«Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Ахматбек Келдибековго 13 пункттан турган айыптарды айтып чыгып, ишеним көрсөтпөө талабын коюшкан эле. ЖКда абал курчуп, акыры «досун» Камчыбек Ташиев убактылуу болсо да оор кырдаалдан чыгарып кеткен, «депутаттык комиссия түзөлү, анын жыйынтыгын көрөлү» деп. Ал комиссия айыптардын дээрлик бардыгын негиздүү деп тапты. 12-декабрда өткөн кезексиз жыйында бул фактыларды туура деп депутаттардын 95 пайызы колдоп, акыры далилдүү фактылар аргасыз кылды окшобойбу, ушул аптанын башында төрага Ахматбек Келдибеков «креслодон» жылмышты.
«МЫНДАЙ КРЕСЛОНУН ДАЛАЙЫН КӨРӨБҮЗ»
Жыл башында “ата мекенчилер” “спикер эмне үчүн криматалык менен жолугуп, чогуу Жаңы жыл тосот? Кримдүйнө менен өлкөнүн бакандай төрагасынын кандай чогуу иштери бар? УКМК кайда карап жүрөт?” деген маселе көтөрүп чыкканда Ахматбек Келдибеков “бул карандай калп, ушак” деп тоготпой койгону эсибизде. Кайран төрага, “жыл башындагыдай кыйкырып-кыйкырып акыры басылышат” дедиби, алгач өзүнө тагылып жаткан айыптарды “ушак” деңгээлине түшүрүү аракетин көрдү. Башында кесиптештерине өтө эле ишеним артып, “менин тагдырымды куру дооматтар эмес, депутаттар чечет” дегендей күпүлдөгөн Ахматбек мырза ачуу фактылар алды-артынан сайгылай баштаганда гана “өз арызы менен” кресло үчүн жан талашпай тургандыгын баса белгилеп, төрагалыктан кетти. Бирок эртеси эле Ош шаарында чуу түшүп, нааразычылык акциясына чыгып жаткан колдоочуларына барып, артында колдоо бар экенин сезгенде толкунданып кеттиби, айтор, “буга окшогон креслолордун далайын көрөбүз” деп салды.
Бийликтен шыпырылгандагы ич күптүсү тарай элек Ахмат мырза: “Мага спикерлик кызматтан да элимдин урмат-сыйы чоң кызмат катары эсептелинет. Эки жумадан бери, өзүңөр көргөндөй, Өмүрбек Текебаевдин мага койгон дооматтары – менин ишмердигимде эмес, аларга креслонун керектигинде. Мен эч качан орунга жармашпайм. Тынччылык болсун деп коалицияны сактап калдык. Текебаев ким өзү? Менин алдымда ал кичинекей улак!”- деди кармана албай. Төрөпейил мырза ушул сөзү менен калган-каткан аброюн бүт төгүп алды.
Депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев болсо күрөштүн түп маңызы креслодо эмес экендигине басым жасап: “Бул окуя бизде моралдык-нравалык күрөш жүрүп жатканынын далили. Бул жерде “Ата Мекендин” Келдибековго эмес, кримдүйнөгө каршы күрөшү жүрүп жатат”,- деп чыкты.
ЧЕКТЕН ЧЫККАН МИТИНГ
ЖКнын жыйынында минтип кыл чайнашкан тиреш жүрүп жатканда Ак үйдүн сыртында Ахматбек Келдибековду колдоп келгендер митинг өткөрүп, “Текебаевге өлүм!” деп жазып плакат кармап турушту. Тобо, мамлекеттин эң чоң кызматында туруп кримдүйнө менен алака түзгөн, баарыбыздын эсебибизден төлөнүп жаткан мамлекеттик акчаны конокторду тосууга, кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кызматка алып, аларга айлык төлөөгө, мамлекетке пайда алып келбеген эле контораларды түзүүгө короткон Ахматбек Келдибековдун быкыйларын ашкерелеп койгону үчүн Текебаевге өлүм тилеш керекпизби?! Ак үйдүн алдында, Ошто Келдибековду колдоп чогулгандар эмнелерди гана айтышпады. “Текебаев Кыргызстандан чыгып кетсин”, “Уулубуз премьер-министр болсун” деп жатышты. Алайлыктар эр көкүрөк келишет дейбиз, анысында шек жок. Эгер алайлык Ахматбек Келдибековдун эмес, башка жактык чоң чиновниктин дал ушундай былыктары ачылса, алайлык кээ бир туугандар ушинтип коргоп чыгышар беле? Тескерисинче, “мындай адамдын спикер эмес, депутат болууга да укугу жок” дешмек да. Акыркы күндөрү Кыргызстандын башында жүргөн топту бир жагымсыз “илдет” каптады. Кылыктары туурабы, жокпу, мыйзамдуубу, жокпу, аны менен иши жок, креслодон кыйшая баштаса эле бакыртып көчөгө митингчилерди алып чыгууну адат кылышты. Ушуну токтотсоңор кантет, урматтуу чиновниктер?! Карапайым калкка эле ич ачышат.
Текебаев билбеди дейсизби, өзүнө каршы ар кандай каралоолор башталарын? Башкаларга окшоп бийлик менен да мамиле түзүп, май көл, сүт көлдүн үстүндө жүрө берсе болмок да. Бирок ал антпеди. Өзүнө каршы кандай кара пиар башталарын билип турса да чоң чиновниктин былыктарын ашкере кылып, миңдеген кыргыздын көзүн ачты. Жаңыдан гана түптөлө баштаган парламенттик башкаруу ишиндеги жаңы саясий маданиятты калыптандыруудагы Конституциянын автору катары да, депутаттык да милдетин аткарды. Кийинки төрагаларга сабак болчудай иш кылды.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg