Бир бүркүм... «КОНГАНТИЕВДИ САКТАП КАЛГАМ»...

  • Талас облусунун учурдагы губернатору Койсун Курманалиева: "Молдомуса Конгантиевди митингчилер сабап, эми асалы деп жатканда автоунаа менен алып чыгып кеткем",- дейт.
  • Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов Далай-Ламага 10 жыл мурун тоодон тапкан көгүлтүр ташты белек кылды. Таштын үстүндө Тибет Автономиялык Республикасынын сүрөтү бар болгону Далай-Лама үчүн өтө жагымдуу белек болгон.
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысынын орун басарлары болуп Ошто төрөлгөн, 45 жаштагы генерал-майор Рустам Мамасадыков жана Нарында төрөлгөн, 40 жаштагы Аман Мамбетсеитов дайындалды.
  • УКМКнын курамында Коррупцияга каршы кызмат түзүлүп, анын директору болуп Бектен Сыдыгалиев дайындалды.
  • “Пирамида” телеканалынын жалпы баасы 3 миллион 784 миң сом деп бааланды.
  • Жардыргыч, баңгизат жана курал-жарактардын мыйзамсыз түрдө ташылуусуна бөгөт коюу үчүн Жалал-Абад облусунун аймагында 6 жерге блокпост коюлду.
  • “Кыргызстанда жумушунан негизсиз бошотулган адамдын сотко кайрылуу мөөнөтүн бир айдан эки айга дейре узартыш керек”,- дейт депутат Курманбек Дыйканбаев.
  • 120 депутаттын автоунааларын оңдоп-түзөөгө жана айдоочуларынын маянасын төлөөгө 2011-жылы, бүгүнкү күнгө чейин
    75 миллион сом каражат жумшалган.
  • 15-декабрдан тартып Бишкектеги “Ала-Тоо” борбордук аянтында 23 метр бийиктиктеги башкы балатынын оту жанды.

Турдугүл Каримова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Аида
2011-12-21 10:08:47
75 миллион сом ничего себе,ылайым тешип чыксын.
0
33SUUN
2011-12-22 20:29:41
нормально.30мин айдоочунун маянасы болсо 22 миндей сом ар бир машинага ремонтко коротулган.
0
№ 476, 16-22-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан