ДӨҢГӨЛӨК ТҮРЛӨРҮ
Автоунаа дөңгөлөктөрү жайкы, кышкы деп бөлүнөт. Ошондой эле төрт мезгилге тең жарамдуу түрү да бар. Жайкы дөңгөлөктөр, өзү эле айтып тургандай, жайында колдонууга ылайыкталган. Биз кышкыга дөңгөлөк тандоого токтололу.
Кышкы дөңгөлөктөрдү алууда кээ бир айдоочулар төрт мезгилге жарамдуу делген түрдөгү дөңгөлөктөргө кызыгышат. Себеби кышында жана жайында дөңгөлөк алмаштырып жүргүчө, бул түрүн ылайык көрүшөт. Чындыгында эле жакшы. Бирок төрт мезгилге жарамдуулар биздин аба ырайына туура келбейт. Кыш жылуу болгон аймактарга гана жарайт. Тактап айтканда, –10 градустан төмөн аба ырайында тоңуп, катуу болуп калат да, тормоз бергенде дароо токтобой сүрүлүп кетет. Токтогондо тоңуп калгандыктан ордунан жылбай, жүргүзүүдө кыйынчылык туудурат.
Негизи, аба ырайы +7 градус жылуулуктан төмөндөй баштаганда кышкы дөңгөлөктү салууга болот. Ал эми күн жылууда кышкы дөңгөлөк желип кетет.
ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАЙКЫ ДӨҢГӨЛӨКТҮ
КЫШЫНДА КОЛДОНУУГА БОЛБОЙТ?
Себеп дөңгөлөктүн резинасынын курамында жатат. Дөңгөлөктүн резиналары таза, ошондой эле жасалма синтетикалык каучуктан жасалат. Жасалма каучук 90 градус ысыкка чейин чыдайт. Бирок 10 градустан төмөн суукта тоңуп калат. Таза каучук, тескерисинче, 60 градус суукта да тоңбойт. Бирок ысыкка туруштук бере албайт. Ушундан улам жайкы жана төрт мезгилге жарамдуу делген дөңгөлөктөрдүн курамында таза каучук жок болот. Кышкы дөңгөлөктү жасоо үчүн экөөнү аралаштырып жасашат. Кышкы дөңгөлөктүн негизин жана каптал бөлүктөрүн синтетикалык катуу резина түзөт. Суукка тоңбоо, музда тайгаланбаш үчүн протекторундагы дойбулар (шашки) таза каучук аралаштырылган резинадан даярдалат. Таза каучук жумшак, анын үстүнө суукка тоңбой, тайгалакта коопсуздукту камсыздай алат. Кышкы дөңгөлөктүн мындай түрүн «липучка» деп аташат. Бул шаар ичиндеги жолдорго ыңгайлуу. Себеби кар жок таза кезде да тикенектүү дөңгөлөктөй болуп желип калбай кызматын аткара берет. Бир кемчилиги, кыштын күнү аба ырайы жылып, жолдогу муздар эрип суу пайда болсо, автоунаанын тайгаланбашын камсыздай албай калат.
ТИКЕНЕКТҮҮ КЫШКЫ ДӨҢГӨЛӨК (шипованный)
Аталган дөңгөлөк кышкыга ылайыкталган эң мыкты дөңгөлөк. Мунун протекторундагы тикенекчелер муз жолдо мыкты жүрүүгө шарт түзөт. Мындай дөңгөлөктөр Кыргызстандын кар көп түшкөн, аба ырайы катаал Нарын, Алай, Чаткал аймактарынын жолдоруна ылайыктуу. Мындан сырткары шаар аралык жолдордо каттагандардын коопсуздугу үчүн керек. Мисалга алсак, Ош-Бишкек, Бишкек-Торугарт өңдүү кан жолдорго чыккандарга мыкты жардамчы.
Бирок жолдору тазараак шаар ичинде мындай дөңгөлөктөрдү колдонбой эле койгон жакшы. Себеби муздун калыңдыгы 1 миллиметрден жогору болгон жолдо айдоого ылайыкталган. Тикенеги 1 миллиметрди түзгөндүктөн, таза жолдо желип калат.
ПРОТЕКТОР
Дөңгөлөктүн сапаты протектордун сызыкчалары жана дойбуларынан көз каранды. Аталган бөлүктөр төмөнкү милдеттерди аркалоого тийиш:
Дөңгөлөктөгү дойбулардагы тиликтер (ламели) – тайгалануудан сактоочу негизги бөлүк. Автоунаа жүрүп баратканда тиликтердин ортосу кеңейип жолго жабышат да, тайгалануудан сактайт. Ошондой эле дойбулардын ортосун бойлой түз кеткен сызыктардын саны көп болсо, дөңгөлөк кардан жана баткактан жакшы тазаланып турат.
ДӨҢГӨЛӨКТҮН БАСЫМЫ КАНЧА БОЛУУГА ТИЙИШ?
Кыштын күнү суукка байланыштуу дөңгөлөктүн басымы 1,8-2 атмосфералык басымга чейин болууга тийиш.
Дөңгөлөктүн басымын көз менен гана текшерип коюу туура эмес. Андыктан атайын басымды өлчөөчү аспап менен тактоо зарыл.
Ошондой эле басымды өлчөөдө дөңгөлөк муздак болушу керек. Себеби автоунаа жүрүп келгенде дөңгөлөк ысып, анын ичиндеги басым көтөрүлүп калат.
ДӨҢГӨЛӨКТҮН БАСЫМЫ ТӨМӨН БОЛСО...
ДӨҢГӨЛӨКТҮН БАСЫМЫ ЖОГОРУ БОЛСО...
ДӨҢГӨЛӨКТҮН КОЛДОНУУГА ЖАРАЙ ТУРГАНЫН КАНТИП БИЛСЕ БОЛОТ?
Көпчүлүк айдоочулардын жаңы дөңгөлөк алууга каражаты жетпегендиктен, мурда колдонулган дөңгөлөктөрдү алышат. Сатып алууда төмөнкүлөргө көңүл буруңуз:
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg