Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин чет өлкөлүк жарандардын паспорт алуу ишин татаалдаштыруу боюнча токтому Кыргызстан үчүн жакшы нерсе экенин Өнүгүү фонду айтып чыкты. Алардын маалыматына ылайык, учурда 220 миң кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алып, ошол жакта жашашат. Алар башка өлкөдө иштеп, ошол өлкөнүн экономикасын алдыга жылдырып жатышат. Мына ошолор чет жерлерде иштебей өз өлкөсүндө иштешсе, мамлекетте экономикалык жылыш болмок. Ушундан улам алар президент Алмазбек Атамбаевдин эмгегинин үзүрү өлкөгө кайтып келген мигранттардын санына тете болорун баса белгилешет. Анткени Орусияда иштегендердин кайтып келиши өлкөдө жакшы маяналуу татыктуу жумуштар пайда болгонун айгинелейт.