Бишкектин негизги көчөлөрү жарыксыз калышы мүмкүн. “Түндүкэлектр” ишканасы Бишкектин Жусуп Абдрахманов, Иса Ахунбаев, Болот Юнусалиев көчөлөрүн жана Манас, Жибек Жолу, Чүй проспектилеринин электр жарыгын өчүрөрүн жар салды. Мунун баары төлөнбөй жаткан карыздын айынан экенин да жашырган жок. Учурда көчөлөрдү жарык менен камсыздаган «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын “Түндүкэлектр” ААКсына болгон карызы 8 миллион 826 миң сомду чапчыйт. Бул сумма электр жарыгынын баасы менен кошо 2009-жылдан бери акчанын өз убагында төлөнбөгөндүгү үчүн 0,1 пайыздык үстөктөн улам топтолгон карыз экен.