ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Иран

ИРАН ПРЕЗИДЕНТИНЕ ДА БУТ КИЙИМ ЫРГЫТЫЛДЫ
13-декабрь күнү президент Махмуд Ахмади-Нежад Сари шаарында сүйлөп жаткан кезде ага карай бут кийим ыргыды. Кокустан “атылган окко” президент мыкты реакциясын көрcөтүп, ыкчам бурула калып кутулду. Бут кийим ыргыткан адам Рашид аттуу жумушсуз болуп чыкты. Бир жыл бою кийим чыгаруучу ишканада айлык албай иштегенден кийин жумуштан куулганына ыза болгондуктан, анын ушундай кадамга барганы маалым болду.
Адатта, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө бут кийимди кайсы бир адамга ыргытуу ошол адамды жаман көргөндүн белгиси болуп саналат. Эске салсак, 2008-жылы Багдадда АКШнын президенти Жорж Бушка карай журналист бут кийим ыргыткан. Ошондой эле “чабуул” 2010-жылы Пакистандын президенти Асиф Али Зардариге каршы да жасалган.

Англия

МАРГАРЕТ ТЭТЧЕРДИН СӨӨГҮ ЧЕЛСИГЕ КОЮЛАТ
ХX кылымдын көрү­нүктүү саясатчыларынын бири, Англиянын экс-премьер-министри Маргарет Тэтчер өзүнүн акыркы сапарга узатуу зыйнатынын долбооруна кол койду. “Темир айым” көз жумса, өзгөчө шаан-шөкөтсүз, жөнөкөй өткөрүлмөкчү. Жадакалса премьер-министр учурунда Фолкленд согушунда жеңишке жетишкендиги үчүн урмат-сыйды билдирген аскерий учактардын парадынан да баш тартты. Коштошуу аземи легендарлуу премьер-министр Уинстон Черчиллдики сыяктуу Ыйык Павел чиркөөсүндө өткөрүлүп, ага парламенттин мүчөлөрү жана абройлуу коноктор гана катышат алышат. Ал эми экс-премьердин сөөгү анын өтүнүчү боюнча Лондондун Челси районундагы жолдошунун мүрзөсүнүн жанына коюлмакчы. Аза зыйнатынын алдын ала пландалышы Тэтчердин улгайганынан улам ден соолугунун начарлаганына байланыштуу.
Учурда Тэтчер 86 жаш курагын Белгравия районундагы чоң үйүндө өткөрүп жаткан кези.

Казакстан

ДЕПУТАТТЫН БЕТИНЕ ТҮКҮРГӨН ЖУРНАЛИСТТИН ИШИ БҮТТҮ
Казак журналисти Рафаэль Балгин парламенттин депутаты Танирберген Бердонгаровдун бетине түкүргөндүгү үчүн сот учурунда кечирим сурады. Мажилистин эң жаш депутаты аны кечирерин билдиргенде бул иши жабылды. Соттук отурумга дейре жеткен окуя июль айында Алматы шаарынын көчөсүндө болгон. Балгин бул окуяны мындайча баяндайт: “Мен Бердонгаровду көрүп калып, “сен өзүңдү эркекче алып жүрбөйсүң” десем, ал “полиция чакырам” деп коркута баштаган. Анан мен анын бетине түкүргөм. Ал мени кууп жетип, тээп качып кеткен”. Ал эми депутат полицияга кайрылып, “мага түкүргөнү аз келгенсип сабаган” деп арыз жазган болчу. Балгин менен Бердонгаровдун чыры “Келесоолор” деген пьесага да негиз болууга жетишти.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Kagan
2011-12-19 17:37:56
бут кийим ыргыткан мода боло баштаганго... :)
0
Karakolskiy
2011-12-22 20:24:59
Биздин атка минерлерибиз жакшы иштебесе аларга дагы бут кийимдер ыргый баштайт турбайбы....
0
demid000
2011-12-23 13:29:56
Биздин атка минерлерибиз жакшы иштебесе бут кийим эмес таштар ыргый баштайт
0
№ 476, 16-22-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан