Жоомарт Сапарбаев: «МЫЙЗАМ БОЛБОСО АБИЙИР БАР ДА!»

Спикерге ишеним көрсөт­пөө маселеси «Ата Мекен» фракциясы тарабынан демилгеленип, атайын комиссия түзүлүп, коюлган дооматтар териштирилип, акыры төраганын өз ыктыяры менен арыз жазып кызматын тапшыруусу менен аяктады. Туура бир жыл мурун 101 добуш менен шайланган Ахматбек Келдибековдун арызы 103 парламентарийдин добушу менен кабылданып отурат. Төраганын ишмердигинде кетирилген кемчиликтерди тизмектеп, ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөргөн “ата мекенчи” депутат Жоомарт Сапарбаевди кепке тарттык.

– Жоомарт мырза, акыры төрага өз арызын жазып кетти. Бул жыйынтыкка канааттандыңызбы?
– Фракция жыйынында төрага кетирген кемчиликтер жалпы парламенттин аброюна шек келтирип жаткандыгы туурасында айтылып, биз тараптан спикердин ишмердигине саясий жана моралдык баа берилген. “Ата Журт” фракциясынын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен төраганын дарегине тагылган дооматтардын канчалык негиздүү экендигин иликтей турган атайын комиссия түзүлүп, ага беш фракциядан бирден өкүл кирген. “Ата Мекен” тарабынан коюлган дооматтардын дээрлик баарын негиздүү деп тапты. Парламенттик иликтөө ММК өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүп, анда облустук жана республикалык деңгээлдеги мамлекеттик чиновниктер да көрсөтмө берди. Бул парламентаризмдин Кыргызстанда иштей баштаганынан кабар берет. Депутат мындай системада жакшы ниет менен эмес, аргасыздан өз жүрүм-турумун өзгөртөт. Жакында биздин өлкөгө келип кеткен Грузиянын президенти Михаил Саакашвили да: “Саясий жана административдик революция жасадыңар. Ал жеңил иш. Эми аң-сезимде, пейилде революция жасоо милдети алдыңарда турат”,- деп билдирди. Кыргыз парламенти спикерге ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп, аны ачык иликтөө менен эл алдында “ачык сабак” өттү. Бир топ саясий талдоочулар белгилегендей, кыргыз саясий элитасы үчүн бул чоң сабак боло тургандай иш болду. Тилекке каршы, бул нерсени Ахматбек мырза бүгүнкү күнгө чейин терең аңдап-түшүнө албай жатат.
– Тастыкталбай калган эки доомат туурасында эмне айта аласыз? Бул сиздер тарабынан коюлган куру жалаа болуп калдыбы?
– Комиссия мүчөсү болгон “ата журтчу” Курмантай Абдиевдин айтымында, келген кишини мал союп меймандоо кыргыздын салты. Атайын чакырылган жерден даам сызбай кетсе, чакырган тарап таарынат. Ошол себептен төрага барган жеринде бөдөнөдөн жылкы этине чейин сойдурат деген доомат негизсиз. Бирок Курмантай мырза кайра эле ушул сөзүн жокко чыгарып, “Исхак Раззаков, Апсамат Масалиевдер кой да сойдурчу эмес” деп билдирди. “Ата мекенчилер” жөнөкөйлүктүн жана жупунулуктун идеологиясын тутунабыз. “Кайнатасын кеңешчи кылууга жана ага артыкчылыктуу унаа номурун берүүгө тыюу салган мыйзам жок” деген пикирди карманат, Курмантай мырза. Мыйзам болбосо абийир бар. “Туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок” деп айтылат, кыргызда. Спикер – мамлекеттеги экинчи адам. Ал өз жүрүм-туруму менен башкаларга үлгү болушу абзел.
– “Ахматбек Келдибеков кызматтан кетти, ага байланыштуу иликтөө токтотулсун” деген чечим чыкты. Бул экс-төраганы актагандыкпы же “Ата Мекен” фракциясы тарабынан коюлган дооматтарды жалпы палата негизсиз деп тапканыбы?
– Атайын комиссия иликтеп, өз чечимин чыгарды. Анын тыянагы акыркы болуп саналат, аны палата жокко чыгара албайт. Мыйзамга ылайык, “Эркин Тоо” гезитине да жарыяланышы кажет эле. Регламенттин негизинде төрага арыз жазса, ал автоматтык түрдө кызматынан кетет. Добуш берердин алдында ал арызын тапшырганына байланыштуу маселенин предмети жок болуп калды. Ошол себептен жана мыйзамдарды одоно бузбагандыгына байланыштырылып, ага ишеним көрсөтпөө маселеси токтоду. Биз тарабынан коюлган дооматтар саясий жана моралдык мүнөздө. Баары эл алдында ачык айтылып, алаканга салынган соң эми элдин таразасында. Ал эми мыйзам бузуулар боюнча, өз баасын тиешелүү органдар, ошонун ичинде Башкы прокуратура берүүгө тийиш. Жакында жылды жыйынтыктап, Жогорку Кеңештин жетекчилеринин отчёту угулат.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Likvidator
2011-12-25 18:27:05
Жон гана " креслон керек болуп калды агатай " деп атйсанар эркектин иши болмок .
0
№ 476, 16-22-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан