Жакында Ош ШИИБинин кызматкерлери спорттук жетишкендиктери үчүн сыйланышты. Алар: милициянын сержанты Кангелди Тойчиев (эрежесиз эр уруш боюнча Өлкө биринчилигинин жеңүүчүсү, Ош), кылмыш иликтөө бөлүмүнүн оперөкүлү Рашит Аманкулов (кикбокс боюнча Дүйнө биринчилигинде 3-орун, Македония) жана тез аракеттенүүчү отрядынын кызматкери, милициянын старшинасы Шерик Абдыкадыров (эрежесиз эр уруш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү, Түркия). Сыйлыктарды Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов тапшырды.
Сыйлык ээлеринин бири Шерик мырза (сүрөттө) тууралуу айтпай өтө албайбыз. Жакында чемпиондук курду утуп келген Шерик мырза ошол мелдешке каражат жоктугунан карызга акча таап, кыйналып барып келгенин уктук. Акча табылар, бирок чемпиондук кур табылбайт эмеспи. Таланттуу спортчуларыбызды колдоо болбой жатканы өкүндүрөт.