Куш боо бек болсун!
“Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” деген ырчы Бегимай Эсенгулова сөзүнө туруп, быйыл чын эле турмушка чыкты. Күйөө бала алгач Бегимайды ырым-жырымын кылып Бишкектен Алматыга алып кетти. Бал айын Кытайдан өткөрүп келгенден кийин Алматы шаарында заманбап тоюн өткөрүштү. Ырчы кызыбыз Бегимайдын үй-бүлөлүк жашоосу кандай уланып жаткандыгына кызыгып турсаңыз, өзү менен интернет аркылуу байланышып, маектештик.
– Бегимай, саламатсыңбы?
– Сонун. Чоң рахмат.
– Куш бооң бек болсун! Үй-бүлөлүк жашоо кандай экен?
– Албетте, жакшы. Күнүгө жолдошум экөөбүз чогуу тамак жеп, чогуу телевизор көрүп, чогуу жумуштарды кылып, киного барып, бири-бирибизге кам көрүп дегендей. Баары жакшы.
– Казак жергесине көнүп калдыңбы?
– Башында бул жакта тааныштарым жок, бир аз кыйналдым. Апамды, досторумду, силерди сагынып жүрдүм. Азыр көнүп калдым. Курбуларым конокко келип турушат. Апам менен күнүгө интернет аркылуу сүйлөшөбүз.
– Бал айы кандай өттү? Кытайдын кайсы шаарларында болдуңар?
– Бал айы унутулгус өттү. Хайнань аралына бардык. Жолдон Циндао шаарына токтоп, андан Шанхайга учтук. Ал жакта жолдошумдун достору жашагандыктан, алардын үйүндө конок болдук. Ошентип, биз көксөгөн аралга да жеттик. Ар бир шаардан көп кызыктуу жерлерге бардык. Мен үчүн кызыктуу туюлганы, Кытайда жөө адамдарга жол берилбейт экен. Жолдун аркы бетине өткөндөн коркосуң. Бизде өткөрбөсөң айып төлөйсүң го. Ал жакта тескерисинче экен. Ушул нерсе мени таң калтырды.
Жолдошум бир орунда отурганды жаман көрөт. Андыктан көп кыдырып, кызыктуу жерлерге бардык. Менин эсимде калган сонун окуя мындай болду. Аралга барганда бизди аэропорттон жеке гид – кытай жигит тосуп алды, колунда мага арналган 50 роза менен. Анан мейманканага барганда номердин ичинин бардык жеринде роза гүлүнүн желекчелери себилиптир. Көрүп, өзүмдү кинодогу актрисалардай сезип кеттим. Көрсө, жолдошум баарын уюштуруп коюптур. Абдан жагымдуу сюрприз болду.
– Үй-бүлөлүк жашоодо кандай кызыктуу окуялар болуп жатат?
– Кызыктуу окуялар көп эле. Экөөбүз эле жашагандыктан, жолугушууларга барып турабыз. Мен кечинде жасанып, “аяй” көйнөгүмдү кийип даярданып турам. Руслан жумушунан кийин үйдүн жанына келип мага телефон чалат, “чыгыңыз, мен келдим” деп. Анан экөөбүз тең кино көргөндү жактыргандыктан, кинотеатрга барабыз, боулинг, стол үстүндө хоккей ойнойбуз. Айтор, кыз-жигит болуп жүргөн убактардай эле кызыктуу күндөрдү өткөрүп жатабыз. Эгер менден “бактылуусуңбу?” деп сурасаңыздар, ойлонбой туруп “албетте, бактылуумун” деп жооп бермекмин. Бардык кыргыз кыздарына ушундай бакытты каалайм.
– Ырчылыкты таштайсыңбы?
– Убакыт көрсөтөт.
– Бегимай Асылбекова деп турат го. Асылбекова болуп алдыңбы?
– Ооба. Фамилиямды өзгөрткөм. Анткени жарандык алганга, балдардын фамилияларын каттоодо оңой болот да. Бир айдан кийин Казакстандын жарандыгын алам.
– Маегиңе рахмат. Дайыма ушундай маанайда жашагыла.
– Сиздерге да рахмат.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg