ПРЕЗИДЕНТТИН МҮНӨЗҮ КАНДАЙ?

Шайлоо алдында көзү ачыктарга “ким журт башчысы болот?” деп кайрылганыбызда көпчүлүгү Алмазбек Атамбаевдин атын аташкан эле. Ошентип, элибиз жаңы ажолуу болду. Бул журт башчыбыз кандай мүнөзгө ээ? Эл өз тагдырын кандай адамга тапшырып жатат? Ушул жаатта ажону ар тараптан изилдеп көрөлү дедик.

ЖЫЛЫ ЖАНА ЖЫЛДЫЗ БЕЛГИСИ БОЮНЧА...
Атамбаев Алмазбек Шаршенович 1956-жылы 17-сентябрда туулган.
Демек, жылы маймыл, жылдыз белгиси бийкеч. Колдоочу планетасы Меркурий, табияты Жер.
Жылдыз белгиси боюнча алсак:
Тартипке жана гармонияга жакын, сылык, калыс. Адамдардагы тактыкты, чынчылдыкты, чыгармачылыкты сүйөт. Алдына койгон максаты үчүн талбай эмгектенет. Куру кыялдардан алыс, башкача айтканда, реалист. Жогорку жөндөмдү жана курч анализди талап кылган иштерди аркалай алат. Илим жана мамлекеттик кызмат, коммерциялык ишкердүүлүк дегендер ийгилик апкелет.
Мамилеге бекем, бирок мамилелер ортосунда жарака кетсе, аны эч качан кечирбейт. Бирөөнү сүйүп турган кезде да анын кемчиликтерин көрө алат. Бирок мунусу сүйүктүүсүнө баш кошуусуна жолтоо болбойт. Темпераменти жагынан меланхолик.
Бул жылдыз белгини Меркурий планетасы башкаргандыктан, курч акылдын ээси.
Жаман жактары:
Тааныш эмес чөйрөгө кыйынчылык менен көнөт. Адамдардын көңүл борборунда болууну каалабайт. Сынга жакын, жадатып көп сүйлөйт, майда, жемечил.
Принциптерин өзгөртүү алар үчүн оор. Кокус шериктери тарабынан сындалса, аны өзүн басмырлоочулук катары кабыл алат. Өзүнүн сценарийи менен түзүлбөгөн иштерге кабылса, дайынын таппай калат. Кээде адамдарга жага бербеген мүнөзүн көрсөтүп, кысымга алат.
Ден соолугу:
Бийкечтер эмгекчил болгондуктан, көп убакта чыңалып иштешет. Андыктан нерв илдеттерине көп кабылышат. Ошондой эле уйку бези, ичеги-карын ооруларына жакын.

Маймыл жылында төрөлгөндүктөн, бул мүнөздөрдү да алып жүрөт:
Дүйнөдөгү окуяларга кызыгуу менен баам салган, интеллектуалдуу, ойлоп табуучулук жөндөмгө ээ. Эмне менен алектенбесин, жыйынтыгында белгилүү адам болууга мүмкүнчүлүгү бар. Бир орунда турбаган энергиялуу мүнөзү адамдарды өзүнө тартып турат. Кыйынчылыктарга кабылган дос, тааныштарына март, жардамын аябайт. Тазалыкты, тартипти сүйөт. Абдан куу, бирок куулугун көрсөтпөөгө дарамети жетет.
Жаман жактары:
Бир нерсеге баш-оту менен киришсе, маанилүү дегендерди да таштап коюп, кийин кейийт. Эмнеден баштаарын билбей эле көп иштерге бир убакта киришип кетет. Кежир, айтканын бербейт, эмоционалдуу.

Стихиясы жер болгондуктан, жакшы жактары:
Жер сыяктуу ички байлыкка бай.Үйгө, үй-бүлөгө, улутка, мамлекетке абдан байланган. Тартип жана стабилдүүлүктү сүйөт жана жарата алат. Таарынтууларды жүрөгүнө жакын кабыл алат, бирок ал адамды бат эле кечирип коюшу мүмкүн. Өз тапканы менен жашап, кирешесин көбөйтө алат. Чыдамкай, оорчулукту көтөрө билет.
Жаман жактары:
Өзүнө жана тегерегиндегилерге катуу, кежир. Жаңы өзгөрүүлөрдү кеч кабыл алат, бирок кабыл алары менен ага болгон күчү менен жабышып, аягына чейин өздөштүрөт.

ХИРОМАНТИЯ
Узун, шадылуу колдор – көз карандысыз, ойлоп табуучулук, илимге жакындык. Өтө көп мээнет кылууну талап кылган иштерде иштей билүү.
Тоголок формадагы тырмак – ачык касташуудан кача билүү. Дипломатияга же куулукка салып маселени чечүү.
Узун чыпалак – чөйрөдөгүлөргө мыкты таасир эте алуучу күч, адамды тартып туруучу касиет, лидерлик. Бул сапаттарды өзүнүн же башка адамдардын кызыкчылыктары үчүн колдонуу.
Алаканды жайганда манжаларынын бири-биринен бирдей аралыкта турушу – ийгиликке жетүү жолдорун билүүчүлүк, маселелерди талдай алуучулук.

АЖОНУН КАТЫЛГАН СҮРӨТҮН КИМ ТАПТЫ?
Конвертке президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн салып алып көзү ачыктарга жөнөдүк. Аларга конверттин ичин ачтырбастан алдына коюп, “мында эмне бар экенин билип бериңиз. Эмне көрүнсө, ошол тууралуу да кененирээк айтып берсеңиз” деген тапшырманы айттык. Жыйынтыгы төмөнкүчө болду.

Майрам Жакыпбек кызы:
(Теспесин конверттин бетине коюп, улам токтоп айта баштады)
– Тоголок нерсенин элеси түшүүдө. Адамдын башына окшошуп жатат. Эркек экен. Ой, дагы бир элес түшүп жатат. Мунусу аял экен. Эркектин жашы улуу болсо, аял жаш. Ошондо сүрөттө 2 адам бар. Эркек адамдарга жакшылык апкелет. Кызматта иштейт. Эки баласы бар. Иши жакшы болот, алдыда аны чоң 3 ийгилик күтүүдө. Жанында кара папке жатат. Анда жашыруун чечилчү иштер боюнча кагаз бар. Аял боюнча маалымат түшпөй жатат да. Үшүп да кеттим, башка айта албайм.

Дилдара Буларкиева, айтымчы, элдик табып:
(Төлгө таштарын чачып, анан аларды карап айта баштады)
– Сулуу сымак адам түшүп жатат. Аялбы? Жок, эркек экен. Бешенеси жарык, чачын ак аралап калган. Көп ойлор курчап турат. Негедир жаркыраган так аны көздөй жылып бараткандай. Кызматка келет. Адамдар ызы-чуу болуп курчап алыптыр. Бул мамлекеттеги маанилүү кызматкер. Азырынча ушулар эле түштү.

Медина Бакай кызы, экстрасенс, телепат:
(Алаканын конверттин бетине тийгизип-тийгизбей, көзүн жумуп узакка унчукпай отуруп, анан айтууга киришти)
– Бул сүрөттөн мен адамдын аурасын, сүрөткө түшкөндө калып калган энергиясын сезип жатам. Демек, сүрөттөгү – адам. Сүрөттөн муздагыраак илеп келип, узун сөлөкөт көрүнүүдө. Демек, эркек, бою узун. Аурасында оң эмоцияга жык болуп тургандыгы билинет. Сыягы, жакшы кабардын ээси болгон. Колдоочулары чоң жол ачып бериптир.
Алдында жазууларга толгон барактар жатат. Көп эл курчап жүрөрүн да көрсөтүп жатышат. М-м... Ким болду экен? Токтоңузчу, оюмду бир жерге топтоп алайын (кайрадан көзүн жумуп ойго батты). Өңү-түсү даана көрүнбөй жатат, бирок орду тээ бийикте экен (кайрадан көзүн жумуп). Сыягы, бул президент. Ооба, жаңы ажо Атамбаев.
Сеансым жабылды, башка айтпайм.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

АСТРОЛОГИЯГА ИШЕНЕСИЗБИ?

Болот Жамурзаев,
эколог:

– Жылдыздар менен адамдардын ортосунда байланыш бар экенине ишенем. Тээ илгери эле ата-бабаларыбыз жылдыздарга ат коюп, алардын жайгашуусуна маани берип келишкен. Бул жөн жерден пайда болгон нерсе эмес. Жашоодо сөзсүз жардамы тиет.

Бегимай Акулова,
студент:
– Мен ишенбейм. Ислам дини менен байланыштырып карай турган болсок, анда астрология алсыз. Мусулманчылыкта адамдын тагдыры кандай болорун Кудайдан башка эч ким так айта албайт. Бүбү-бакшылардын иши да диний жактан туура эмес.

Дүйшөн Батырбеков,
мугалим:
– Ишенем. Негизи, астрология абдан маанилүү илим. Бирок азыр күчтүү астрологдор калбай баратат. Божомолдоп айтышат. Ошентсе да, көпчүлүк учурда гезиттердеги жылдыздар төлгөсүн карап чыгам. Дээрлик 60-70 пайызы жашоомо дал келет.

Гүлсара Мамбеталиева,
пенсионер:
– Ишениш керек, аалам менен адамдын ортосунда сырдуу байланыш бар. Бардык планеталар биздин жашообузга таасирин тийгизет. Мисалы, “Манас” эпосунда ишибиз оңунан чыгат деп баатырлар жылдызга карап жол жүрүшүп, айткандары дал келчү.

Кадырбек Сыдыков,
жеке ишкер:

– Жылдыздар төлгө­сүндөгү билдирүүлөрдү карасам, көбүнчө туура чыгат. Мусулман катары кээде ишенбей кетем. Ал эми жанагы бүбү-бакшы дегендерге таптакыр ишенбейм. Алардын деле, мүмкүн, касиети бардыр, бирок реалдуулукту бурмалап коюшат деп ойлойм.

Азалия Байсабаева,
тигүүчү:
– Адамда 6-туюм, 7-туюм деген нерселер бар эмеспи. Бул ошол астрология менен байланыштуу. Мисалы, илгерки Калыгул олуянын айткандары бүгүн туура чыгып жатпайбы. Бирок негедир жылдыздар төлгөсү менин жашоомо дал келбейт.

Шумкарбек Садиров,
студент:
Мен мындай нерселерге көп кызыкпайм. Ошондуктан ишенем же ишенбейм деп айта албайм. Мусулман болгон соң келечекти алдын ала айткандарга ишенбеген эле туура.

Автандил Добулбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
kubik
2011-12-19 19:58:46
Экстрасенсордук жондому бар адамдар бар экени, алардын корбой билбей туруп, откон окуяны коро алгандыгы коптогон фатылар м-н далилденген. Бирок ошолордун кылган ишинин кайсынысы туура, туура эместиги чон суроонун астында турат. Менин оюмча келечекти айтуу туура эмес болуш керек. Кучтуу маг, бакшылар бироонун келечегин коро алат бирок копчулугу айтпайт, олгон адам канчалык жаман болсо да жамандабайт. Кыязы алар да билсе керек айтууга болбогонун.
0
Bishkek
2011-12-19 23:48:16
супер инфо Медина Бакай кызын адресин же ном берип койгулачы сураныч
0
MiranA
2011-12-21 14:27:00
Bishkek, "Супер-Инфо" гезити тиги же бу инсан жөнүндө жеке маалыматтарды таркатпайт!
0
Bishkek
2011-12-24 22:16:51
MiranA...thk.
0
Peri76
2011-12-20 14:57:19
Бубу бакшыларга ишенбеш керек алар жиндер байланышта болот алдында болотурган нерсени бир Аллахтан башкасына аян эмес мусулман бир туугандар Аллоху акбар!
0
Аида
2011-12-21 10:06:00
Bishkek умутунузду узунуз жазышпайт,мен бир жолу пайдалуу кенештерден (окуган макаламдан эле)бир нерсени сурасам жооп болгон эмес,которулган макала экен деп ойлоп калгам, а бир жаманыраак соз жазсаныз заматта жооп келет.
0
MiranA
2011-12-21 14:24:55
Аида, суроо-талап дегендин да чеги болот да, күндү алып бер десеңиз дагы, күнгө учуп кетишибиз керекпи эми?! Далили жок эле шыбай бериштен оолок болсоңуз. Азырынча эскертип жатам, дагы ушул темпте жаза бере турган болсоңуз сайттан четтетүүгө толук укугубуз бар!
0
Bishkek
2011-12-24 22:17:55
Аида...thk.
0
edward_kg
2011-12-21 18:03:02
Дагы жакшы Кыргызстандын куткаруучусубу? дебепсиңер http://www.super.kg/article/?article=360
0
Аида
2011-12-21 19:14:52
Кечиресиздер
0
анарбек
2011-12-31 18:54:48
Деги ондосунчу Кыргызсьанды кетеличи Орусиядан менин жаны жылга тилегим ушул:(
0
№ 476, 16-22-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан