanatt, туура айтасын
0
milashka90
2011-12-25 23:32:41
меникине да окшошуп кетет экен бирок балачакалуу болгонго жетише элекпиз эрге да тийип кете элекмин бирок сойко салынып калды.суйгон адамыман эмес башкадан.мен да ал адам 2 буз 2 жакта ушинтип кыйналып журо беребизби деп да ойлоном.
0
tatakozy
2011-12-26 15:52:06
milashka90, Мен да кыйналып кеттим сойко салынган бирок алыста на расстаяние любить тяжело очень очень очень......
0
noname
2012-01-03 03:14:10
беш кол тен эмес,жашоонун ойдо ылдыйына коно билиш керек.
0
2012-01-09 10:11:25
birge boluwpagadygy u4un oilonup atat da. egerde 4oguu bolgondo dagy dele uruwa beret ele
0
Anuca
2012-02-05 15:43:22
elibizde "kongon adat kalaby uiga jugon salaby" dep koiuwat,baary bir chogu bolgondo dele uruwkanyn,kyzganganyn toktoto albait bolchu...
0
prostuwka
2012-02-06 10:26:43
ммм, суйуп туруп аны менен бирге боло албаган эн жаман, менин башымда да ушул нерсе бар,ал дагы суйот мен дагы, бирок бизге баары тоскоол.....
+1
Rus_Gul90
2013-02-10 01:29:12
Суйуу бар!!!анткени мен ишенем.ушул окуяны биринчи газетадан окуган элем.аябай тан калдым, Рустам экообуздун тагдырыбыздын окшоштугуна.1.менин да атым Рустам, 2.мен да оз суйуумдон айрылгам(((.бирок мен,жаны жашоо баштай албай койдум.унута албайм сени .....
0
KGPRESIDENT
2015-05-21 18:31:27
Сиз дагы албетте бактылуу болосу, АЛЛАХЫМдан тилеп сурасаныз.
0
Nuri1988Elim2010
2018-04-17 10:07:41
Сагындым деп айткым келет,бирок жамгыр менен гана сырдашып келем.Анын ыйлап эми чон аккан суунун жээгинде суу менен гана сырдашып жашайм дегенин эстеп ыйлайм
0
Sawa90
2018-04-17 12:51:29
Suiuu nikeden kn bawtalat degenine iwenem. Ubakyt baaryn darylait . balaluu bolsonor suiuunu estegenge ubakyt dele bolboi kalat. po sebya znayu
0
№ 476, 16-22-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан