Кылмыштуу топтор менен эч кандай мамилеси жок экенин, мындан кийин да болбой турганын баса белгилеп келген депутат Уланбек Чолпонбаев бир канча иштин башын ачты. Ал Камчы Көлбаев менен Жаңы жыл күнү жолукканын, аны менен сүрөткө түшкөнүн да айтты. “Адатта, мен Жаңы жылды Ысык-Көлдө тосом. Өткөн жылы 31-декабрда мейманканалардын биринде Көлбаев менен жолугуп калгам. Экөөбүз жердеш болгондуктан, мен аны тааныймын. Ошондуктан аны менен жөн гана учурашкам. Чагымда, ошол убакта Көлбаевге издөө жарыялана элек болсо керек эле”,- дейт депутат. Ошол эле күнү төрага Ахматбек Келдибеков менен да жолукканын белгиледи. “Бирок Келдибеков менен Көлбаевдин жолукканын көргөн эмесмин”,- дейт ал.