Украиналык “Шахтёр” футболдук клубу “Анык чемпиондор үчүн шоколад” деген аталыш менен өздүк маркадагы шоколад чыгарып, сата баштады. “Конти” кандитердик фабрикасы менен кызматташып, чыгарылган шоколадды клубдун негизги өңү болгон кочкул сары жана кара түсүнөн таанууга болот. Күйөрмандарга арналган шоколад Донецк облусунун бир катар шаарлары боюнча жана клубдун стадионунда сатылууда. Клубдун атын кошумча каражат булагы катары колдонууну каталондук “Барселона” жана лондондук “Арсенал” баш болгон бир катар футболдук клубдар байкап көрүшкөн. Бул көрүнүш стадиондордун базарга айланышы менен аяктабайбы?..