Комедия жанрындагы тасмалар жакшы маанай тартуулайт эмеспи. “Саяктар” КВН командасынын оюнчулары, жаш режиссёрлор Камчыбек Жумабеков менен Тилек Чериковдун тандеминен жаралган “Көк салкын” кинокомедиясы Жаңы жылга жакшы маанай тартуулоо үчүн 25-декабрда старт алганы турат.
“Көк салкын” деген тасманын аталышын укканда эле “Боз салкын” тасмасына пародиябы деген ой кетет. Чынында, “Көк салкын” тасмасы комедия болгону менен, жашообузда көп кездешүүчү чие түйүлгөн маселелерди козгоп, көрөрмандардын жүрөгүнөн орун табары талашсыз.
Тасманын негизги сюжети Бакыт, Талант жана Эркин аттуу үч дос тууралуу. Достордун бири Эркин капчыктуу чоңдун баласы. Анын ата-энеси “үйлөн!” деп катуу талап коюшуп, ал тургай “биз айткан убакытка чейин келиндүү кылбасаң, сенден кечип, балабыз деп эсептебейбиз” дегенге чейин барышат. Айласы кеткен Эркин бул кабыргадан коюлган маселени чечүүгө жол издеп, достору Талант менен Бакытка кайрылат. Достордун эң эле тың чыкмасы Талант көп ойлонбостон эле кыз ала качып келүүнү сунуштайт. Ошентип, достор мурда билип, сүйлөшүп жүрбөгөн эле бир кызды ала качып жөнөшөт. Ала качып бара жаткан кызы качып кетип, достордун планын таш кабат.
Артка карай жол жок. Себеби айылда Эркиндин ата-энеси, тууган-туушкандары көшөгө тартып күтүп отурушкан эле. “Эмне кылыш керек?” деген суроо жаралганда кайрадан эле Таланттын башына “сонун” идея келет. Ал досу Бакытты карап, “досум, сен өзү актёрсуң, кыздын деле ролун жаратып жүрөсүң. Эми кызды кайдан тапмак элек? Кел, сени кызча кийинтип, бетиңди боёп, ала качабыз. Анан сен баарын туура эмес кыла берсең эле Эркиндин ата-энеси өздөрү кубалап чыгышат. Кайтып келе бересиң” дейт. Бул сунушка Бакыт алгач каршы болот. Бирок Эркин “Бакыт, сен тоюңа акча таба албай жүрбөдүң беле. Макул болсоң, менин БМВ Х5 машинам сеники болот” дейт. Ошентип, сүйгөнүнө үйлөнүү үчүн Бакыт бул сунушту кабыл алат. Кызыктын баары Бакытты "ала качып" барышкан күндөн башталат. Окуя чиеленишип кете берет. Андан ары эмне болорун айтпай эле туралы. Тасма көрүү өтө кызыктуу болушу үчүн.
“КӨК САЛКЫНдын” “БОЗ САЛКЫНдан” АЙЫРМАСЫ
– Тасманын идеясы кимге таандык?
Камчыбек Жумабеков:
– 2010-жылы, жаз айларында бир ой келип калып жатпайбы “эмне болмок эле, эгер кыздын ордуна жигитти ала качса?” деген. Анан тасма тартуу тууралуу ой келип кетти. Бирок бул идея таптакыр чийки болуп туруп алды. Аягын улай албай койдум да “эй, быша берсинчи” деп жөн коюп койдум. Анан быйыл бышып-жетилгенде тасма тартуу тууралуу бугумду досум Тилекке айтсам, колдоп кетти.
Тилек Чериков: – Комедия жанрында тасма тартуу тууралуу досумдун идеясы абдан жакты. Анан тасманын атын да мен ойлоп таптым, “Көк салкын” деп.
– Эмне себептен “Көк салкын”, “Боз салкынга” уйкаштырыппы?
Камчыбек: – Буга мен жооп берейин. Тасма көлдөн тартыла тургандыктан, көлдүн жээгин элестетип кетип “Көк салкын” деп салдык. Бирок “Боз салкынга” да маанилеш эпизоддор бар. Мисалы, ала качуу маселеси.
– Тилек, тасма тартылуу учурундагы кызыктуу окуялардан айтсаң?
– Бир эле окуя эсимде калыптыр. Башкы ролдогу Бакыт ат чаап, машина менен жарышкан жери бар. Ошол учурда Бакытты Кудай чоң сактап калды. Машина аңга кирип кетпейин деп бурулганда аз жерден сүзүп кете жаздаган. Бакыттын аты да аябай азоо болгондуктан, баш бербей катуу үркүдү.
– Маегиңерге чоң рахмат, тасмаңар көп көрөрман тапсын.
Бахияна Сатылганова
kino@super.kg