8-Декабрь – Телекызматкерлердин күнүндө Нурдөөлөт Копоев сыйлык алды. Тактап айтканда, Нурдөөлөт өзү эмгектенген кайсы бир телеканалдын «Мыкты алпаруучу» деген диплому менен сыйланыптыр. «Нурдөөлөт таң атпай эфирге эки саат чачын жасап, кызыл-жашыл көйнөк кийип, айтор, абдан катуу даярданат. Мына ошондуктан татыктуу эле баасын алды окшойт» деп кесиптештерим тамаша-чын аралаш айтып жатышат»,- деп кубанат алпаруучу.