Бул жолку коногубуз айтылуу балбан, маркум Раатбек Санатбаевдин уулу Бексултан болду. Атасынын жолун жолдоп күрөш менен машыга баштаган Бексултан ачык, шайыр мүнөз экен. Телефон аркылуу ди-джейдей эле сүйлөп жаткан ал маектешүүгө келгенде жоошуй түшүп, өзүн токтоо кармап отурду. Айласыздан апасы Сайра эженин “Бексултан өтө түнт. Кантип маектешер экенсиң...” деген тамашасы эске түштү.
САНАТБАЕВ БЕКСУЛТАН РААТБЕКОВИЧ
Бексултанды маекке чакырганыбызда айткан убактысында келди. Суроо узата элегибизде өзү кеңсебизге “интервью берип көргөн эмесмин, оңой эле болобу? Уялчаакмын, кантип сүйлөп берем?” деген суроолорду бергенге жетишти. Демин басып, маектешип баштаганда эле “машыгууга бармакмын. Эртерээк коё берсеңиз жакшы болот эле” деди тамашалап. Ошентип, маегибиз тамашадан башталып, жылмаюу менен аяктады.
– Бексултан, баштала электе кетем дедиң го...
– Тамашалап жатпаймынбы. Интервьюга башка убакыт таппайм да баары бир. Азыр шашпай маектешип, анан кетейин. Анын үстүнө машыгууну деле жаңы баштадым. Кечиксем кечиримдүү эле болуш керек.
– Жаңыдан машыгып баштадым?.. Сени көптөн бери машыгат деп уктук эле...
– Ооба. Грек-рим күрөшү менен машыгып баштаганыма эки эле ай болду. А мурун эки жарым жыл бокс менен машыккам. Мелдештерге катышып жүрүп, быйыл башымдан жаракат алып калдым. Апамдын кеңеши менен боксту таштадым.
– Анан күрөштү тандадыңбы?
– Боксту таштагандан кийин бир спорттун түрү менен машыкпасам болбойт экен дедим. Көнүп калыптырмын, такай машыгууда жүрүп. Анан өзүм кызыккан грек-рим күрөшүн тандадым. Бир чети "атамдын жолун жолдоп атактуу балбан болсом" деген ой келди. Азыр күрөш жагып эле жатат. Жумасына үч жолу эки жарым сааттан машыгам.
– Атаң тууралуу сөз болуп калды. Раатбек мырзаны көпчүлүк мыкты балбан катары эстен чыгарбайт болуш керек. Сенин эсиңде эмнеси менен калды?
– Билбейм, анда кичинекей болчумун да. Айткан сөздөрү эмес, эмне деп эркелеткенин да эстей албайм. Айрым кыймылдары эле көз алдыма тартылат. Азыр видеотасмалардан көргөндөрүм эске келип жатат. Баса, атам мени ээрчитип алып футбол ойногонго барган. Мен майдандын четинде отуруп тургам.
– Апаң айтып калат болуш керек, атыңды ким койгон, кимге окшошсуң?
– Айтып калат, ооба. Атымды чоң энем коюптур. Атам менден кийинки инимдин атын койгон экен. Анан да иним менен карындашымды атама, мени апама окшоштурушат.
– Раатбек аганын киши колдуу болгону маалым. Жек көрүү сезимдери болсо керек...
– Албетте, ал сезимдер кантип унутулсун.
– Аяш аталарың менен байланышып турасыңбы? “Раатбектин уулу экен” деп өзгөчө мамиле жасагандар болобу?
– Ооба, катташып турабыз. Атама чогуу куран түшүрүп дегендей. Атамдын атына карап өзгөчө мамиле жасагандар деле бар.
– Бир кезде Раатбек мырзаны кумир тутуп жүргөн балдар учурда даңазалуу балбан болушту. Алар менен алака барбы?
– Жок. Көрүшкөн жерден саламдашабыз. Эч бир балбан менен жеке мамилем жок.
– Алыскы жана жакынкы максаттарың менен бөлүшө кетсең...
– Жакынкы пландарым, окуумду бүтүп, өз кесибим боюнча жумуш тапсам дейм. 2 жылдан кийин бүтөм окуумду. Орто билим менен иштөөгө болот да. ЖОЖго сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып коюп иштей берем го. Кийинчерээк жеке бизнесимди ачып, өз алдымча болсом деген ой бар. Спортту таштагым келбейт. Буюрса, алдыда бул тармакта да ийгилик күтүп тургандыр.
– Өткөөл куракты башыңдан өткөрүп жатасың. Үйгө токтобой калдыңбы же?
– Жок, көчөгө деле чыкпайм. Үйдө жылуу- жумшак отурганга не жетсин. Кээде балдар менен эс алып, кафелерде көңүл ачканыбыз болбосо, үйдө эле отурабыз.
– Азыр кимдер менен жашайсың?
– Азыр апам, таенем бир туугандарым болуп жашайбыз. Апам убактылуу үйдө. Иним, карындашым үчөөбүз тең окуйбуз. Кечинде баарыбыз чогулуп калабыз.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg