БАЛАТЫ АЛДЫНДАГЫ ЭРОТИКАЛЫК ОЮНДАР

Сүйүктүүңүз менен Жаңы жылды тосууну чечтиңизби? Сүйүктүү адам менен майрамдоо, албетте, өзгөчө ырахат жана жагымдуу. Шампандан ичип, бири-бириңиздерди куттуктап, таттуу өбүшүп... Эгер бул түн жан биргеңиздин эсинде түбөлүк калсын десеңиз, анда ага жагымдуу жаңы жылдык сюрприздерди даярдоону унутпаңыз. Балким, төмөндөгү оюндардын бири сизге жардамга келер.

Сюрприз. Сүйүктүүңүздү ашкана тарапка бир нерсени алып келүүгө жумшаңыз. Анын жоктугунан пайдаланып эротикалык ич кийим, аппак капрон байпак, бийик такалуу туфли, үстүңүзгө Аяз кыздын кыпкыска кийимин кийип, акырын сыртка чыгып, эшиктин коңгуроосун басыңыз. Мырзаңыз эшикти ачканда “мен Аяз кызмын, сиздин бардык каалоолоруңузду аткарууга даярмын” деп күлүп-жайнап баш багыңыз.

Сюрприз. Сүйүктүүңүздү дүкөнгө чуркатып жибериңиз. Ал келгенче бийик такалуу бут кийим, жука көйнөк кийип, колуңузга шампан куюлган бокалдарды көтөрүп тосуп алыңыз. Албетте, бул нерсе ашыгыңызга өзгөчө жагымдуу маанай тартуулайт деп ишенебиз.

Каалоо аткаруу. Экөөңүздөр балатынын жанына отуруңуздар да, баракчаларга эротикалык каалооңуздарды, кыялдарыңыздарды жазып, эки башка кутучага салыңыздар. Анан анын ичинен бирден баракчаны кезек менен сууруп чыгып, анда жазылган каалоону аткарууга шашылсаңар болот.

Аяз ата жана Аяз кыз... Бул түнү бириңиздер Аяз ата, бириңиздер Аяз кыз болсоңуздар да болот. Эгер сүйүктүүңүз Аяз кыз ролун аткарса, анда оюнга өзгөчө шаң кошмокчу. Эсиңиздерде болсун, бул күнү Аяз кыз Санта Клаустун же башка бир Аяз атанын небереси экенин эске алуу керек. Эгер өзүңүз Аяз кыз болсоңуз, анда Аяз атага эротикалык бийди бийлеп берүүнү унутпаңыз.

Жаңы жылдык жуунуу. Жуунуучу жайга атайын чакан балаты орнотуп, жыпар жыттуу шамдарды күйгүзүп, чакан стол даярдап коюңуз. Ваннаны көбүктүү, жылуу суу менен толтуруп, ар кандай оюндарды ойноого болот.

Белек берүү. Сүйүктүүңүзгө кандай жаңы жылдык белек камдоо өз эркиңизге, кыялыңызга жараша. Эң негизгиси, белекти туура берүүнү билгениңиз оң. Балким, белекти бөлмөңүздүн бир жерине катып, жан шеригиңиздин көзүн жоолук менен таңып, издетип, таптырар чыгарсыз.
Эгер чакан белек даярдасаңыз, анда кийимиңиздин же ич кийимиңиздин бир жерине кыстарып койсоңуз да болот. Шарт боюнча, мырзаңыз оозу менен денеңиздин бардык жерин сыйпалап белекти таап, тиштеп алып чыгуусу керек. Белекти саат жебеси 12ни кагарда берип, чогуу тилек айтыңыздар.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (50)
Zamirbek1787
2011-12-28 15:26:12
Ayaz atanin kyiminin orduna chapan kyigizipii. :-)
0
aci
2011-12-28 15:41:42
самбо айтканда болбой калат го дейм)))бирок жакшы идея екен.
0
jigit2011
2011-12-28 19:21:33
мындай жомокторго жаш бала да ишенбей койгон азыр
0
mirba_91
2013-06-27 03:39:42
jigit2011, жаш балдарга мындай нерселер жомокда
0
keneshkan
2011-12-29 09:43:19
5 кол барабар эмес да. Самбо туура эле айткан. Кыргыздар аракты башка элдерге окшоп дозасы менен ичишпейт. Бир ичип баштаса, соссуз мас болуп судуролуп калганда же ичууго алы келбей калганда токтотушат. Анан да акысыз концерт кою башташат.
0
mirba_91
2013-06-27 03:40:57
keneshkan, анда да токтотушпайт,озу тынчып калат же спиртной тугонгондо
0
Asanti
2011-12-29 12:50:49
Айалы жоктор кандай оюн ойносо болот? Ошонуда жазсанар жакшы болмок.
0
Joke82
2011-12-29 17:06:42
самбо малотчик эн туура жазыптырсын. Кыкен байкем мас болуп аялына безплатый маска алып келип тагып берет. Ал эми биз Москвадагы кыргыздады элестеткиле ваннага тизилип турабы азыр сенден кийин менин аялым сюрприз корсот койо тур деп же подеезде аялдарыбыз очеред болуп турат дейли мына сага тамаша!!! Хахаха
0
Elit
2011-12-29 18:24:19
Самбо туура айткансын бул бидин менталитетке туура келбейт. Анан дагы мындай оюндарды ойнош учун жолдошун романтичный болуш керек, элестет сен аяз кыздын формасын кийип звонокту бассан эл корсо эмне дейт жин тийдиби сага деп урушчу эркектер деле бар. Эми бул оюндардан мага белек берген оюн жакты озундун болмоно кирип ойносо бюолот экен.
0
Alaika
2011-12-29 19:15:06
эч кандай кызыктуу болгон жок мен учун. Уят эле...
0
nurlan.gaipov.com
2011-12-29 19:47:05
Эмне болгондо да, барды бардай кылып суйуктуунорду жаны жыл менен куттуктагыла.
0
baktygul.turdalieva
2012-01-06 12:33:47
Бул бизге туура келбейт башка улуттагылар кылса жарашса керек.
0
mirba_91
2013-06-27 03:46:48
baktygul.turdalieva, бизге туура келет эле,аны да духу жеткен,фантазиялуу адамдар кылат.Никелуу Аялын болсо уят болобу ойлонуп жазгылачы
0
bavariy
2012-01-06 13:05:36
эми биздин менталитетке туура келеби же келбейби аялын, суйкутуу жарын сен каалагандай болсо, бири биринди толук канаатандырып, ойдогудай болуп турса ким, кайсыл эркек гулять этет? анан уят деп тим эле, шариятта деле айтылат "Аялынар силердин момо талаанар, каалагандай кумарга батсанар болот " деп. Аял деген уйдо повар, конокто леди, балдарынын алдында апа, эринин алдында с....удай болуш керек деп.
0
nura_kg
2012-02-23 11:16:29
ay ay jakunku kundordo ayalı menen kanday kowuluw kerek dep uyroto bawtayt go wumdugun kurgur... ar kim oz jaryna je suygonuno kanday oyun...kanday surpriz kiliwti bilse kerek..... men oyloym bawi iwtebegender ele bul kenewke amal kiliwat dep xexexe.... i mas bolup koncert koygonuna kowulam vot uwunu kenew dese bolot xexexe
0
Milaya.devushka
2012-04-16 20:48:11
Шартына карап колдонсо болчудай. Ананда москвада дегенди окуп алып боорум эзилгенче кулбодумбу ай. Таппаганынар деле жок.
0
mirba_91
2013-06-27 03:44:10
Ой айнанайын уяттуулар темасында чоон болуп ЭРОТИКАЛЫК ОЮНДАР деп турса,а уят экен деп окубай эле койгулачы.Окуп бутуп барын анан ой уят,уят дей бербей
0
bekjigitova
2015-12-30 11:29:37
ee sonun eken maga jaGAT ХХХ ХХХ kuuda kaalasa ayaz kyzdyn formasyn bugun sosuz alam,janyjyldy kuiom menen zor toskum kelet
0
admin_superstan
2015-12-30 11:37:22
bekjigitova,
Эскертүү! Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
0
№ 477, 23-29-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан