18-декабрда Японияда футбол боюнча клубдар аралык Дүйнө чемпиондугу аяктады. Ар континенттин чемпиондорунун катышуусундагы биринчиликти каталондук “Барселона” (2011-жылкы УЕФАнын ЧЛсынын жеңүүчүсү) жеңип алды. “Барса” финалда бразилиялык “Сантосту” 4:0 эсебинде жер каратып, Европада футбол күүгө келип турганын айгинелеп койду. Ошентип, каталондуктар бир жылдык тыныгуудан кийин кайрадан "Дүйнөнүн мыкты клубу" аталышты. Сыймыктануу менен айта жүрчү нерсе, финалдык оюнда мекендешибиз Бахадыр Кочкаров капталдагы калыстын милдетин аткарды. Анын өзбекстандык калыс Равшан Ирматовдун бригадасында экени маалым.