ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Азирет Бегимайга карады да:
– Биз эркекче сүйлөшүп алалы. Жалгыз калтырасыңбы?- деди. Бегимай Азаматка суроолуу тигилип, ал “бара бер” дегендей баш ийкеп койду. Бегимай сыртка чыгып кетти. Ээн калган экөө бири-бирин тиктешип калышты.
– Тамеки чегесиңби?
– Чегем.
Чөнтөгүнөн сигарет алып сунган Азирет тигиге чылым түтөтүп берди да, бет маңдайына отурду.
– Сен чекпейсиңби?- деди Азамат.
– Жок, чекпейм.
– Аскат да чекчү эмес.
Экөө көпкө унчукпай отуруп калышты.
– Мен Аскат тууралуу билгим келет. Элдер экөөңдүн жакын дос болгонуңарды айтышат...
Азаматтын чекеси тырыша түштү. Туура, жакын дос болгондугу чын. Тээ бала бакчадан Аскат, Азамат, Нурбек жан достордон эле. Кийин бир мектепте, бир класста окуп калышты. Ушунча ынтымактуу эле алар. Бирок Бегимай алардын жашоосунда пайда болушу менен Азамат өзгөрдү. “Эмне үчүн бардык жактан Аскат эң мыкты болушу керек? Окуудан да, спорттон да, атүгүл сүйүүдөн да ал жолдуу...” деген ичи тардык кийин жек көрүүгө айланып кеткен. Кийин мобу асты-үстү бетон, кай жакты карабасын темир тор болгон жайга келип түшкөндө гана өзүнүн жаңылганын түшүндү. Ошондой сокур кызганыч, ичи тардык болбогондо, ошол каргашалуу кечте экөө урушуп кетпегенде минтип бул жерде отурбайт эле. Азамат сигаретин дембе дем соруп алып, акырын үн катты.
– Аскатты менден жакшы билгендер бар. Эмне үчүн мага келдиң?
– Мен чындыкты билгим келет.
– Чындыкты билдиң дейли, анан эмне кыла аласың? Колуңдан не келет?
– Аракет кылам, келбесе да...
– Чындык керек болсо, сага айтайын. Бирок мени сенден бир нерсе үмүт кылып жатат деп ойлобо. Жөн гана Беманы сыйлагандан сени менен сүйлөшкөнгө макул болдум.
– Чырдын башы Бегимайда болчу дечи... Сезип турам!
– Балким, Бегимайда чыгар, балким, өзүбүз эле тил табыша албай калгандырбыз. Кандай болсо да...
Азамат ошол түнкү болгон окуяны ийне-жибине чейин айтып берди. Эч нерсени жашырган жок. Эң акырында “мен аны өлтүргөн жокмун. Бегимай – мен үчүн эң кымбат адам. Бирок ошол кымбат адамым үчүн да бул ишти кылмак эмесмин. Чыныгы кылмышкер мен эмес. Мен да бул тууралуу көп ойлондум. Менин оюмча, бул иш тууралуу Аскар байке билет. Сен чындап киришсең, кылмышкерди Аскар байкеге жакыныраак адамдардан изде...” деп айтты.

ХХХ

– Апа, атам менен эмне деп сүйлөштүңүз?
Азирет апасына тынчсыздана карады. Анын ооруп жатып калганына караганда ортолорунда оор сөз болгон.
– Апа дейм...
– Аны эмне кыласың? Андан көрө кайда жүрдүң күнү кечке?
– Бема менен түрмөдө жаткан бир шордууга барып келдик. Ал Аскаттын өлүмүнө күнөөлүү деп 7 жылды мойнуна илип алып кете бериптир.
Мариямдын жүрөгү шуу дей түштү. Бүгүн минтип түрмөгө барса, эртең дагы бир чуулгандуу ишке аралашат. Тезинен алып кетпесе болчудай эмес.
– Ази, баарын токтот, эртең кетебиз. Мунун баары бир көргөн түштөй унутулат. Суранам, уулум, жүрөгүм бир нерсени сезип турат. Кетеликчи...
Апасынын түрү ага күлкүлүүдөй сезилди. Андан да “мени дагы деле бала көрүп жатат” деген ой болуп таарына түштү да, чалкасынан түшө керебетке суналды.
– Ази...
– Мен эч кайда кетпейм, апа. Балким, окуумду да бул жактан улантармын. Атам мага ылайыктуу иш карап көрмөкчү болгон. Мен кетпейм... Кете албайм, апа. Мен бул жерден көп нерсе таптым. Кайда болбосун, мени кимдер курчабасын, жалгыздык деген нерсе жанымды кыйнай берчү. Мен бул адамдардан бир жылуулук, жакындык таптым, апа. Атам, Бема, Алинка, атүгүл Аскаттын досу Азаматтан бир жылуулук таптым. Апа, ал жакка барыштын сага деле кереги жок. Бул жактан деле сонун иштей бересиң.
Мариям уулун тиктеп турду да, күлүмсүрөп койду. Чунак бала, бул жактан кете албаганынын бир гана себеби – тиги кыз экенин мойнуна алгысы жок.
– Болуптур, калдык деп коёлу... А кайда жашайбыз?
– Атамдыкында... Анын укмуш үйү бар. Аялы экөө гана жашайт. Мен да алар менен жашабадымбы. Бул тууралуу атам менен сүйлөшүп койгом,- деди камырабаган Азирет.
– Макул, анда мага билет алып кой. Эртең учам.
– Апа?
– Сен өмүр бою издеген жылуулукту таап­сың. Эми сага менин эмне керегим бар? А мен... Менин ордум башка, балам... Мен кетишим керек.
Мариям уулун алып кетүү максатын көздө­гөн эле. Аскар менен жолуккандан кийин уулуна болгон анын таасиринен андан бетер чочулай баштады. Мен кетсем, аркамдан келет деген акыркы үмүтү эле. Бирок Азирет сыр алдырбай ордунан туруп, сыртка бет алды.
– Сен кайда?
– Менби? Атамдыкына... Андан чыгып сага билет алам.
Эч нерсе болбогондой ышкыра чыгып кетти. Азирет апасын жакшы билчү. Ал эч качан өзүн таштап башка өлкөдө жашай албасын билер эле. Сыртка чыгып, апасы өзүн балкондон тиктеп турганын далысы менен сезип, мыйыгынан жылмайып койду. “Билет алып кой” дейт. Кайра сатышка туура келсе керек, алып койсом...”

ХХХ

Аскар Азиретти көрүп сүйүнүп кетти.
– Кел, азыр эле чай ичейин деп жаткам. Кандай ал-акыбал?
– Жакшы эле.
– Апаң качан жолго чыгайын деп жатат?
– Жакында...- табышмактуу сүйлөгөн Азирет атасынын жүзүнө тигиле калды. Бул көз карашта “чындап эле анын кетишин каалайсыңбы?” деген суроо турган эле.
– Мен.. тиги... Сен жок үй аңгырай түшөт экен. Апаң кетсе, сен бул жакка келесиң го деп жаткам.
– Мага да Беманын үйүнө апамды алып барган ыңгайсыз сезилип жатат. Ошондуктан сиз менен эркекче сүйлөшөйүн дегем.
– Айта бер, балам.
– Апам сенин үйүңдө, менин жанымда жашашын каалайм!
Аскар таң кала карап калды. Мындай нерсе оюна да келген эмес. Не деген оюнду баштаган турат бу бала? Азирет куулана тамагын кыра жөтөлүп алды да, сөзүн уланта берди.
– Апамды бул жакка алып калгым келет. Өзүм иштеп тапканча бул үйдө жашап турсак болот да... Ансыз деле 3 кабат үйдө экөөң эле турасың. Орун кенен, апам жанымда.
– Уулум...
– Капа болбо, биз Аидага ыңгайсыздык жаратпайбыз. Мен өзүм иштеп тапкан соң үй сатып алып, апамды алып кетем. А балким, тиги жактагы үйүбүздү сатабыз. Бирок азырынча бул үйгө жашап турганга неге болбосун?
– Мен силерге мындан мыкты үй сатып бергенге күчүм жетет.
– Мен сени менен жашагым келет, ата! Сени дагы жакшылап билгим келет.
Бул эки ооз сөз бардыгын, кийинки тагдырын чечип коёрун билген жок Азирет. Жөн гана колдору менен столду черткилеп, жайдары тиктеп турду. Аскар бир топ ойлонуп турду да, чечкиндүү үн катты.
– Макул, апаң макул болсо эле болду. Аида менен өзүм сүйлөшөм. Эң негизгиси, уулум жанымда болсо болду.
– Уулуңа да эң негизгиси сен болсоң болду.
Оппа, бардыгы менин планым менен кетип баратат. Мынчалык оңой чечилерин ойлогон эмес элем” ушинтип ойлогон ал чай көтөрүп кирип келген Аидага жеңиштүү тигилип, көзүн кысып койду.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Yasmin
2011-12-26 10:08:52
chon rahmat.
0
aliya-leyla
2011-12-26 11:07:45
дагы бир жума кутобуз...
0
juanna
2011-12-26 13:51:22
Кутуп жатып чарчадым.
0
Lui
2011-12-26 14:40:32
буйруса бутооруно аз калды окшойт......
0
arzumat
2011-12-26 22:39:04
ии коооопраак жазгылачы сураныч.
0
OMG
2011-12-27 04:37:00
dagy bir juma, zamandashtar silerge sezilbei elebi jumalar bat battan ottup jatat ko biz da battbatan kaaryp bara jatabyz, super info siler da jazgan saiyn kaaryp atasynar baaryn ele bir jazyp salbaisynarby...
0
guliakg
2011-12-27 16:07:30
ооой качан бутот
0
Elit
2011-12-27 20:43:27
оппа, эмне мынча аз жаздынар бат эле окуп буттум го бугун ыя супер?
0
Fute22
2011-12-28 09:48:59
Ушул чыгарманын келерки санын чыгышын гана кутом неге?
0
jonne
2011-12-28 15:09:11
эх бир жума дагы!.....
0
№ 477, 23-29-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан