Жанры – Драма
Режиссёрлору – Геннадий Сокольский, Кендзиро Ёсида
Cценарийдин авторлору – Виктор Мережко, Эйити Тати, Сёдзо Мацуда
Оператору – Александр Чеховский
Ролдо үн коштогондор – Светлана Степченко (Лоло), Санаэ Миюки (Пепе), Ролан Быков (Тото, Лолонун атасы), Елена Санаева (Лала, Лолонун апасы), Вячеслав Невинный (Пиго, Лолонун чоң атасы) жана башкалар
Тартылган студиялар – “Союзмультфильм”, “Совинфильм”, “Аист корпорейшн”
Тарткан өлкө – СССР, Япония
Сериялардын саны – 3
Бет ачары – 1-январь, 1986-жыл (СССР), 27-март, 1988-жыл (Япония)
АЖЫРАГЫС ДОСТОР БАЯНЫ
Анча чоң эмес Адели пингвиндеринин тобу Антарктидада өз турмушу менен жашап келишет. Пингвиндердин ургаачылары деңизге балык кармаганы кеткенде, эркектери ургаачылары тууган уядагы жумуртканы басып чыгарышчу. Бирок кичинекей пингвиндердин жаралышына коркунуч туудурган жагдайлар бар эле. Ал ошол аймакта куюндай ылдам соккон катуу бороон, мындан сырткары ачка калган жырткыч канаттуулар келип жумуртка басып жаткан пингвиндерге кол салып, басып жаткан жумурткаларды уурдап кетишер эле. Ушундай ызгаардуу суук күндөрдүн биринде Лоло аттуу эркек пингвин жарыкка келет. Кичинекей Лоло жанда жок тентек, бир нерсеге билип-билбей эле башын тыга бермей жайы бар. Шоктугунан, ойноп жаткан жеринен заматта жоголуп кетмей адатынын айынан апасын көп капага салат. Анын өзү менен тең Пепе аттуу дос кызы да бар. Экөө каякта болбосун эгиз козудай ээрчишип жүрүп, ары кызыктуу, ары коркунучтуу окуяларды башынан өткөрүшөт. Антарктидада илимий экспедициялык иш менен жүргөн топтун ичинде Дон аттуу күчүк менен таанышып, ынак достордон болуп калышат. Биздин каармандар пингвиндерге мыйзамсыз аңчылык кылган кеменин бортуна түшүп калышып, ал жактан эптеп качып чыгып, аларда барымтада жүргөн Мак деген пингвинди да куткарып калышат. Окуянын жүрүшүндө Лоло чоңоюп, пингвиндер тобунун жетекчиси болот.
ЯПОНДУКТАР ЭМНЕГЕ КОШУЛУП КАЛГАН?
"Лоло менен Пепе" же болбосо “Кичинекей Лолонун укмуштуу окуялары” классикалык мультфильми жалпы СССРдин кичинекей тургундары үчүн чоң жаңылык катары кабыл алынган. Япониялыктар менен союздуктардын эмгегинен жаралган бул мультфильмди жаш-кары дебей баары көрүүгө болот. Фильмдин сюжети жөнөкөй жана баналдуу куралганына карабастан, тарбиялык мааниси зор. Жаш көрүүчүлөрдү жакшы менен жаманды айырмалоого, достукка, ата-энеге болгон сүйүүгө үйрөтөт. Буга карабастан аталган мультфильмди сындагандар да болбой койгон эмес. Айрымдардын “япониялыктарды акчасы үчүн эле кошуп алышканбы?” деген какшык аралаш тамашалары жоопсуз бойдон калган. Чынында, мультфильмди көргөндө япониялыктардын философиясына жакын эч бир белги жок. Фильмдин мазмуну орустардын кадимки илгерки жомогундай туюлары бышык.
АМЕРИКАЛЫКТАР КААЛАГАНДАЙ КАЛЧАП...
"Лоло менен Пепе” АКШда катуу сынга алынган. Америкалыктар фильмди аталышынан баштап каармандардын атына чейин өзгөртүп, каалагандай калчашкан. Мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн кемедеги адамдардын пингвиндерди кырып жаткандагы кадрын "кичинекейлер үчүн өтө эле аша чаап кеткендик" деп алып салышканы белгилүү. Мисалы, сценарийдин авторлорунун бири Виктор Мережконун аты атайын япондоштурулуп, титрде V.Meleciko, режиссёр Геннадий Сокольскийдин фамилиясы Sokoljishij болуп өзгөрүп, жогорудагы ысымдар орустардыкы эмес, япондордукундай таасир калтырган. Орустар океандын ары жагындагылардын жоругуна канчалык чычалабасын, америкалыктар мультфильмди дүйнөлүк сатыкка да өздөрүнүн вариантында таратууга аракет кылышкан. Кээ бир батыш өлкөлөрү мультфильмдин үч бөлүгүн бир эле серияга батырып кыскартып коюшкан. Аталган мультфильмдин сүрөтчүлөрүнүн бири, орусиялык Александр Дорогов учурда "The Walt Disney" компаниясында иштейт жана “Лило жана Стич” фильминин аниматорлорунун бири.
Лунара Бекиева
kino@super.kg