БАЯГЫ ЭЛЕ «БАРСА» ЖАНА АБРАМОВИЧ АРАБ ШЕЙХТЕРИН ТОКТОТТУ

Өткөн аптадагы футболдук уик-энддин башкы жаңылыгы футбол ышкыбоздору чыдамсыздык менен күткөн эль-классико аталган “Реал”-“Барселона” беттеши болду окшойт. Оюн бир түндүк уйкудан калгандарды өкүндүргөн жок. Үй ээлери – мадриддиктер эсепти 22-секундда ачканына карабастан, каталондуктар 3:1 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти. Карим Бенземанын голуна “Барса” Алексис Санчес, Хави жана Сеск Фабрегастын голдору менен жооп берди.
Ал эми Тумандуу Альбиондо да күйөр­мандарды кайдигер калтырбаган беттеш болуп өттү. Абрамовичтин “Челсиси” арабиялык шейхтер каржылаган “Манчестер Ситини” кабыл алды. “Сити” буга чейин 14 оюнда жеңилбей, сенсация жаратып келаткан. Бирок алардын мындай сериясы Лондондо үзүлдү. 2:1 эсебинде аяктаган беттеште голдорду “Ситиден” Марио Балотелли киргизсе, “Челсинин” курамында Рауль Мейрелеш менен Фрэнк Лэмпард (пенальтиден) айырмаланышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Mirlanbek1405
2011-12-19 23:32:05
Акыркы убакта Барселона эн мыкты ойноп жатат десем жанылышпайм!Мисалы:Жакында эле Сантос-Барселона ойношуп, Барселона 0:4 эсебинде женишке жетишишти!Азаматсынар!!!
0
ko4evnik
2011-12-23 21:26:33
Mirlanbek1405, кошулам. Барселонанын игровой моделиндей оюн,философия эчкимде жок. Сантос бир эле Неймарды карап отурушат. Неймар жаш,барсага туруштук беруго Неймарлардан 11ида жетишсиз. Хави,Месси,ДаниАлвес,Фабрегастар бар Барса женилгис
0
berdibek_KG
2011-12-20 22:54:45
Мен Рейал амдиритке тарткам бирок женилип калды акыркы убакта барса 3жылдан бери эн жакшы ойноп жатат, жана испания
0
berdibek_KG
2011-12-20 22:55:45
Мен Рейал амдиритке тарткам бирок женилип калды акыркы убакта барса 3жылдан бери эн жакшы ойноп жатат, жана испания
0
ko4evnik
2011-12-23 21:19:44
челсиде туруктуу результат жок. Ситини женгени менен кайдагы суонси,кпр лерге очколорду алдырып,мындай жагдайда чемпион болушуна козум жетпейт. Мениимче бул сезондо МанСити чемпион болот. Агуэро,Насри,Балотелли,Силва ж.б. жылдыздар мн артта калса ит эле болушатко.
0
Kubatova
2012-02-01 21:44:56
барселонанын ойноо тактикасы эч кимде жок, алга барса!
0
ermina
2012-09-02 00:33:31
Барселона акыркы 5-жылдан бери эле азыркы Барселона болуп келе жатат... Если Гвардьиола болбосо билбейм Барса дагы деле мурдагыдай болуп журо бермек... Азыр мисалы Барсадан Иньеста менен Месси жок болсо клуб кадимкидей аксап калат.... главный моторлору ошолор да Хави учоо...
0
№ 476, 16-22-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан