КОНЬКИ ТЕБҮҮНҮ ҮЙРӨНҮП АЛЫҢЫЗ

Кышында убакытты көңүлдүү өткөрүүчү жайлардын бири – муз майданы. Мында адамдар көңүлдөрүн гана көтөрбөстөн, ден соолуктарына да пайда алып келишет. Бүгүн Бишкектеги муз майдандарынын даректери тууралуу жана андагы баалар канча экендигинен маалымат беребиз. Ошондой эле муз майданына барып көрө электерге коньки тебүүдөгү негизги ыкмаларды үйрөнүп алууну сунуштайбыз.

КОНЬКИ ТЕБҮҮ БОЮНЧА КӨРСӨТМӨЛӨР

АЛГАЧ...

  • Муз майданында жыгылуудан жана жаракат алуудан сактаныш үчүн конькинин бутка чагын тандаңыз. Эгер чагы жок болсо, бир аз чоңураагын алып, калың байпак менен кийиңиз.
  • Коньки тээп жатканда ыңгайсыздык жаратпаш үчүн боосун бекем байлаңыз, анткени боолор бошоп, чалынтышы мүмкүн. Андыктан убак-убагы менен боого көңүл буруп, бекем байлап туруңуз.
  • Муз майданга тик абалда жаны­ңыздагы адамды же муз майданынын жээгиндеги тосмолорду кармап чыкканыңыз оң.
  • Муз майданына чыккандан кийин тик абалда эки колуңузду эки тарапка созуп, тең салмактуулукту кармаңыз.

АЛДЫГА ЖЫЛУУ

  • Эми алдыга жылуу үчүн конькинин мизин туура багыттоо керек. Конькинин ички жана сырткы мизи болот. Алдыга жылуу үчүн тизени кичине бүгүп, оң бутту алдыраак коёбуз да, сол буттагы конькинин ички мизи менен алдыга түртөбүз. Ушул учурда сол буттагы конькинин ички мизи музга тийиш үчүн бутту 45 градус кыйшайтыңыз.
  • Алдыга жылгандан кийин оң бут менен сол буттун кызматын алмаштырыңыз. Алмаштыруу учурунда оң бутту оң тарапка, сол бутту сол тарапка шилтеп алмаштырыңыз. Буттарды алмаштырууда жыгылып кетпеш үчүн алдыга сунулуп, музга таштала турган бутка салмагыңызды салып, тең салмактуулукту сактаңыз.

БУРУЛУУ

  • Бурулууда конькинин сырткы мизи оңго, ал эми ички мизи солго бурулууга жардам берет. Оңго бурулууда оң буттагы конькинин сырткы, ал эми сол буттагы конькинин ички мизи музга тийиш керек. Ошондой эле бурулуп жаткан тарапка салмагыңызды салыңыз.
  • Ылдамдык менен жүрүп келатып, токтобостон тегеренип бурулуу. Мисалы, сол тарапка бурула турган болсоңуз, алгач эки колуңузду эки тарапка сунуңуз. Андан соң сол тизени бүгүп, конькинин сырткы мизин музга тийгизиңиз да, оң бут менен кадамдаңыз. Бурула турган тарапка салмакты таштаңыз.

ТОКТОО

  • Эң жөнөкөй ыкма – согончок менен токтоо.
  • Бутту 90 градуска буруп токтоо. Токтоонун мындай ыкмасын колдонууда бир бутту кичине алдыга созуу керек. Сол каптал менен бурулуп токтосоңуз, оң бутту алдыга созуп, ошол эле буттагы конькинин ички мизин музга такап, дене салмакты сол капталга багыттоо кажет.
  • Эки бут менен токтоо. Эки буттагы конькинин ички миздерин музга тийгизип, буттардын баш жагын ички тарапты көздөй кайруу аркылуу.
  • Бир учурда эки бутту бирдей бир тарапка буруп токтоо. Токтоо учурунда улам оңго жана солго бурулуп туруу керек. Мындай ыкма “хоккейдик токтоо” деп аталат.
  • Токтоону алгач 3-4 кадам жылган сайын аткарып үйрөнгөнүңүз оң. Ал эми катуу ылдамдык менен келип токтоодо салмакты артты көздөй таштоо зарыл.

ЖЫГЫЛЫП БАРАТКАН УЧУРДА...
Жаңы үйрөнчүк муз майданда жыгылбай коюусу мүмкүн эмес. Андыктан жыгылууда эмнелерден сак болуу керектигин эсиңизге түйүп алыңыз.

  • Эгер алды жакка кулап баратсаңыз, тизелей калууга жана эки колуңуз менен таянып калууга үлгүрүңүз. Ошондой эле бетиңиз жаракатка кабылбаш үчүн башыңызды болушунча өйдө көтөргөнгө аракет кылыңыз.
  • Артка жыгылып баратсаңыз, башыңызды алдыны көздөй ийип, оң же сол капталыңызга оогонго аракеттениңиз.

ЖЫГЫЛГАНДАН КИЙИН КАНТИП ӨЙДӨ БОЛУУ КЕРЕК?
Бир бут менен тизелеп, экинчи бутуңузду жарым чөгөлөгөн абалда конькинин уч жагындагы тиштерди музга такаңыз. Андан кийин эки колуңуз менен жарым чөгөлөгөн бутуңуздун тизесине таянып, шашпай өйдө болуңуз.

    • Бут кийимге конькини орнотуу орус падышасы Пётр Iдин идеясы болгон. Ал Голландияга болгон сапарында коньки тээп көрүп, аны Орусияга алып келген. Бутка кийүүгө ыңгайлуу болуш үчүн бут кийимге орноттуруп, Тула шаарында чыгарта баштаган.
    • 1842-жылы лондондук Генри Кирк алгачкы ачык типтеги муз майданын салган.
    • Дүйнөдөгү эң биринчи жасалма муз майданы 1876-жылы 7-январда Лондондо ачылган.
    • 1882-жылы муз үстүндөгү фигуристтердин эл аралык эң биринчи мелдеши Вена шаарында өткөрүлгөн.
    • Үстү жабык типтеги эң биринчи муз майданы 1912-жылы Канадада ачылган.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nazika_1990
2011-12-20 13:15:26
Окуп эле уйронуп алдымгооо,рахмат сизгеее!
0
№ 476, 16-22-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан