«ТАМАШОУго» БИЛЕТСИЗ КИРҮҮ – ДЕН СООЛУККА ЗЫЯН!

Спорт Ордосу 4 күн катары көрөрмандарга толуп турду. Бири “Супер-Инфо” гезитинин жыйынтык концерти болсо, экинчиси адатка айланган “Тамашоу” долбоорунун чейрек финалы болду.

"Ак кеме"

Эрежеге ылайык, 19 команданын ичинен эң мыкты делген 12 команда жарым финалга жолдомо алып, калгандары оюндан “учуп” кетишти. Оюн “карапульки”, “ким тапан?” жана “фристайл” тапшырмаларынан туруп, күчтүүлөрү ордун сактап калышты. Эмесе, оюндан жаралган кызык тамашалардан бир шиңгил.

КАРАПУЛЬКИ
(ырларга пародия)

Вечеринкага барган кыздарга арналат: (Тата Улан, “Карындаш”)
Бул вечерге барган кызды,
Кудай өзү кечирсин.
Сүйүнчүсүн өзү кармап,
Ката сенден кетпесин.
Деп айтчу эле аяш авам,
Күндө мээңди жегендей,
Сен укпадың аяш авамды,
Майли-майли дедиң сен.

“КГБ”

(Айнура Салахидинова, “Арман”)

Аккан суум акпай калды,
Ташиев өтпөй калды.
Роза эжем эркек экен,
Кыргызстандан качпай калды.

(Мирлан Баеков, “Ата тилеги”)

Бой жеткен кезде боёндуң, кызым,
Апаңа айтпай ойнодуң, кызым,
Байыраак жигит жолугуп калса,
Ойлонбой туруп эле тие бер, кызым.

“КГБ”

Атай Өмүрзаковго арналат:

Кичине Атайчик үшүбөйт кышта,
Анткени утуп алды 100 000 евро.

“Ак кеме”

(Мирбек Атабеков, “Таласым”)

Ак үйдү бойлоп баратсаң,
Мурутчан жигит жолугат.
Канбаган депутат баш болуп, ий,
Кеткиси, ай, келбейт, ай, Келдибеков.

“Ак кеме”

КИМ ТАПАН?

– Кыргызстанда ырчылар көппү же президенттикке талапкерлер көппү?
– Онусун биле албадым го, бирок Бишкекте оштуктар көп, точно.

No name

– Кыргызстанда ырчылар көппү же Мерген Турган көкпү?

“2-рота”

– Сулуулук дүйнөнү сак­тайт, Мотуевди эмне сактайт?
– Пудра сактайт, пудра.

No name

Г.Сатылганова:
– Эмне үчүн “Супер-Инфо” гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов экинчи катарда отурат?
– Ай, ата, эмне, жаныңызда отурган Бек байке жакпай жатабы? Анда алмаштырып албайсызбы?..

No name

– 1-катарда отурса көз тиет, артында отурса сөз тиет. Ортодо отурса ким тиет?

“Номад”, Алматы

– Тамеки чегүү – сиздин ден соолугуңузга зыян. Дагы кайсы министрлик эмнени эскертет?
– Спорт Ордосунун СБшниктери эскертет: “Тамашоуго” билетсиз кирүү – сиздин ден соолугуңузга зыян!

“Жигиттер”

– Маданият министрлиги эскертет: Фонограмма менен ырдоо – уят!

“Ак кеме”

Гүлжамал Бөрүкулова
tamasha@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Тамашоудон" репортаж: "No name" командасы чемпион! (1-күн)
"Тамашоудон" репортаж: "Жигиттер" командасы чемпион! (2-күн)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
BEKTUR AZHO
2011-12-27 01:46:33
No name азаматсынар ийгилик...
0
Elanda
2011-12-27 08:59:35
No name просто супер! Так держать! Только вперед!
0
rayflowerkg
2011-12-27 20:31:40
Sonun oyun korsotuwkon molodcy!!!
0
Elit
2011-12-27 20:31:52
Баарынар азаматсынар!
0
rayflowerkg
2011-12-27 20:33:09
ozgo4o Monika Belu44i jana NoName !!!
0
zulya
2011-12-27 21:24:52
бааары супер
0
molly
2011-12-28 03:35:56
Ха-ха билетсиз кируу точно зыян. Азаматтар!!!
0
Lux
2011-12-28 09:35:14
"Ак-Орго" Super!
0
№ 477, 23-29-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан