"Ии, эмне болуп кетти?" деп таң калып жатасызбы? Таң калбай эле койсоңуз болот, анткени Тынай Алыбаев “Бир сүрөттүн тарыхы” деген тасмада темир тор артына түшүп калган мырзанын ролун аткарат. Фильмдин режиссёру Токтосун Жакыповдун мелодрама жанрындагы бул тасмасы 6 айда тартылып бүттү. Тынайдан сырткары фильмде азыркы балет чөйрөсүнүн жылдызы, балерина Асел Айдарова башкы каарман кыздын ролун жараткан. Аталган фильм 16-декабрдан 30-декабрга чейин “Манас” кинотеатрында көрсөтүлөт.