Адам үчүн эң кымбат бул – үй-бүлө дегендердин катарында элем. Бирок ал калыптанып калган түшүнүк жан дүйнөмөн түп-тамыры менен жоголду.
«АПАМДЫН КӨЗ ЖАШЫ ЖҮРӨГҮМДҮ ООРУТТУ»
– Жакшынакай түтүн булатып жаткан атам өз бүлөсүн өзү уратып, жаш токол алып, өз жашоосу менен алек болуп кетти. Канча аракеттенсем да атамды такыр түшүнө албадым, ичимдеги муунткан бушайман ойлордон чарчадым. Жашы элүүдөн өтүп, эми небере бакчу убакыт келгенде минтип бир жаш селкинин артынан түшүп, бизди таштап кетет деген нерсе оюма да келбептир. Мен го мейли, бирок апамдын көз жашына калып, көңүлүн калтырганына карабастан, көз көрүнөө токолун ээрчитип жүргөнүнө зээним кейийт. Болгон жаштыгын, күчүн, сүйүүсүн алып бүтүп, эми бир жаш кыздын коюнуна качкан атамды кантип кечирүүгө болот?!
Жаркылдап жаш кезиңде сүйүктүүсү болуп, жаштыгы кетип, сулуулугу өчкөндө керектен чыккан буюмча таштап салуу туурабы? Апамдын бактылуу жүзү эми бозоргон кайгылуу көз караш менен гана жашап калды. Менден жашынып көз жашын төгүп, кыйналганын көрсөткүсү келбеген апамдын абалын түшүнүп турсам да, кантип жардам беришти билбейм. Жакында эле апамдын күндөлүгүн таап алып, жер астын-үстүн болуп кете жаздады. Көрсө, атам мурдатан эле ойноп-күлүп жүрүптүр. Атамдын бир эмес, үч жолу жаш кызга көңүлү ооп, сайрандаптыр. Азыркы аялы менен 2 жыл сүйүшүп жүрүп, анан алган тура. Апам алардын баарын билчү экен, тымызын ичинен сызып чыдап келиптир. Эгерде ал күнү мен атам менен апамдын урушунун үстүнөн чыкпасам, балким, бул жөнүндө дале кабардар болбой жүрөт белем...
– Мен сени менен жашабайм, өзүң билесиң эмне үчүн экенин!
– Сен үчүн бир сойку артык болуп калдыбы, эсиңе кел. Мени ойлобосоң да, балдарыңды ойло...
– Балдар эмне, чоңоё беришет, акыры түшүнүшөр, кечиришер...
– Антип сен ойлойсуң, балдарыңдын убалына калба.
Уул катары атамды идеал туткан мен үчүн бул нерселерди угуу өтө оор болду. Дүпө-дүп үндөр чыгып, үйгө кире калсам, апам полдо жатыптыр. Атам апамды жаакка чаап ийиптир. Мени көргөн атам селейип карап туруп калды. Апам кичинекей баладай полдо тоголонуп, өксүп ыйлап кала берди. Атам күрмөсүн колуна шаша илип, эшикти көздөй чыгып кетти. Баарын угуп-көрүп турсам да жүрөгүм ишенбестен дикилдеп согуп, “бул – түш, бул – түш” деп сооротуп жатты.
Көп өтпөй ата-энем ажырашып, атам токолуна үйлөндү. Үйлөнгөндө да шумдуктуу той өткөрүп, калыңына 7 миң доллар бериптир. Ал эми ошол эле шаардын бир бурчунда үч бала менен бир аялдын көз жашы кургабай жатканы атамдын эсине да келбесе керек. Ал күнү өзүмдү араң кармадым, барып туруп той өткөргөн ресторанын өрттөп салайын дегем. Бирок апам “бул да болсо Кудайдын буйругу, бактылуу болсун” деп токтотту.
«ЖАМАН БОЛСО ДА АТАМ...»
– Биздин үй-бүлөнү бузган адамдын жүзүн көргүм келди. Апама айтпастан, атамдын дарегин таап, ал жакка сапар алдым. Заңгыраган үйдүн алдына токтоп, дароо эле короосуна кирдим. Чоң эшик ачылып, ак жоолук салынып, ичи челкейген келин алдыман чыкты.
– Сенсиңби Жаркын?
– Ооба.
– Мен сенин күйөөңдүн уулумун. Бирөөнүн каргышынан коркпосоң да, Кудайдын каарынан коркпойсуңбу?..
– Эмнеге мен коркот экенмин?! Ар бир адам өзүнүн бактысы үчүн күрөшүшү керек. Мен сенин атаңды зордоп жашаткан жокмун, өзү келди. Жакында уулдуу болот...
– Кайсы бетиң менен сүйлөп жатасың? Атам сендейлердин далайы менен жүргөн. Бир күнү болбосо бир күнү сени да таштап кетет...- деп сөзүмдүн аягына чыккыча Жаркынай жулунуп келип мени чаап ийди. Андайга мен да чыдабадым, эки-үч жолу аны жаакка тартып алдым. Аңгыча дарбазадан атам кирип келип:
– Токтот! Биз баарын апаң экөөбүз чечип койгонбуз... Кет, чыгып кет!- деп кыйкырды.
– Мен сени жек көрөм! Жек көрөм! Мен үчүн өлдүң!- деп короосунан чыгып кеттим. Ошол учурда мен өзүмдү башкара албай кеттим. Жашоо ушу менен бүтсө мейли, мындай ата менен бир жашоодо жашагыча, өлгөнүм артык деп аң-дөңгө карабай машинамды айдап бара жаттым. Ал окуумду аяктаганымдагы атамдын белеги эле, аны талкалап жок кылгым келди. Ыйлап баратып бакты сүзгөнүм эсимде.
Реанимация... Ызы-чуу, апамдын ыйы кулагымдан кетпей жатты. Атамдын үнү угулгансыды, бирок эч кимди көргөн жокмун. Катуу сүзгөндүктөн, эки көзүм тоодой шишип, кара-көк жаап калыптыр. Кудай сактаптыр, аман калдым. Ооруканада эки ай жаттым. Көп нерсени ойлондум. Канча жаман болсо да ал менин атам. Ооба, башкага кетти, бизди таштады, бирок бизди чанган жок. Каралашып, таарынычыбызга карабастан бизди айланчыктап жүрөт. Ооруканага канча келип, кечирим сураса да мен кабыл албадым. А бирок жүрөгүмдө аны эбак эле кечиргем. Жанына барып, көзүн карап айта албасам да, ичимден сызып, кечирим сурагым келет. А балким, атам чын эле сүйүүсүнө жолуккандыр. Акыры атамды түшүнүп, кечирим сурап, жан дүйнөмдөн түнөк таап алган таарынычтан арылам деп ишенем. Ата, сен дагы мени кечир...
Дастан
Мальвина Уметбекова
lira@super.kg