Н.ШАКИЕВге КМШнын АТКАРУУ КОМИТЕТИНИН АРДАК ГРАМОТАСЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Маданият жана маалымат министринин милдетин аткаруучу Нурланбек Шакиев Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигинин аткаруу комитетинин Ардак грамотасына ээ болду. Аталган грамота министрге КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылган. Ардак грамотаны Москва шаарында өткөн жыйында КМШнын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Токтасын Бузубаев тапшырып, эл аралык мамилелерди чыңдоого кошкон салымы, буга чейинки аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Аида
2011-12-21 09:59:30
Куттуктайбыз,мына ушундай кабарлар кулакты суйунтот.
0
Gugi
2011-12-21 11:36:15
Кайсы арына ардак грамотаны алып жатат,жарытып кылган бир иши жок. Министр болуп отургандан бери эмнени кыйратып ийиптир?
0
iamfirst
2011-12-23 09:25:18
Козго басар, ооз толтуруп айтаар ишине кубо болгон жокпуз го...
0
miranana
2011-12-23 11:09:15
Азаматсыз Нурлан аке! Кылган эмгегиниздин узурун коруп журо бериниз! Сиз менен сыймыктанам! Уй булолук бакыт, чыгармачылык ийгилик каалаймын!!!!!!!
0
№ 476, 16-22-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан