Чыр-чатактын үстүндө жүргөн атактуу актриса жана модель Линдсей Лохан сумкасын жоготуп алды. «Сумканын ичинде бардык документтер, көп суммадагы акча жана сотко байланышкан баракчалар бар болчу» деп күйүп-бышууда. Бирок буга көпчүлүк ишенишпейт. Анткени актриса Линдсей өзү колу туткактык менен жабыркап, бир канча жолу кылмышы сотко ашырылган.