«МУЗ ДООРУ» ҮЧҮН СҮЙҮҮДӨН КЕЧКЕН ИЛЬЯ АВЕРБУХ

Ильянын ысымы “муз үстүндө бийлөө” деген сөзгө синонимдей эле кабыл алынат десек жаңылышпаспыз. Ал мындай абройду КМШ элине белгилүү “Муз доору” телешоусу аркылуу топтоду. Өкүнүчтүүсү, “Муз доорунун” мындай аброй күтүшү спортчунун үй-бүлө очогунун бузулушуна алып келген.

ИЛЬЯ ИЗЯСЛАВОВИЧ АВЕРБУХ
Туулган жылы – 1973-жыл, 18-декабрь
Туулган жери – Москва шаары
Улуту – Жөөт
Бою – 177 сантиметр
Салмагы – 65 килограмм
Жетишкендиктери – Муз үстүндө бийлөө боюнча жуптукта Марина Анисина менен жаштар арасында 2 ирет Дүйнө чемпиону аталса (1990, 1992), Ирина Лобачёва менен «Солт-Лейк-Сити-2002» Кышкы Олимпиадалык оюндарында күмүш медаль тагынган. Ошондой эле Ирина менен Дүйнө чемпиондугун (2002), Европа чемпиондугун (2003) жана үч ирет Орусиянын чемпиондугун уткан (1997, 2000, 2002).
Үй-бүлөлүү. 1 уулдун атасы.
Учурда Москвада жашайт.

“МУЗ ДООРУ” БҮТӨБҮ?
Быйыл “Муз доорунун” бүтөрү айтылган. Долбоордун продюсери Илья Авербух: “Орусиянын Биринчи каналынын аброюн көтөргөн телешоу бүттү. Эми башка телешоунун үстүндө иштейм”,- деди бул тууралуу. Чынында, шоунун бүтүшү аталган телеканал менен келишимдин аякташына байланыштуу болсо да, “катышуучулар айлыктын аздыгынан шоуго келбей калышты”, “Ильянын телеканал менен чатагы бар” дегендер жок эмес.
Эске салсак, аталган телешоу 5 жыл өмүр сүрдү. 2006-жылы Авербух “Муз симфониясы” компаниясын түзүп, андан соң ушул долбоорду жарыкка чыгарган. Долбоор ар бир сезондо атын өзгөртүп, 5 жыл ичинде “Жылдыздар муз үстүндө”, “Муз доору”, “Муз доору-2”, “Муз доору. Глобалдуу жылуулук”, “Муз жана жалын” деген аталыштар менен чыкты.
Сезон бүткөндө телешоу Орусиянын түрдүү шаарларын кыдырып, Авербух алпаруучулук кылат. Турдун рекорду былтыр катталып, алар өлкөнүн 50дөн ашуун шаарын кыдырышты. Шарт боюнча, анда спорт, театр, кино, эстрада жана тележылдыздары менен муз үстүндөгү профессионал бийчилер жупташып бийлешет.

СПОРТТОН ӨТӨ ЖАШ КЕТКЕН
Илья Авербух 18 жана 20 жашында Марина Анисина менен жуптукта өспүрүмдөр арасында 2 ирет Дүйнө чемпиондугун уткан. Жетишкендиктерин бетке кармап, профессионалдык муз үстүндө бийлөөгө аттанат. Мыкты натыйжа үчүн мыкты шарт керек деген каарманыбыз АКШда 8 жыл жашаган. Чет жердеги машыгуу жемишин берип, Олимпиада оюндарында 2-орунду, Дүйнө биринчилигин 2 ирет утууга жетишти. Карьерасы 2004-жылы аяктайт.
Учурда спортчудан спорттон эрте кеткени тууралуу суроолор көп суралат. Жообу: өнөгү Ирина оор жаракат алып, кеңешип, спорттон кетүү чечимин чыгарышкан. “Журналистика же телевидение тармагында иштейм” деген ой аны Орусияга жетелеп, адегенде “Муз симфониясы” компаниясын түзөт. Карт бойдок футбол, теннис жана автожарыштарын көрүп эргүү алат.

КАНДАЙ ҮЙ-БҮЛӨДӨ ЧОҢОЙГОН?
Илья эки бир туугандын улуу­су. Фехтование менен машыккан 20 жаштагы иниси Даниил жакында өспүрүмдөр арасында Европанын чемпиону болуп, жакындарын кубантты. Кызыгы, атасы Изяслав кесиби боюнча математик-инженер, апасы Юлия Бурдо музыкант болгондуктан, үй-бүлөдө спортчу эмес, композитор же чилистен кү­түлсө керек. Илья чилистен болбосо да, би­лимден өксүбөдү. Москва мамлекеттик дене тарбия академиясын аяктаган.

МУЗ ҮСТҮНДӨГҮ МУЗДАК СҮЙҮҮ...
Жеке жашоосуна келсек, Ильяны спортчу катары багындырган секилеринде жалгыз көрүүгө болбойт. Ал жуптук түрүндө бийлегендиктен, ийгиликтерди Ирина Лобачёва жана Марина Анисина аттуу селкилер менен бирге багынткан. Ирина менен Ильянын жолу жашоодо да кесилишет. Дегеним, алар бүлө куруп, 15 жылдай чогуу жашашкан. Бирок үй-бүлөдөгү келишпестиктер ортодогу уулу Мартинге карабай ажыраштырып тынган. 7 жашар уулу азыр апасынын колунда.
Ажырашууга Иринанын “же мени, же “Муз доорун” танда” деген талабы себеп дешет. Илья баш айланткан ийгиликке жетишкен “Муз доорунан” баш тарта албай, жеке жашоосун экинчи орунга койгон. Ирина: “Илья жумушуна гана көңүл бурчу. Сүйөрүмө карабай ал үй-бүлөнү сактап калууну ойлонбоду. Азыр жакын санаалаштарданбыз”,- деп билдирет.
Учурда экөө жакын достор. Жаңы­лык айтсак, экөө тең жаңы сүйүүлөрүн табышты. Илья “Цирк ханышасы” сериалынын жылдызы, 23 жаштагы Валерия Ланская менен сүйүү гүлүн терип жүрөт. Эске салсак, Валерия «Муз доору-2» долбооруна катышкан. Иринанын актёр Дмитрий Марьяновду “чаап алганы” маалым. Эх-хх, бирөөлөрдү ажыраштырып, бирөөлөрдү табыштырган «Муз доору»!

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 476, 16-22-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан