ШАМ ЖАРЫГЫНДАГЫ ОЙЛОР

12.09.2010.
Дос... Менин бир досум боло турган. Бир убакта экөөбүздүн жүрөгүбүз да бир жээкте эле. Эсимде, кичинекейибизде чүкө атышып, чогуу кыздарга барып, бири-бирибиз үчүн чоң балдардан таяк жеп... Менин ага деген ойлорум эч өзгөрбөйт го деп ойлогом. Аны мансап, мени тагдыр өзгөртө элек кезде экөөбүздүн бир дүйнөбүз бар болчу. Таза сүйүү, акыйкаттык жашаган дүйнөбүз бар эле. Мен ошол дүйнөнү сагынып жүрөм. Катуу сагындым. Турмуш менен өз алдыбызча алпурушуп келебиз. Сенин өз максаттарың, менин өз турмушум... А бирок эки жээкте...

12.10.2010.
Электр жарыгы өчүп калса да, шам жагып алып башыма келген ойлорду жазып жатам. Өзүнчө эле романтика да, ээ?
Бүгүн кезектеги съёмка болчу. Сени обочодо карап турсам, жаныма келген жоксуң. Бирок эмне кылып жатсаң да, далым менен ар бир кыймылыңды сезип жаттым. Сен байкабайсың. Сен таптакыр байкабайсың. Сен мен үчүн ким экениңди. Тобо, сага мээм, денем, көзүм, жүрөгүм баары реакция кылганына таң калам. Мен сага өз сүйүүмдү таңуулабайм. Бирок мойнума ала турган бир нерсе бар. Мен сени жакшы көрөм. Чындап...

14.10.2010.
Алтыным апам, сен башкача жан элең. Эжелеримдикине барганда сенин кылыгыңды, мүнөзүңдү, тыптынч болуп туруп эле шаңкылдай күлгөн күлкүңдү көрөм. Ар бирибизде бир ууч сенин каның, сенин мүнөзүң бар. Сен болсоң, балким, баары башкача болмок. Турмушта жыгылсам түзөөчүм, ыйласам соороторум cен экенсиң. Билесиңби, мен дагы ата болдум жакында. Мен мээримдүү болгонго, балама жакшы сезим калтырганга аракет кылам. Бул менин сенден алган эң баалуу мурасым.

22.10.2010.
Сагындым сени, сагынган менчелик болбостур. «Айла жок, бирок ай лав ю” деген ушул экен да. Жаныңа барганга да, сүйлөшкөнгө да шарт жок. Шарт болсо, дух жетпейт. Дух жетсе, намыс сынбайт. Баарын жеңсем, сен чакырган жериме келбей каласың. Мына ушундай, жаны, не кылабыз, чыдайбыз да.

24.11.2010.
Кечээ сен тууралуу, сенин окуяңды уктум. Кызганды дейсиңби? Жок! Тескерисинче, жеңилдей түштүм. Болгону, сенден алыстап, чоочун болуп калуудан корком. Эркектикке салып, көп эле кыздар менен тааныш-билиш болуп, бирок жагдай же шарттан улам алыстап кеткен күндөр болгон. Муну мен табигый көрүнүш катары кабыл алып, ичимден “эгерде ошондой тагдыр буюрса, не кылайын?” деп ийин куушуруп коёр элем. А бирок сага келгенде антип көңүл коштук кылгым келбейт. Сага болгон мээримдин солгундоосун, андан да жаманы, cенден алыстоону каалабайм. Сени сагынган боюнча калгым келет. Бир нече жылдан соң салкын баш ийкешип, эки башка жолго түшөрүбүздү элестетип алып, өрттөнүп кетем. Коё бергим келбейт сени. Бирок кармап да кала албайм. Ошол бирок күйгүздү да, карындашым...

27.11.2010.
Жан дүйнөнүн эшиги ачылды эле. Бирок болбоду... Эми мага да баары бир. Маа десе түбөлүккө, биротоло жабылып калсын. Кызыгы, жабылган эшиктен мага жылуулук келип жатат. Сен берген жылуулук... Башка не дейт элем? Түшүнсөң түшүн, түшүнбөсөң не чара?..

18.12.2010.
Көр пенделик... Ушул сөз тууралуу кийинчерээк көп ойлончу болдум. Канчалык жан үрөп руханий байлык издесем да таба албай кыйналам. Кайра эле этегимден тарткылаган көр пенделик... Сени гана алып, эч ким билбеген, тааныбаган жерге кетип калгым келет. “Кызык, анда сизди караан туткан, сизге сүйөнгөн адамдар эмне болот?” дедиң. Акылдуум менин, зирегим, баарына көзүң жетип турат. А мен баарынан, атагымдан, даңкымдан, жадакалса үй-бүлөмдөн качканда сенден паана издейм. Ал чөйрөгө материалдык жактан керек болсом, сага жан азык катары керек экенимди туйдум. Сезгенде кудуңдап, жыргап, сүйүнүп алдым.

22.12.2010.
Таң калам, адамдар, кызыкпыз деги. Дайым эле кимдир бирөөдөн кыйын болууга кызыгабыз, жакындарың, элиң, дегеле бүт дүйнө алакан чаап турушун каалайбыз десең. Амбиция, курулай дымак, кооз сүйлөө... Кимдир бирөөгө кууланганга аргасыз болосуң, ыңгайына жараша болгонго... Бирок ии дей берсең, тепселеп өтүп кетчүдөй эрдемсингендер бар. Боор оорубайт дагы... Таң каласың жашоого... Айла жок...

31.12.2010, саат 11:35.
Карбаластап жүрүп сага телефон чалганды унутуп коюпмун. Эми байланыш жок, элдин баары чалып жатса керек. Сен мени күттүң, билем. Бирок мени күткөн бир топ адамды томсортуп таштап кете албай койдум. Кечир, дайым кечирим сурай берем.

01.01.2011.
Жок, ичим түтпөдү. 12ге жакын калганда үйдөн атып чыгып, машинаны учурта айдап сага жөнөдүм. Машинадан чыга калып эле кыйкырдым. Жаңы жылың ме-нен!.. деп. Сен да күтпөсөң керек, чуркап чыгып мойнума асылдың. Экөөбүз кар үстүнө жыгылдык. Бул көз ирмем биз үчүн өтө баалуу эле.

Күндөлүк ээси У.

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
altyshak
2011-12-29 12:23:45
...укмуш...таасирдүү күндөлүк экен...
0
№ 477, 23-29-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан