ИЧКЕН СУУСУНДУГУНА ЖАРАША ТӨШӨГҮ

Немис сексологдору адамдын сүйгөн суусундугуна карап, анын мүнөзүн жана төшөктөгү дараметин билүүгө болоорун аныкташты.

Винону барктоочулар – өздөрүнүн көз карашын жактап да, өздөрүн коргой да ала тургандар. Төшөктө активдүү келишип, жаңы ыкмаларды колдонууга уста болушат.
Пивону сүйүүчүлөр. Булар адамдар менен бат тил табыша алганы менен өзүмчүл келишет. Өзүмчүл­дүктөрүн төшөктө да көрсөтү­шүп, ороюраак болушат.
Кофени баалоочулар чечкинсиз келишет жана бирөө­лөргө оңой менен ишеним көр­сөтө беришпейт. Төшөктө пассивдүү болгондуктан, өнөктөрү буларды төшөк оюнуна акырындап эритип отуруп даярдоолору керектелет.
“Кола-Кола”, “Фантага” көбүрөөк жакындар – жеңил ойлуу адамдар. Антсе да төшөктө кылыктуу келишет.
Табигый ширелерди сүйүүчүлөр – өз көз карашын туура деп эсептеп, айтканын бербегендер. Төшөктө бардыгы өз орду, тартиби менен болгондугун жактырышат.
Минерал сууларына басым жасагандар. Булар табиятынан жалгыздыкты сүйгөндөр. Ошондуктан, булардын ишенимине кирип, бир нерсеге макулдатуу кыйын. Бирок, жакшы көргөн адамы менен төшөктө черден чыкканча ырахатка бата алышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
jalbyrak
2011-12-24 19:24:48
200% ishenbeim!tuura emes!
+2
admin_media
2013-04-26 15:10:49
edu95kg,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
10 күн банга!
+1
Akbar87
2014-07-23 17:27:40
Конякты ичкендерчи?
0
Sirimo1988
2019-01-03 00:48:36
Аракчы деп кой
0
№ 194, 21-27-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан