9-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кикбокстун К-1 версиясы боюнча “Алтын Барс” кубогу өтүп, Евразиянын 2 жолку чемпиону Алексей Федосеев чемпион аталды. Ал 63,5 килограмм салмакта намыс талашууга келген украиналык Константин Коскин, беларусь Денис Телица, орусиялык Амирбег Алиевди утуп, мекендерине курсуз кайтууга аргасыз кылды.
Чүчү кулактын жардамы менен аныкталган атаандаштардан Лёша жарым финалда Коскинди жер каратса, финалда Амирбег ага тең келе алган жок. Ал эми мелдеш жергиликтүү мушкерлерибиздин рейтингдик беттештери менен коштолду. Чемпиондук кут болсун, Лёша, кыргыз желегин желбиретип жүрө бер!