16-декабрда Ньон шаарында УЕФАнын ЧЛсынын жарым чейрек финалдык оюндарынын чүчү кулак таштоо аземи өттү. Анын негизинде табышкан 8 жуптуктун ичинен тең күчкө ээ жуптук деп лондондук “Арсенал” менен италиялык “Миланга” гана баа берилүүдө. Лига кышкы тыныгуудан кийин 14-15-февралда уланат.
ЧЛсынын тайпалык баскычындагы сенсацияларга токтобой өтө албаспыз. Андагы башкы окуя өткөн жылдын финалчысы, англиялык “МЮ” жана УЕФАнын Европа Лигасынын акыркы чемпиону, португалиялык “Портунун” тайпадан чыга албай, мелдештин эшигин эрте жапкандары болду. Жуптар төмөнкүчө:
“Лион” (Франция) – АПОЭЛ (Кипр)
“Наполи” (Италия) – “Челси” (Англия)
“Милан” (Италия) – “Арсенал” (Англия)
“Базель” (Швейцария) – “Бавария” (Германия)
“Байер” (Германия) – “Барселона” (Испания)
ЦСКА (Орусия) – “Реал” (Испания)
“Зенит” (Орусия) – “Бенфика” (Португалия)
“Марсель” (Франция) – “Интер” (Италия)