АЙСУЛУУ ӨМҮРАЛИЕВА «СУПЕР СУЛУУ-2011» АТАЛДЫ

«Супердин» тандоосу-2011

12-декабрь күнү сыртта кыштын ызгаары уруп турса да, Спорт Ордосунда атмосфера ысык жана жагымдуу болду. Атактуу ырчылар катышкан чоң масштабдуу концерт жана сулуулар сынагы көрүүчүлөрдүн бизге болгон ишеничин актады деп ойлойбуз.

СУПЕР КОНЦЕРТ, СУПЕР СЫНАК...
Салтка айлангандай, «Супер-Инфо» гезити уюштурган «Супер сулуу-2011» сынагы Спорт Ордосунда жыйынтыкталды. Сынак 4 этаптан: өзүн тааныштыруу (коктейль көйнөгүнүн көргөзмөсү), чыгыш бийи, бикини, кече көйнөгүнүн көргөзмөсүнөн турду. Ушул 4 тапшырма аркылуу сулуулардын тагдыры чечилмек.
Бир ай бою чыгыш бийин өздөштүрүү, подиумда басууну үйрөнүү менен алек болгон кыздардын бир буту окууда, бир буту сынакка даярдыкта болуп, чуркап жүрүшкөн. 2000ден ашкан көрүүчүлөрдүн сүрүбү же атактуу инсандар чыгып жүргөн чоң сахнанын күчүбү, айрым кыздардын толкунданганы үнүнөн, басканынан билинип жатты. Бирок ал башталышы гана болчу, андан ары көрүүчүлөрдү укмуш шоу күтүп турган.
Бийчи, шоумен Бакыт Байсариев кыздар менен чогуу «живой» барабандын коштоосунда көрүүчүлөргө курсак бийи боюнча «мастер-класс» өтүшкөнү өзгөчө эсте калды. Андан кийин кымча бел сулууларыбыз биринин артынан бири кериле басып, бикиниде келбеттерин көрсөтүштү. Акыркы тапшырмада кече көйнөгүнүн көргөзмөсүн элге тартуулап, аягында 4 тапшырма боюнча өзүн татыктуу көрсөтө алган алдыңкы үчтүк калыстардын баасы менен жарыяланды.

КЫЗДАРДЫН БААРЫ СУЛУУ, БИРОК ЖЕҢҮҮЧҮ БИРӨӨ
Сынакта баары болду, айрымдары бири-бири менен бат тил табышып, жакын курбу арттырышса, айрымдарынын ортосунда, тилекке каршы, түшүнбөстүктөр жаралып, жакшы-жаман айтышкандарына күбө болдук. Албетте, баары «Супер сулуу» наамын алууга далалаттанып жаткандыктан, бири-бирине атаандаш экенин унутушкан жок. Кыздардын ар бир тапшырма боюнча өзүн кандай көрсөтө алгандыгына жараша калыстар өз баасын беришти. Алардын арасында биз сыймыктанган ырчылар Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова, Маданият жана маалымат министри Нурланбек Шакиев, диктор Айнура Кабатай кызы жана башкалар бар эле. Ошентип, жыйынтык мындай болду:

“Супер сулуу-2011” сынагынын жеңүү­чүсү – Айсулуу Өмүралиева.
“Сымбаттуу сулуу” наамынын ээси – Айтурган Исраилова.
“Ажарлуу сулуу” атагын Айзада Абдиева алды.

«Супер сулуу» Айсулуу жакынкы убакта чет өлкөлөрдүн бирине эс алууга сапар тартмакчы. Андан сырткары «Келдике» зер борборунун чеберлеринин колунан жасалган кымбат баалуу таажыны «Супер-Инфо» гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов тапшырды. Ал эми «Сымбаттуу сулуу» Айтурганга «Дордой Плаза-2» соода борборунан
10 000 сомго, «Ажарлуу сулуу» Айзадага «Села» соода түйүнөн 10 000 сомго сертификат берилди. Ал эми калган катышуучуларга атына заты жарашкан наамдар ыйгарылды.
Ооба, кыргыздын кара көз, керме каш кыздарына эч ким жетпейт. Бул сынакка катышкан 14 кыздын баары сулуу, баары татыктуу, бирок жеңүүчү бирөө гана!

Айсулуу Өмүралиева,
“Супер сулуу-2011”.

– Айсулуу, сыйлык кут болсун!
– Чоң рахмат.
– Сынакта жеңгениңдин сыры эмнеде деп ойлойсуң?
– Эң негизгиси, сахнага чыкканда өзүңдү эркин алып жүрүшүң керек. Эгер сүрдөп, тырышып, коркуп чыксаң, анда көрүүчүлөргө да эч кандай жагымдуу маанай тартуулай албайсың. Негизги сыр ошол эле.

Айтурган Исраилова,
“Сымбаттуу сулуу-2011”

– «Сынакта орундар сатылып алынды» деген сөз­дөр­дү айтып жаттыңар. Эми ишендиңби, «Супер-Инфонун» сатылбай турганына?
– Негизи, «байгелер сатылып алынган» деген сөздөр тарап кетти эле. Бирок, чындыгында, сахнада өзүңдү көрсөтө алсаң, татыктуу орунга илинет экенсиң. Буга көзүм жетти.

Айзада Абдиева,
“Ажарлуу сулуу-2011”

– Өзүңдү татыктуу орун алдым деп эсептейсиңби?
– Албетте, «Ажарлуу» деген наамга татыктуумун. Чоң сахнага биринчи жолу чыкканыма карабастан, өзүмдү эркин алып жүрдүм. Жагымдуу жылмайганым, назиктигим менен калыстарга жактым деп ойлойм.

«Супер сулуунун» таажысы тууралуу
Азамат Макешов, “Келдике” соода борборунун жетекчиси:

– Үч жигит таажынын үстүндө кеминде эки жума иштедик. Бир бала эскизин чийип, экөөбүз аны колго жасадык. Таажы 925-пробадагы күмүштөн, тоо хрусталы, циркон менен жасалгаланды. Анын өзгөчөлүгү – «Супер-Инфо» гезитинин символикасына айланып калган куштун бийиктикке обологон канаттары коюлуп, кыргыздын оймо-чиймелери менен кооздолгонунда.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жылдын СУПЕР концерти. "Супер сулуу - 2011" сынагынан репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Pakal
2011-12-20 17:34:18
Женуучу кыз жонокойууроок болсо жакшы болмок экен. Мен калыстар тобунда отурсам жизнь утмак эмес...
0
Fekus
2011-12-20 20:37:48
мен супердин концертине 2кун тен бардым. аябай жакшы болду,учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирейин,концерт коргондой болдум чындыгында. ал эми сулуулардын арасынан Айтурган Исраилованы 1-орунга корсотмокмун. 1-орунду алган кызды супер сулуу эмес ажарлуу сулуу деп да эсептебейм. Мага эле эмес копчулукко жаккан жок
0
Fekus
2011-12-20 20:39:24
Кече койноктун эн жакшысын оригинальныйын да Айтурган Исраиловадан коро алдык
0
samat-91
2011-12-21 06:46:41
сулуу кыздар экен!
0
nurbyby
2011-12-21 15:50:32
magada jakpadi super suluu kiz
0
Ayzatka
2011-12-22 09:22:46
Айтурган жакшы аткарган баарын бар бол ийгилик сага
0
asman2000
2011-12-22 15:40:57
Кошмаааааааааааааааар!!! Соз жок!
0
AkyL
2011-12-23 00:36:52
АЙСУЛУУ ӨМҮРАЛИЕВА Супер Сулуука татыктуу деп эч айта албайм.
0
beka88
2011-12-23 16:54:08
Ата-Бабабыздан салтты, уят сыйытты унутуп койгонубуздан ушинтип кыргыздар жоголуп баратабыз...
0
Барби
2011-12-23 17:42:16
Айсулуунун коздору абдан сулуу экен. мен да концертке баргам биринчи куну ушу сулуулар учун. чынын айтсам.Кыздар биринен-бири откон сулуу экен. Баары жэакшы даярданышыптыр. Ал эми Айсулуу сахнадан сурдогон жок. ошол жагына мен да 5 койдум. суперчилерге рахмат. Чынында сынак жакшы даярдалыптыр. Артыкча бийлеп жатканда жанымда отурган жигиттердин коздору токтоп калды го чиркин.
0
Pipi
2011-12-24 13:06:46
Концертке барган жокмун,себеби Ошто болчум.Барбаганым да жакшы болуптур деп тим болалбадым,комменттерди окуп отуруп! Менин жеке оюм,Европа өлкөлөрүнөн артта калбай ушундай конкурстарды өткөрүп жаткандары кубандырбай койбойт албетте бирок,биз кимди ээрчибейли мусулман бойдон калышыбыз керек! Бикини шоусуна каршылардын катарына кошулам.Кыздарыбыз сынактын уюштуруучуларынын талабы боюнча чыккандары айтпаса да белгилүү эмеспи,сулууларды к&#
0
Pipi
2011-12-24 13:25:59
Сулууларды күнөөлөгөндөн алысмын.Ошентсе да,кыздарга концертке жалан гана аялдар же жаштар келет деген кепилдик берилген эмес! Залда кимдер,кандай ой менен карап отурганын биле туруп,кээ бир тамчыдай болсо да намысы бар кыздар сүрдөп,жанылыптыр,тескерисинче атак-данк,авторитет(аялдардын алдында эмес!),сыйлык үчүн,биринчи орунда пенде,анан аруузат аял экенин унутуп,өзүн бардык жактан көрсөтүп койгон кызыбызд
0
Pipi
2011-12-24 13:34:36
ы Ала-Тоо "сулуусу"деп тандап алып,сыймыктанып карап отурабыз! Ар бир кыздын өзүнүн"изюминкасы"бар."Денесин баалоо"деген түшүнүк бизде болбой эле койсо дейм тек гана! Жалпыныздардын жаны жылыныздар менен,ар бир үй-бүлөгө бакыт,тынчтык,ырыскы,ынсап,алыста жүргөн кыргыз бир туугандарыбызга аманчылык каалайм!
0
LadyMarmelade
2012-01-06 00:34:17
mende jakshy korsotpoi koidu goo!!! Kuruch tishterden kiyin ochup kalyp jatat!!
0
Bostery
2012-01-22 23:58:25
Кыргыздар бири бирин Коро албайт
0
№ 476, 16-22-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан