– Чоң кыз, жеткирип коёюн, үшүп кетипсиң...
– Жок, кереги жок. Мен ушунчалык бактылуумун. Тим эле ааламга батпай баратам. Мен бүгүн үшүбөйм! - деп кубана кыйкырдым айдоочуга.
Тиги ийинин куушура жылмайып алып, жолун улады. “Жинди кыз” деди болуш керек баамымда. Чын да, кыштын ызгаарында пальтомдун боорун ачып алып, сумкамды улам ыргытып, кайра тосуп кетип бараткан адамды ким болсо да ошентип ойломок. Сизге да сүйгөн адамыңыз үйлөнүү тууралуу сунуш айтса, ушундай бактылуу болмоксуз. Абалымды, кубанычымды апам, атам, кесиптештерим, атүгүл мышыгым да сезип жатышты. Бирок бактылуу учурум эки гана күнгө созулуптур.
– Айжан, үйдөгүлөр тойду ары жылдырбасак болбойт деп жатышат.
– Неге? Дагы эмне болуп кетти?
Ыйламсырап жибердим, анткени бул биринчи жолу кайталанган жок да.
– Апам сени врачка текшерилсин деп жатат. “Апасы ооруса, кызында деле бар болсо керек” деп. “Бала-чакаңардын ден соолугу үчүн” дейт.
Суу чачып жибергендей ичиркенип кеттим. Апамдын оорусунун буга эмне тиешеси бар? Ал Кудай жиберген кырсыктан улам ушинтип калганын баары эле билишет эмеспи.
– Анан? Апаңдын дагы кандай шылтоосу бар экен? Бардык сынынан өтүп бүттүм го десем...- титирей берип Айдардын аркамдан чуркаганына болбой басып кеттим. Ыйлай албадым. Бопбоз болуп келген мени көрүп, атам баарын түшүндү. Саамайымдан сылап, “апаң сенин ыйлаганыңды көрбөсүн, балам. Кудайын тааныбаган немелер бизди кантип теңине алмак эле?” деди.
Апам жол кырсыгынан улам башынан оор жаракат алган. Кээде соо адамдай болуп, кээде эсине келбейт. Атам экөөбүз аны майыптардын арабасына таңып коюп бакчубуз. Ошол күнү энелик жүрөгү сездиби, апам кадимкидей эсине келди. Арабасын жылдырып, керебетте жаткан мага келип, чачымдан назик сылай берди.
– Апа, сүйүү барбы?- дедим эмне үчүндүр.
– Сүйүү бар, тентегим, сүйүү бар болгон үчүн сен жаралгансың. Сүйүү жок болсо, атаң менин бул абалымда жанымда болбойт эле.
– Анда турмуш ушунчалык өзгөрүп кеткенби, апа? Неге, апа, атам экөөңдүкүндөй сүйүү жок азыр? Айтчы, эмнеге?- деп солкулдадым. Экинчи, үчүнчү күнү деле ыйдан көзүм кургаган жок. Бир айдан кийин Айдар атасынын депутат досунун кызына үйлөнгөнү жатканын укканда өзүмө келдим.
“Мен жеңилбейм!” дедим өзүмө өзүм. Ошентип, каргашалуу шылтоо болбосо меники боло турган тойго бардым. Ошол күнү өмүрүмдө биринчи жолу жасандым. Кирип келгенимде эле баары көрүштү. Айдардын энесинин оозу ачылып, атасы теше тиктеп, бизди билген жоро-жолдоштор кандай болуп кетер экен дегендей сынай тиктеп турушту. А Айдар... Эмне үчүн ушунчалык бечара, байкуш болуп жаралдың экен? Жаныбарлар деле каалоосу менен үй-бүлө курса керек, сен ошол жаныбарчалык болбодуңбу? Тойдо мен, менден өтүп Айдардын абалы оор экенин түшүндүм. Эч нерсе болбогондой мени табалай караган Айдардын апасы гана бул тойдо бактылуу эле. Эне жүрөгү канынан, жанынан жаралган баласынын ааламын талкалап жатканын сезбеди. Эне жүрөгүнөн сезимтал эч нерсе жок дегени жалган беле?
ххх
Жаз өтүп, жай келгенин, күз кетип, кыш келгенин билбеген күндөр өтүп жатты. Мендеги сезимдердин, өзүмдүн да өлүп калганымды эч ким билбеди. Бирок кайрадан жаралганга өзүмө күч таптым. Жок, тагыраагы, мени кайрадан жараткан бир адам болду.
Жолдон үйүмө чейин бир топ жол. Адатымча шаша басып баратсам, машинасынан башын чыгарган айдоочу машинага түшүп алышымды сурады.
– Жок, кереги жок, үйүм жакын эле,- дедим башымды чулгуп.
– Билем, үйүң кайда экенин, үшүйсүң эми,- деди ал капысынан. Үнүндөбү, көз карашындабы, бир жылуулуктун илеби келип турду.
– Сиз кайдан билесиз?
– Билем, ар күнү машинамды жай айдап сени үйүңө кирип кеткенче узатып барам. Сен тротуарда, а мен чоң жолдо...
Жигитке алгач таң калып туруп, анан машинасына отурдум. Күзгүдөн тиктеп алып гана ал тааныш үрөй экенин байкадым. Эсиме эң бактылуу күн түштү. Айдар үйлөнүүгө сунуш кылган күн... Жеткирип коюуну суранган айдоочу... Ал мени тааныбай эле койсо экен деп ойлонуп турганча күзгүсүнөн көзүбүз чагылыша түштү. Ошол көз караштан эле ал мен тууралуу баарын билерин түшүндүм.
Ошентип, Керим жашоомдо пайда болду. Бир жолу тоого лыжа тепкени бардык. Кечке муз тээп, кечинде ошол жакта калып калдык. Керимдин ишенимдүү, чечкиндүү тиктеген көздөрү башкача эле.
– Айжан, бир жыл мурун мен жүзүнөн бакыт нуру төгүлгөн кызды көргөм. Дүйнөгө сергек, таза, шаңдуу тиктеген көздөр жадымда калыптыр. Кийинки жолу колунан жаштыгын, шаттыгын түшүрүп алган кызды көрдүм. Сен мени тааныган жоксуң. Атайлап көп жерден жолугууга аракет кылдым. Бирок сен байкабайт элең. Кийин гана сен тууралуу бардыгын уктум. Мен сенин көздөрүңө ошол шаңдуу нурду кайтарып берсем кантет? Сен эмнени кааласаң, баарын аткаргым келет. Айтчы, эмнени каалайсың?
Мен көпкө ыйладым, анткени мага көп адам жаман да, жакшы да сөз айтып, жүрөгүмдөгү тоңуп калган музду жибите албай коюшкан. А Керим...
– Мага... аз гана нерсе керек. Ишенимимди жоготуп алдым, ансыз жашоо жаман экен. Бирөөнү сүйгүм, бирөөгө кайрадан ишенгим келет. Ара жолдо таштап кетпей турган адамга, чыныгы адамдык касиети бар адамга чын дилимден берилгим келет,- дедим.
– Ал адам жаныңда отурат!
Керим көздөрүмөн, чачымдан жумшак искеп, ысык эриндери эрдиме жакындап келди. Ортобуздан жалын уруп, эңсөөнүн, кубанычтын деми алоолонуп кетти. Мен ошол түнү сүйүүмдү, ишенимди, бактымды кайтарып алдым. Аруу тилектерин айткан жакындарым менен чакан той бердик.
Таттуу тамак жасап Керимди күтүп отурам. А ичимде бирөө тепкиленип, жарык дүйнөгө келгиси келип чыдамсызданып жатат. Мен эми чындап бактылуумун!
Айжан
Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg