Ак үй тараптан “коалиция куралды. Ага 4 фракция кирди: “Республика”, “Ар-намыс”, “Ата Мекен” жана КСДП. “Ата Журт” оппозицияда калды” деген шыбыр кеп келди. Ошентип, “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиевдин айтканы келип, оппозицияда калышты көрүнөт. Негизги майлуу орундар да бөлүштүрүлүп бүткөн өңдүү. Алсак, өкмөт башчылык Өмүрбек Бабановго, вице-премьер-министрлик “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Жоомарт Оторбаевге, ал эми Ахматбек Келдибеков араң бошоткон төрагалык КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбековго берилгени жаткан имиш.
Мына эми ушул талапкерлер коалициянын ичинде “жумшак тандоо” боюнча 16-17-декабрда парламенттик отурумда каралганы жатыптыр. “Жумшак тандоо” дегени “коалицияга кирген фракциялар гана тандоого катышып, оппозиция эшик артында тыңшаган бойдон калат” дегенди туюндурат эмеспи. Былтыр Текебаевдин спикерликтен кулаганы өңдүү саясаттын сасык оюндары бул ирет болбойт көрүнөт.
КСДП тарабынан спикерликке сунушталып жаткан вице-спикер Асылбек Жээнбеков «коалиция куралды» деп айтууга али эрте экенин билдирди.