БИР СҮРӨТТҮН ТАРЫХЫ

Жанры – Лирикалык мелодрама
Продюсери – Калича Төлөбалды кызы
Режиссёру – Токтосун Жакыпов
Оператору – Токтосун Жакыпов
Сценарийин жазган – Калича Төлөбалды кызы
Башкы ролдордо – Тынай Алыбаев, Асел Айдарова, Тимур Манапбаев, Камчы Сарыбаев, Мукамбет Токтобаев, Алга Кылычев жана башкалар
Тасманын узактыгы – 1 саат 34 мүнөт

СҮЙҮҮ БАЙЛЫККА КАРАБАЙТ
Аянтта элди сүрөткө тартып иштеген Жоодар шаарда сейилдеп жүргөн Арууке аттуу бото көз менен таанышып, экөөнүн мамилеси сүйүүгө өсүп жетет. Арууке бардар жердин кызы эле. Ата-энеси кичине кезинде көз жумганына карабай байкеси экөөнү чоң ата-чоң энеси эч нерседен кем кылбай өстүрүшкөн. Ай чырайлуу Арууке кыялында атактуу балерина болууну эңсечү.
Аруукенин көчөдө элди сүрөткө тартып иштеген жигит менен сүйлөшүп жүргөнүн билген агасы Мурат бул мамилеге каршы чыгат. Бирок Арууке Жоодар менен жолугушканын токтотпойт. Кыздын агасы алардын мамилесине канчалык жолтоо болсо, ошончолук сүйүүсү күчөй берет. Бир күнү Арууке агасы жалдап берген жан сакчысын алдап, машинасын айдап кетип калат. Машинада Жоодар экөө баратып капысынан жүргүнчүнү коюп алып, Жоодар «машинанын рулунда мен болчумун» деп күнөөнүн баарын мойнуна алып, камалат. Ал эми Арууке күйүтүнө чыдабай баңгиге айланат.
Арадан үч жыл өтөт. Жоодар абактан чыгып, кыялын орундатат. Өзүнүн көргөзмөсү коюлуп, окутуучу болуп жумушка кирет. Байкеси оор абалда төшөктө жаткан Аруукеге Жоодардын көргөзмөсүнөн сатып келген сүрөттү берет. Ошол сүрөттөн улам Арууке өзүн колго алып, мурунку жашоосуна кайтып келет. Тасма соңунда байкеси Жоодар менен Аруукени табыштырат.

ИДЕЯСЫ БОЛГОН ОКУЯДАН АЛЫНГАН
Тасманын идеясы чыныгы жашоодон алынган. Нарынга бараткан жолдо бир жүргүнчү башынан өткөн окуясын айтып берип, анын каалоосу менен аты-жөнү өзгөртүлүп, киносценарий жазылып калган. Чыныгы жашоодо окуя аянычтуу аяктайт, бирок кино жаратуучулар көрөрмандарга позитивдүү маанай тартуулоо максатында кээ бир жерлерин өзгөртүп коюшкан.

БАШКА ФИЛЬМДЕРДЕН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
Тасманын өзгөчөлүгү, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында буга чейин балет искусствосу боюнча көркөм тасма тартылган эмес эле. Фильмде сүрөт жана балет искусствосуна чоң маани берилген. Ал эми каражат жагынан кино жаратуучулар аябай эле кыйналышканын айтышат. Демөөрчүсү жок ата-эне жана досторунун жардамы менен тартып бүтүшүптүр. Тасма көбүнчө Бишкектин эс алуу жайларында жана чет жакаларында тартылган.

БАШКЫ КААРМАНДАР
Сүрөтчүнүн образына келбети менен толук жооп берген Тынай Алыбаевдин буга чейин да актёрдук тажрыйбасы бар экенин билебиз. Режиссёр да ушул критерий менен Тынайды тандап алган. Асел кыргыз тилин анча билбегендиктен, башында кыйналабыз го деп ойлошкон. Бирок балерина фильмде кыргызча так сүйлөгөнгө аракетинин баарын жумшаганы байкалат. Башкы каармандарга күнүнө 1000 сом, ал эми экинчи пландагы актёрлорго 500 сомдон төлөп берип турушкан.

Лунара Бекиева
kino@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Asus84
2011-12-26 10:21:34
жакшы кино болсо керек коруш керек экен, балерина жакты сулуу айым экен
0
aliya-leyla
2011-12-26 16:10:05
кыргыз кинолору кобойо берсин
0
solnyshko
2011-12-26 21:55:47
Эххххх Тынайды суйом :-(
0
OMG
2011-12-27 05:15:02
kyzyk eken
0
Asel9
2011-12-27 16:26:57
korboso bolboi kaliptir
0
OFK
2011-12-27 19:59:05
ишинерге ийгилик коллегалар
0
risbek91_91
2011-12-29 01:21:58
мен абдан кубанычтамым узбек тердин киносун корбой озубуздун кинону коробуз. Кыргыз керемети алга
0
Tokmok
2011-12-29 04:24:48
ooooo men balletti suiyom, bul kinonu dagy korgum keltat.....
0
Aneliay
2011-12-30 11:55:54
Тынай Алыбаевди кинодон коро элекмин, а вообще мен аны кинодон общяк или бандит ролун коргум келет;-))))
0
ayku
2012-01-20 09:59:40
Тынай красавчик!!!
0
Tarkan
2012-01-25 23:36:11
Билбейм кандай кино болот сценарий индийский кинолордой экен. мен тажадым ушундай кинолордон бай кыз, министирдин кызы, депутатттын кызы ж.б
0
№ 477, 23-29-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан